Кирүү

Эне-тил болбой, эл болбойт

Эне-тил болбой, эл болбойт. Азыр дүйнө абдан чоң болгонуна карабай, компьютер байланышы күчөп, интернет желелери жалпы ааламды арал ап турат. Жаңылыктар упгунчалык көп. Ошол ааламдашуу жүрүп жатканда тилдер да бирибирине таасир тийгизип, бирин бири колдонуудан чыгарып сүрүп турат. Адамзаттын тарыхы ошондой жоголгон өлүү тилдердин эченин билет. Ушул учурда да эчен тилдер өлүп баратат. Алардын ичинде кыргыз тили жокпу деп ойлойсуң. Себеби бул тил да аз колдонулат. Өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй боорунда. Айрым адамдар кыргыз тили илимди камтый албайт, мамлекеттин тили боло албайт дешет.
Жок, андай эмес, кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Жалпы түрк тилдеринин башатын изилдеген Кашкарлык Махмуттун "Түрк тилдери жыйнагы" деген китебиндеги көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдонулуп келет. Байыркы ОрхонЭнесай таш жазууларын окуй келгенде да азыркы биз пайдаланган сөздөр учурайт.
Дүйнөдө кайталангыс ири чыгарма болгон "Манас" да кыргыз тилинде жаралган. Эгер кыргыз тили жарды болсо ушундай чоң байлык ошол тилде жаратылат беле? Же болбосо биздин төкмө акындардьга айтьпп өнөрүн абройлуу ЮНЕСКО уюму кайталангыс өнөр катары баалады. Эгер кыргыз тили жарды болсо акындар айтышып жатып, мурда жаттабай ушунча уйкашкан, мааниси дал келген сөздөрдү таба алат беле... Же манасчылар улуу дастанды айтып жатканда жамгыр, кар, борошого карабай аны уга берген, ооруп жаткан адамдарды да манас айтып, сөздүн керемет күчү менен дарылашкан. Манасты бир тынбай бир нече суткалап айтышчу экен. Бул кыргыз тилинин байлыгы болбой эмне?

Тилди сактоо бул элди сактоо, мамлекетти сактоо.
(М.А.)

ТИЛ ӨМҮРҮ ЭЛ ӨМҮРҮ
Кыргыз тили байыркы тилдердин бири. Анткени тил өмүрү эл өмүрү. Эгер кыргыз этнониминин өмүрү эки кылымдан ашык убакытка тете болсо, бул мезгил кыргыз тилинин да өмүрү.
Тил ар бир улуттун негизги улуттук белгилеринин бири. Кыргыз элинин улуулугу кылымдар бою өзүнүн улуттук тилин сактап келгендигинде. Бул жөнүндө көркөм сөз чеберлеринин бири Н.Байтемиров мындай ыр жазган:
Кыргында далай беттешип, Кыргыздар нени көргөн жок. Кырылып көбү өлсө да, Кыргыздын тили өлгөн жок. Кылычын кайрап от чачып, Кызыгып кимдер келген жок. Кыргында жанын берсе да,

Ой-пикирлер