Кирүү

Кылым карыткан - кыргыз тили

Кылым карыткан - кыргыз тили.

Кыргыз тили - кыргыз элинин улуттук тили. Чыгыш теги боюнча түрк тилдерине кирет. Буга чейинкыргыз тили көбүнчө оозеки формада гана колдонулуп келди. Кыргыз элинде тээ илгертен эле кат тааныган айрым адамдар болгон.

Кыргыздар пайдаланган азыркы алфавитке чейин бир катар башка жазууларды колдонуп келишти. Тарыхый маалыматтарга караганда, алар байыркы түрк урууларына таандык болгон Орхон-Енисейлик рун жазмасын колдонушкан. Андан соң араб, латын алфавиттерине негизделген жазууга ээ болушту. 1940-жылдан баштап азыркы колдонулуп келе жаткан алфавитке өтүштү.

1989-жылдын 23-сентябрындакыргыз адабий тилине "Мамлекеттик тил" деген бийик статус берген атайын мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрүүнү, кыргыз тилин түбөлүккө сактап калууну көздөйт.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен,Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Рес­публикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

Эгерде айыпкер сот иши жүрүп жаткан тилди билбесе, анда ага эне тилде сүйлөө же тилмечтен пайдалануу укугу берилет.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу.

Тил - улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил - улуттук ру­ханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили -кыр­гыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекеттик, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат.

Мамлекеттик кыргыз тил - улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.

Ой-пикирлер