Кирүү

Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү

Кыргыздарда айтышуу ыкмасында аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун үч жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы эки – үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фолькор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалак чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр – күүлөрдүн мындайча таралышы элдин музыкалык аң – сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышынын жана музыкалык речтин эркин импровизация ыкмасын шарттаган. Ал эми импровизациялуулук болсо музыкалык материалды берүүнүн мүнөзүн аныктаган. Ошентип, ал теманы өнүктүрүүнүн кайталоо – вариациялык тиби деген атка ээ болду.

Кыргыз эл музыкасы обону, ладдык жана метроритмдик касиеттери жагынан европа музыкасына жакын келип, мажордук ыңгайдагы ладдар өзгөчө кеңири тараган.

Ой-пикирлер