Алыкул Осмонов. Мен кыргыздын акыны
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды,
Ушакчыдан: не кылам деп сурасам,
–Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачуу
Мен кыргыздын акыны!
Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү к ойсо керек атымды.
Ичи арамдан: не кылам деп сурасам,
Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңлүн куйкалачуу,
Мен кыргыздын акыны!
- Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен учурашканы
- Анатай Өмүрканов. Тоолор жана чоң атам
- Фронттогу Агаларга
- Айтсам сөздүн жөн-жөнүн
- Омор Султанов. Бокс
Ой-пикирлер