Кирүү

Бор кычкылы

Бор кычкылы , H3BO3 - үч негиздүү күчсүз кычкыл; суусуз, кабыкча түрүндөгү түссүз кристалл. Табиятта ысык булактарда кездешет. Муздак сууда начар, ысык сууда жакшы эрийт. Бор кычкылынын туздары бораттар деп аталат. Бактериялардын өсүүсүн токтотуучу касиетке ээ. Негизинен бораттарга күкүрт кычкылы (H2SO4) менен таасир эгүүдөн алынат. Бор кычкылы буфердик эритме даярдоодо, айыл чарбасында 2-4% дуу эритмеси конъюнктивит, кератит, эндометрит, вагинитте, 5-10% дуу майы экзема, конъюнктивитти дарылоодо колдонулат. Бор кычкылы себүү алдында үрөнгө да чачылат.

Ой-пикирлер