Алыкул Осмонов. Неге кечигет (1942-жылдын жазына)
Эсимде... Бир жолу эмес, нечен ирет
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл... күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?
Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды,
Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,
Же биздин каршы келип бактыбызга,
Алсырап, жол жүрө албай чарчабады?
Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,
Келатып бир кырсыкка кезиктиби?
Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,
Же бизге таарынуунун белгисиби?
Эл жүдөп, жан-жаныбар арыктады,
Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?
Болбосо, ак иреңи сары болуп,
Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?
Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган...
Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.
Эмесе кечигүүнүн чын себеби:
Немецтин уулуу огунан жараланган.
- Касым Тыныстанов. Манас күмбөзү
- Асан Жакшылыков. Токтомамбет
- Тоголок Молдо. Ала-тоо
- Мидин Алыбаев. "Ак чүч!..."
- Омор Султанов. Бокс
Ой-пикирлер