Өсүмдүк жана айлана-чөйрө
Өсүмдүк жана айлана-чөйрө
Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги үчүн белгилүү бир шарттар зарыл. Ал эми тиричилик шарттары жаратылыштын ар кандай факторлорунун таасирине жараша болот. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жансыз жаратылыш факторлору: жарык, суу, температура, минералдык туздар. Эң маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктөргө ошондой эле жандуу жаратылыш факторлору ар түрдүү тирүү организмдердин, анын ичинде кишинин да иш аракеттери таасир тийгизет
Жарык өсүмдүктүн тиричилиги үчүн зарыл. Ансыз хлорофили пайда болбойт жана фотосинтез өстүрбөйт. Жарык өсүмдүктүн кадимкидей өсүшү үчүн керек. Караңгыда өскөн өсүмдүктөр узун жана агыш болот.
Жылуулук да өсүмдүктөрдүн тиричилиги үчүн керек. Алардын бирөө жылуулукту сүйөт, башкалары тескерисинче суукка абдан чыдамдуу келет.
Суу өсүмдүктөргө керек. Ал ар бир тирүү клетканын цитоплазмасынын жана клетка суюктугунун составына кирет. Суу болсо өсүмдүк боюнча азык заттар жыла албайт, фотосинтез жүрбөйт, буулануунун натыйжасында өсүмдүк өтө ысып кетпейт. Ар кайсы өсүмдүктүн сууга болгон талабы ар кандай болот.
Өсүмдүк дем алганда абдан кычкылтекти сиңирип алат, ал эми фотосинтез убагында көмүр кычкыл газын сиңирип алат.
Минералдык заттар өсүмдүккө топурактан келет, бирок өсүмдүккө алардын ичинен көбүнчө азот, фосфар жана калий баарынан көбүрөөк керек. Өсүмдүккө бор, марганец, темир абдан аз өлчөмдө керек.
Андан башка өсүмдүккө алардын айланасындагы тирүү организмдер –жаныбарлар, башка өсүмдүктөр жана микроорганизмдер таасир этет.
Өсүмдүктөр өз кезегинде, айлана-чөйрөгө да таасир этет. Алар абанын составын өзгөртөт: аны нымдайт, көмүр кычкыл газды сиңирип алат да, кычкылтекти бөлүп чыгарат.
Өсүмдүктөр топурактын составын өзгөртөт. Алар абдан бир затты соруп алып, ага башка бир затты аларга бөлүп чыгарат.