Кирүү

Балырлар

Балырлар - негизинен сууда өсүүчү жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүк тобу. 30 миңден ашык түрү бар. Чоңдугу микрон үлүшүнөн 60 сантиметрге чейин болот. Бир же көп клеткалуу, ошондой эле колониялуу өсүмдүк. Суунун түбүндө эркин же бир нерсеге жабышып (бентос) жана сууда калкып (планктон) өсөт.

Айрым түрлөрү нымдуу топурак, даракта жана кабыгында, таштын үстүндө кездешет. Жыныстык, вегетативдик жол менен көбөйөт. Балырлар көмүр кычкыл газын суудан сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен органикалык заттарды пайда кылат. Балырлардын кээ бир түрү желет (мисалы, деңиз капустасы). Балык жана башка суу жаныбарларына баалуу тоют. Күрөң балырдан тоют уну даярдалат.

Деңиз балырлары тамак-аш, жер семирткич жана кагаз өндүрүшү, текстиль, нефть жана химия өнөр жайында пайдаланылат. Йод, агар, витамин жана башка алынат. Бир катар балырлар космос кемесиндеги тиричилик системасынын компоненти катары сыналууда. Балырлар булганыч сууну тазалоодо, атеросклероз, эндокрин ылаңдарына жана башка ооруларга каршы дары зат катары пайдаланылат. Кыргызстанда харалар, диатом, жашыл, көк жашыл, эвглена жана пирофит сыяктуу түрлөрү өсөт.

Ой-пикирлер