Кирүү

Кыргыз элинин улуу мурасы

Советтик патриотизмдин улуу идеяларына, элдердин достугунун, интернационализмдин идеяларына өткөндөгү чындык болмуштар жөнүндөгү билимдердин, биздин өлкөбүздүн биз мыйзам ченемдүү сыймыктана турган тарыхы менен маданиятынын бардык байлыгы ачылып көрүнө турган фактылардын негизинде тарбияланат. Эл өзүнүн тарыхын, ата-бабаларынын эрдигин, маданий асылдыктарын, өзүнүн эл аралык байланыштарын билүүгө тийиш. Тарыхтан ал сыймыктануу сезимин сузуп алат, тарых — атак-даңктын, мыкты каада-салттардын булагы. Элдин тарыхы маданий байланыштар жана аскердик союздар менен канчалык көбүрөөк каныккан болсо, чет элдик баскынчыларга каршы күрөштөр канчалык көбүрөөк көрүнүштөргө ээ болгон болсо, элдин турмуштук күчү ошончолук бекем, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү ошончолук бийик, мүмкүнчүлүгү да ошончолук кеңири болот.

Ушундай элдерге кыргыздар да таандык. жомокчулары үчүн үлгү болгон. "Шах-намэ" маданияты Чыгышты карай тарап, талаадагы айылдарга жана тоолуу конуштарга өзүнө жол ачкан. Кыргызстандын шаарларында Мавераннахрдын маданиятынын добушу угулуп турган. 1069-ж. байыркы Кыргызстандын башкаруучусу үчүн Баласагундук Хажиб Жусуп ыр менен жазган акыл-насыят айткан чыгармасы "Кудатку Биликте" да "Шах-намэнин" үлгүлөрү, "Саясат-намэ" деген ат менен падыша үчүн насыят иретинде жазылган чыгарманын автору, селжук увазири Низам ал-Мүлктөн кабыл алынган акылман насааттар угулат.

Бул жакка, Кыргызстанга, исламга чейинки Орто Азиядагы досторуна Борбор Азиянын көчмөндөрүнүн эркиндикти сүйгөн тукумдары — түндүк гуннулар байыртадан эле агылып келип турган, алар Чжи-Чжинин жетекчилиги астында өздөрү менен кошо Енисей кыргыздарын да ала келишип, бул жерде көчмөн уруулардын эч кимге көз каранды болгусу келбеген эркин дүйнөсүн түзүшкөн.

Мында, Тянь-Шанда, эркиндикти сүйгөн согдулуктар да келип башбаана тапкан, алар баскынчыл арабдарга багынуудан баш тартышып, күрөштөн кийин Чу өрөөнүнө агылып келип, бул жакка Согду маданиятын жана душманга карата болгон жек көрүүчүлүктү кошо ала келишкен, алар ушунусу үчүн ислам сарай тарыхчылары — Нершахи, Нахшеби жана башкалардын кыжырын келтирип, эркиндикти сүйгөн бул адамдарды "зиндиктер" деген жек көрүмчү лакап ат менен аташкан, б.а. исламга ишенбеген адамдар деп эсептешкен. Мында, көз каранды эместик үчүн күрөштүн салты жашап жана үстөмдүк кылып турган, бул салт мусулмандашкан, Жейхун (Аму- Дарыя) менен Сейхундун (Сыр-Дарыянын) аралыгындагы Мавераннахрда да өчүп калган эмес.

Бул салттын жандуулугун далилдеген көрүнүктүү фактысы катарында 1238-ж. Бухаранын чет-жакасындагы көтөрүлүштү көрсөтсө болот, кол өнөрчү Тараби шаар кедейлерин "кандуу саздын эзүүсүнө" — Чынгыз-хандын жер жайнаган аскерлерине каршы күрөшкө көтөрүп чыгат. Тарабинин каршылыгын Хорезм да колдойт, бул күрөштүн даңкын жеңилбес Желал ад-Дин андан ары улантып, Каспийдин жээгинде

сүргүндө жүрүп каза табат, бирок өмүрүнүн акырына чейин ал гүлдөгөн аймакты тебелеп-тепсеген, шаарлар менен кыштактарды кыйраткан, балдар менен кары адамдарды кырган моңгол атчандарына каршы колунан куралын түшүрбөй күрөшөт. Мындай кыйроолор хикмат Шахид Балхинин ырлары сыяктуу философиялык-үмүтсүздүк маанайды жараткан, ал мындай дейт: "Эгерде кайгы-муң оттун түтүнү болсо, анда дүйнөнү түбөлүк караңгылык чулгап турган болор эле". Бирок эл бактыдан, эркиндиктин келеринен үмүт үзгөн эмес, анда күрөшкө болгон ынтызарлык жашай берген.

