Кирүү

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

жомокту айтышат: бирөө, бала чөөгүндөгү сууну оз колуна куюп корбой (мурда чабыштырып оттун боюна койгон чөөгүндү) барып суу куйганда, ал суу кайнап, ото ысык болуп калган болот. Аны дароо коноктун колуна куюп кол күйгүзүп салган.

Тиги улуу киши баланы жаакка бир шапат уруп, баланын колунан чөөгүндү ала коюп, кайра баланын колунун өзүнө куйганда жаагы тызылдап, колу күйгөн бала эстен кеткис тартипке жыгылган экен. Дагы бирөө, сууну эңкейип куйбай, отурган коноктун оозуна чөөгүндүн чоргосу кезелип калган болот. Анда ал конок балага колун сунбай, оозун ачып берип, уят кылган экен. Теги колго суу куюу тартибинде тартиптен тайгандар бата алмак түгүл, как эле ошол майданда жазасын тартып, элге сабак болорлуу окуяны сүйлөшүп жүргөндөр коп болгон экен.
Колго суу куюу жумушу кыргыздарда эң эле "сооптук" жумуш катары каралган. Анын сообу бата аркылуу тиет деген түшүнүк болгон. Ошого, колго суу куйганга берген бата ото ыкыластуу, берилгендик менен берилип, батанын мураттилегине жетүүсүн качан да болсо соз кубаты менен шыктандырып турууга тийиштүү болгон. Колго суу куйганда, шарт барабал астында, эр конокторго эркек балдар, ургаачыларга кыздар колго суу куюуну адат калыптанган көрүнөт. Андан бөлөк өзүнөн улуу жаштагы кишиге колго суу куйдурган. Сыйлуу коноктор да өзүнөн улуу киши колго суу куям десе, аянып, ыйбаа меен ынабайт. Ошого колго суу куйгузган кишини эстүүлүк менен кичүү кишилерден койгон жон.

Кыргызда үй ээсинин эстүүлүгүн колго суу куйдуруу тартибинен эле конок ичинен акырын баалай турган. Кадыресе мына ошентип, үй ээсинин тарбия көрүү деңгээлин бир гана колго суу куюу өтмөлүгү менен сынап ташташкан.

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Ой-пикирлер