Кирүү

Кан айлануу системасы

Кан айлануу системасы - жаныбарлар менен кишинин организминде кан айлануучу кан тамыр жана көңдөйлөр системасы. Омурткалуу жаныбарлардын жана кишинин кан айлануу системасы татаал түзүлүштө. Малдын кан айлануу системасы жүрөк жана жүрөктөн канды алып кетүүчү артерия, ошондой эле канды жүрөккө алып келүүчү вена кан тамырларынан турат. Артерия менен веналар өз ара өтө ичке кан тамырлар - капилляр торчосу аркылуу байланышат. Жүрөк - канды айлантуучу, булчуңдуу орган. Ал 4 камерадан: оң жана сол карынчадан, оң жана сол дүлөйчөдөн турат.

Оң карынчадан кан өпкө артериясы, сол карынчадан толто аркылуу чыгат. Толтонун жүрөктүн сол карынчасынан чыккан жери догоо деп атальш, андан жүрөк кабынын ичинде оң жана сол коронардык артерия бөлүнүп чыгат. Толто жүрөк кабынан чыккан жерйнен жалпы каруубаш тармагына бөлүнүп, ал түрдүү кан тамырларга: кан менен моюнду, башты жабдыган күрөө артерияларына, алдыңкы буттарга кан жеткирген омуроо артерияларына, жүлүндү жана бир аз өлчөмдө мээни кан менен камсыз кылган омуртка артерияларына, көкүрөктү, моюнду кан менен жабдыган кабырга-моюн артерияларына ажырайт.

Жетим арканын түбүнөн толто артка кайрылып, уча көңдөйчөсүнүн кире бериш жерине чейин жетип, жамбаштын ички жана сырткы артерияларына бөлүнөт. Толтонун көөдөндүн ичинде жаткан бөлүгү - көөдөн толтосу, курсак көңдөйүндөгүсү - курсак толтосу деп аталат. Баштан жана моюндан кан күрөө венасына, алдыңкы буттардан - колтук венасына, арткы буттардан - жалпы жамбаш венасына, ичеги-карын-дан - капка венасына чогулат. Канаттуулардын кан айлануу системасы малдын кан айлануу системасына окшош келет (жүрөктүн түзүлүшү жана кан тамырлардын узундугу менен жалпы санынан башкасы).

Ой-пикирлер