Самарканда 1365-ж. шаар калкынын көтөрүлүшү Орто Азияда моңголдордун үстөмдүгүн жок кылат. Сербердарлар — "дарга асылгандар" өкүмдарлар Чыңгыз менен Чагатайдын тукумдарына сокку уруп, Тянь-Шан кыргыздары — "Могулстандын жапайы арстандары" моңголдордун династиялык тамырларын кыя чаап салып, урандылар менен күлдүн астында калган шаарлар менен кыштактарды кайра жараткан сыяктуу сербердарлар да моңгол бийлөөчүлөрүн кулатышкан. Кан менен жуулган жерде Орто Азиянын Тимурдун ысымы жана анын тукумдары менен байланышкан маданияты андан бетер гүлдөп-өсүп чыгат, бул маданиятты өлкөнүн теңдешсиз күчкө, өлбөс-өчпөс рухка ээ болгон эли өз колу менен жараткан.

Дал ушул эл XIV—XV кылымдардын залкар курулуштарын тургузуп, Самаркандын регистанындагы медресени көгүлтүр изразецтер менен жаап, Шахи-Зинда курулуштарынын оймо-чиймелүү комплексин жараткан; дал ошол эл Казакстандын талаасындагы, көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү курулушту — Кожо Акмат Ясевинин мечитин, Таласта Кенизек-Хатундун күмбөзүн жараткан, баатыр Едигенин образын Алтын Ордодогу чынгызилердин тукумдарына — Токтомушка каршы күрөштүн идеалына айландырган, дал ошол эл Навоинин поэзиясын шыктандырып, асыл заада Алпамыштын жана анын колуктусу Борчиндин фольклордук образын түзүп, ошол замандын эң улуу аалымы, астроному жана акыны Улугбектин чыгармачылыгына угут берген.

Ошол эле эл өз чөйрөсүнөн эркиндик жана көз каранды эместик үчүн күрөштүн жол башчыларын көтөрүшкөн. Чыгышта моңголдорго каршы ханзаада Желал ад-Дин менен кол өнөрчү Тараби көтөрүлүш чыгарганда, ошол эле жылдарда моңголдорго жана Тевтон орденинин "дөбөт-рыцарларына" каршы орус жеринин баатыры Александр Невский кол баштап чыккан. Самарканда моңголдордун тукумдарына каршы күрөшкө ураан ташталганда, Тянь-Шанда аларга каршы кыргыздар да көтөрүлүп чыгып, Казакстандын талааларында эл баатыры Едиге Алтын Ордонун башкаруучулары менен салгылашып жатканда, ошондо Куликово талаасында Дмитрий Донской Мамайдын жер жайнаган колун талкалап жаткан эле. Биздин өлкөбүздүн элдери орус падышачылыгына каршы күрөшкө, Емельян Пугачев менен Богдан Хмельницкийдин, Степан Разин менен Исатай Таймановдун көтөрүлүштөрүнө биригишкен.

Орус падышачылыгы Орто Азия элдерин чөгөлөтүп багындырууга умтулду, бирок каршылыкка учурады. Бул каршылык эзүүчүлөргө каршы, кокондук деспотторго жана орус чиновниктерине каршы жалпы каршылык көрсөтүүгө айланган. 1873—1874-жж. Ферганадагы көтөрүлүштө, 1875—1876-жж. Кокондогу көтөрүлүштө, 1898-ж. Анжыян көтөрүлүшүндө күрөштүн баштоочулары — кыргыздар менен бир катарда туруп, казактар менен өзбектер да салгылашкан.

Фергананын көтөрүлүшчүлөрү 1816-жылдан 1907-ж. чейин жашаган, эркиндик үчүн ондогон даңктуу күрөшчүлөрдү тарбиялаган Курманжан датканын образы шыктандырган, алардын арасында, кокон көтөрүлүшүнүн жетекчиси, кыргыз Пулатханга окшоп, Курманжан датканын уулу Абдулла1324 бир кыйла туруктуулук жана элдешпестик менен күрөшкөн. Кыргыз элиндеги күрөшкө болгон чечкиндүүлүктү жана эркиндикке болгон түбөлүк ишенимди акын, улуу агартуучу Токтогул тарбиялаган, ал өзүнүн чындыкты кашкайта айткан ырлары менен жергиликтүү жана чет жерлик ар

кандай эзүүчүлөргө каршы элдин каарын чагылгандын отундай чагылтып көрсөткөн. Дал ушул Токтогул 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин чындыкты бетке айтып, сөзү менен да, иши менен да күрөшкөнү үчүн, эшендер менен манаптарды ашкерелеп ырдаганы үчүн Сибирге айдалат:

Ырда дедиң өзүмдү, Тыңшагыла сөзүмдү. Чындыкты айткан калысмын, Кошоматтан алысмын. Каракчылар келди жаңы алыстан Элдин канын сормоко, Кедейлерди кайрадан батырмака муң-шорго.

