Кирүү

Өлкөнүн чоң байлыгы - суу

Өлкөнүн чоң байлыгы -суу

Кыргызстанда майдачоң болуп эки миңдей көл бар. Алардын көбү адам оңойлук менен жетпеген тоо баштарында. Ошол көлдөрдөн суулар башталат. Көлдөрдө муздар агып , жүргөнүн,суусунун абдан муздактыгын айта кетүү керек, муздактыгынан көбүндө балык да жашай албайт.

3000 өзөн,суу бар. Кыргызстан өзүндөгү суунун 20% ын гана өзүнө пайдаланат да, калганы Өзбекстанга Аралга, анчамынча Кытайга, Казакстанга кетет. 14% суу электр энергиясын алууда колдонулат.

Нарын деген эң чоң дарыя бар. Узундугу 534 километр (куймасы Чоңнарынды кошкондо 807 километр). Андасуу сактагычтар жана суу электр станциялары салынган. Бирок али толук кубатта иштеген жок. Эгер булардын баары иштесе ; келечекте Кыргызстан электр кубатын сатып эле байымак. Азыр окумуштууларсуу запастарынын, мөңгүнүн азайып жатканын да айтышууда. Анын бирден бир себеби дүйнө боюнча аба температурасынын бир аз ысып кетиши, экинчиси, өнөр жайынын таасири, үчүнчүдөн Арал деңизинен шор туз учуп, мөңгүлөргө таасир этиши.

Кыргызстан булактары менен даңазаланат. Булактардын көпчүлүгү минералдык, адам организмине абдан жагым дуу. Мына ушулсууларды бөтөлкөгө куюп сатуу өндүрүшү азыр өнүгө баштады, бирок булсуулар азырынча Борбор Азияга гана чыгат. Муну дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө жеткирсе болор эле.

Ой-пикирлер