Кирүү

Көчөт

Көчөт - багбанчылык, жашылчачылык, мөмөчүлүк жана башкаларда көчүрүп отургузуу үчүн атайын өстүрүлгөн жаш өсүмдүктөр. Ачык аянтка отургузулуучу жашылча көчөттөрү парник же жылытылмада өстүрүлөт. Бадыраң, томат жана башка жашылча көчөттөрүнө электр кубаты менен кошумча жарык берилет. Мындай учурда өсүмдүк 7-15 күн эрте мөмө байлап, түшүмдүүлүгү жогорулайт (мисалы, бадыраңдыкы 15-20% га, томаттыкы 20-30%-га). Эрте жетилүүчү ак жана түстүү капуста, бадыраң, томат, баклажан, калемпир көчөттөрү карапа идишке өстүрүлүп, аларды жабуу үчүн ар кандай плёнкалар (полиэтилен, поливинилхлорид жана башка) колдонулат.

Плёнка менен жабылуучу жайларда көчөт өстүрүүдө температура режимине, абанын нымдуулугуна өзгөчө көңүл буруу керек. Өсүмдүктү көчөтүнөн өстүрүү анын ачык аянттагы вегетация мөөнөтүн кыскартат; вегетация мезгили узак, баалуу сорттогу өсүмдүктөрдү жайы кыска аймактарда өстүрүүгө, эрте түшүм алууга жана башка мүмкүндүк берет. Жакшы көчөт өстүрүү үчүн топурактын таза болушу, илдет менен зыянкечтерге каршы дары чачуу, имараттын жакшы желдетилиши, абанын өтө нымдуу болушу зарыл.

Ой-пикирлер