19 к. аягындагы көтөрүлүштөр салгылашууларга машыктырып, элдин душманга каршы каарын, кулчулукка каршы жек көрүүчүлүгүн күч алдырды. Күрөштөрдүн бул башталыш этабы Каспийден Ысык-Көлгө чейин, Түркмөнстандан Казакстанга чейин каптаган, 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылында аяктайт, бул күрөштө Түндүк Кыргызстан менен Казакстан алда канча жигердүү чыгат. Амангелдинин залкар турпаты өсүп чыккан Тургай талааларынан кыргыздар баатырдык менен салгылашкан Боом капчыгайына чейин карапайым калың эл эзүүгө жана ээн баштыкка каршы көтөрүлүп чыккан. Августта башталган бул күрөш күчтөрдүн теңсиздигинен улам ошол эле 1916-яс. августуна карата байкалаарлык басаңдап калат. Ал каалаган натыйжага алып келе алган эмес, анткени анда жумушчу табы жетекчилик кылган эмес, анын башында дыйкандарды, алардын ичинде орто азиялык дыйкандарды да эркиндиктин жолуна алып чыгууга бирден бир жөндөмдүү болгон коммунисттик партия турган эмес.

Орто Азия элдери орус элинин жардамы жана коммунисттик партиянын жетекчилиги аркасында гана эркиндикке жеткен. Москва жана Петроград Кышкы сарай менен Кремлде кызыл тууну көтөргөндө, орус жумушчулары жеңгенде, билерман орус кол башчысы Михаил Васильевич Фрунзе Орто Азиянын контрреволюциячыл күчтөрүнө каршы колду баштап чыкканда, анын эли миңдеген жылдар бою кол жетпей келген эркиндикке жетишип, Октябрдын жеңиштерин бекемдеп кала алышкан.

Орто Азия элдери Казакстанда Анненковго, Ферганада Мадамин бекке каршы, Түркмөнстанда Жунаид ханга жана Тажикстан менен Өзбекстанда Ибрагим бекке каршы, интервенциянын көптөгөн бандаларына жана баш кесерлерине каршы күрөшкө чыгышат. Алар таман алдында Бухара эмиринин кылычы жаткан, ак гвардиячылардын бандалары менен басмачылардын шайкалары бет багып, туруштук бере албаган М. В. Фрунзенин артынан ээрчишти. Алар Орто Азияда Куйбышевдин, Казакстанда Фурмановдун, Түркмөнстанда Полторацкийдин артынан ээрчишти.

Орус революционерлери Орто Азиянын элдерин эркиндикти кандайча сүйүү керектигине үйрөтүштү, орус коммунисттери ал эркиндикти кантип жеңип алууну үйрөтүштү. Ушул биргелешкен күрөштө СССР элдеринин, түпкү тамыры байыркы замандарда жаткан достугу жаралды. Ушул күрөштө кыргыз эли өзүнүн улуу мурасына ээ болуу укугун жеңип алды, бул мурастын гүлдөп-өнүгүшү ошол эле СССР эл- деринин достугуна милдеттүү...

Перс автору Абу Саид Абдаллах ибн-Захак Гардизи тарабынан 1050—1052-жж. жазып алынган жана анын "Зин ал Хабар" ("Кабарлардын бермети") эмгегине басылган бир кыргыз уламышында кыргыздар менен славяндар туушкан эл болору, а түгүл кыргыздардын башчысынын теги славян экендиги жөнүндө айтылат. Бул пикирди далилдөө үчүн уламышта өтө эле фантастикалык жүйөлөр келтирилет.

Кылымдар, дээрлик миң жыл, тагыраак айтканда, тогуз жүз токсон бир жыл өттү, "жомок чындыкка айланды". Кыргыздар менен орустар бир тууган элдер болуп калышты. Бул туушкандык революциялык күрөштөрдө кан менен бекемделип, Улуу Ата Мекендик согуштун салгылаштарында ыйык сезимге айланды.

Ой-пикирлер