Кирүү

Музыкалык жанр жөнүндө түшүнүк

Музыкалык жанр жөнүндө түшүнүк

Жанр (франс. Gernre - тур, көрүнүш) - музыкалык чыгармалардын түрлөрү. Бул терминдин кеңири маанисинде ар кандай тармактагы музыкалык чыгармаларга колдонулат. Мисалы, симфония жанры ж.б. Жанрдын негизги тармактары ар түрдүү: опера жанры, чоң опера жанры, лирикалык опер жанры ж.б. симфониялык музыка жанрына: симфония, увертюра, сюита, симфониялык поэма ж.б., камералык музыкалык жанрына романс, соната, квартет ж.б. Жанр тигил же бул чыгармачылыктын мүнөзүнө жана аткаруучулардын манерасына карай жеке жанр жана жеңил жанр болуп бөлүнөт. Демек, жанр-музыкалык тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Музыкалык тектеринин конкреттүү тигил же бул ички бөлүктөргө ажыроосу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. Жанр доорго жараша музыкалык чыгармалардын өсүшү менен жаңыланып, өсүп турат.

Ой-пикирлер