Кирүү

Бака терек (уламыш)

Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын карыганда көргөн, кудайдан тилеп алган, мазар кыдырып, жер кезип жүрүп тапкан бир жалгыз көзгө басар уулу болуптур. Бирок уул ата-эненин тилегин, мээнетин ак табай адепсиз, айтканын кылган ээн чоку, ээн баш бала бо луп чоңоет. Күндөрдүн биринде үйдө отун калбай калгандыктан энеси уулуна жалыныпжалбарып жатып, токойдон отун алып келүүгө жөнөтөт Бала жолдо бара жатып, карыган ата-эне син каргапшилеп, жаман сөздөр менен сөгөт. Ошондо мындай каргыштан, адепсиз сөгүштөн кулагы уялганбы, кудай жубарымбектин басып бара жаткан жеринде колунбутун тырыштырып коет.

Тырышып калган бала кыймылга кел бей, жерге бакадай болуп жатып калат. Күн кечтеп калса да отундан кайтпаган баласынан каба тырланган ата кеч киргенде уулун издеп жөнөйт. Баягы жерге келип уулунун абалын көргөн ата ыйлапсыктап, эмне болгонун сурайт. Бирок, бала жалдырап эч кандай жооп кайтара албайт, атасы уулун жонуна көтөрүп үйүнө келет. Муну көргөн эне ботодой боздойт. Ошентип, бала төшөктөн турбай калат. Арадан бир жыл өтүп, баланын абалы начарлагандан на чарлайт, бирок оңолбойт. Дагы деле баштагыдай сүйлөбөйт, бакадай болуп жатканы жаткан. Карылыгы жетип, чалкем пир да катуу ооруп калат. Өзүнүн оорусунан, баласынын абалынан, күндө төккөн көз жаштан арыган эне кудайдан жалбарып суранат. Ээ, кудай, балам тирүү болуп тирүүнүн санында жок же өлүктүн санында жок. Минтип кыйнагыча алып тынсаңчы. Биз өлүп калсак уулубуздун көргөн күнү не болот, деп жа ратканга жалынып, жалбарат. Күндөгүдөй эле эрте туруп баласын караса уулу ордунда жок. Кемпир чалын тургузуп, экөө биринбири жөлөптаяп, сыртка чыгып карашса, үйүнүн дал маңдайында бир ийри дарак пайда болуп калыптыр.

Эне зар какшаган үнү кудайга жеткенин билип, жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтат. Ошондо баягы терекке басып келип, аны акырын сылап: Айланайын, бакадай балам, тирүүңдө өз ордуңду таба ал бай, кеч да болсо бир жерден байыр алыпсың. Мейли эми, тамырың өсүп, көбөйө бер. Жашыңда жакшылыгыңды эч кимге тийгизе албадың, эми көлөкөңө адамдарды тартып, аларга ыракат тартуула, көп жаша, деп батасын берет. Ошол күндөн упгул күнгө чейин бул терек "бака терек" аталып, өзүнөн өзү тамырлап көбөйүп, элге саябанын жаап келет.

Ой-пикирлер