Байдылда Сарногоев. Чалдын аялына
Чалдын аялына
Баа бербей жаштык чагына,
Ээ болуп байлык, малына.
Дүйнөдөн жыргап өтөм деп,
Тиерин тийдиң чалыңа...
Ооруса кээде абышкаң,
Өң-түсүн байкап, калып таң.
Ооз учун менен айтасың:
"Онолсоң жаным, айыксаң".
Ойношуң келсе үйүңө,
От болуп көзүн чачырап.
Ооруган чалга угузбай,
"Өлсөкен, — дейсиң, — батыраак".
Имерип келсе шум ажал,
Иргебейт жашты, карыны.
Өзүңдү билбейм... жүз жашка,
Чыгаргай эле чалыңы.
- Асан Жакшылыков. Бата
- Тоголок Молдо. Эшек менен булбул (тамсил)
- Токтогул Сатылганов. Энсеген элим аманбы
- Рамис Рыскулов. Сергектик
- Кыргыз жамгыры
Ой-пикирлер