Манас Эсенкандын жиберген колунан эки жүз кишисин өлтүрүп, төөлөрүн жүгү менен талатканы

Айыбына Манасты
Ошол бурут бербесе,
Камчы сүйрөп киргиле,
Кызыталак буруттун
Как куйкасын тилгиле.
Чатак кылып минткиле,
Кызыталак буруттун
Бир бокчосун тинткиле.
Малын талап алгыла,
Ал буруттун башына
Бир балакетти салгыла.
Ордосун бузуп киргиле,
Одураңдап баратса
Баса калып буруттун
Куйкасын каршы-терши тилгиле.
Төбөсүнөн баскыла,
Төрт түлүк малын чачкыла,
Айтканыңа көнбөсө,
Ал Манасты бербесе,
Түрүнүп кир билекти,
Күлүн сабап чаңдатып,
Сала киргин дүмөктү.
Тийип ал жылкы, бээсин
Жакын келсе буруттун
Жайната мушта мээсин.
Үбүн талап алгыла,
Үйүнө шумдук салгыла.
Малын талап алгыла,
Башына кыргын салгыла!
Аяган Манас баласын
Азыр байлап алгыла,
Бир кыйшыгын тапкыла,
Бардыгер жинин каккыла,
Сан карасын алгыла,
Кызыталак бурутка
Заман акыр салгыла!
Кайраттуусун кыргыла,
Кызыталак бурутка
Бир бүлүктү кылгыла.
Адыраңдап кеп айтса
Балакетти салгыла.
"Ууру кылдың бурут", - деп,
Малын талап алгыла.
"Уурубуз мына таптык", - деп,
Манасты байлап алгыла,
Бир кыйшыгын тапкыла,
Кызыталак буруттун
Капкайда жинин каккыла", -
Деп, ошентип эр Жолой,
Баатыр Дөңгө баш болуп,
Эки жүзүн каалады,
Эки жүзгө башчы - деп,
Чоң Дөөдүрүн шайлады.
Эсенкандын казыналык кырк нарга
Алтын, күмүш, дилде артып,
Соода кылып жол жүрүп,
Эптеп кыңыр табууга,
Эптеп кыргыз чабууга,
Алтай жолун төтөлөп,
Арт жагында эки жүздөй балбаны,
Алты сарт чыкты бечара
Кырк нарды коштоп жетелеп,
Аркасынан балбаны.
Балбандардын алганы -
Айбалта, кылыч, добулбас,
Кайраты мыктуу балбандын
Түрүн көрсөң ыраак кач!
Балбандары бир башка,
Баары баатыр көй кашка,
Чоңдугу билдей алпы бар,
Кепти ордуна токтотуп,
Келген экен каркыбар.
Эки жүздүн баатыры -
Эсепсиз Дөөдүр капыры
Алайса көзү чолпондой,
Кулагын көрсөң калкандай
Мурутуна карасаң -
Өтөккө чыккан чалкандай,
Чоңдугу тоонун сеңирдей,
Кырк үйлүү кыргыз Жакыпты
Мунун жалгызы кирсе жегидей.
Ошол кезде Манас кан
Торучаары шайлалуу,
Ошол кезде Манастын
Кермеде толгон тулпар байлалуу,
Эриксе элик атыптыр,
Эрикпесе зор Манас
Элкин ойноп жатыптыр.
Таң-тамаша оюнга
Батып жаткан кези экен,
Кырк таман чийип ордону
Атып жаткан кези экен.
Кырктан, кырктан байталды
Байгесине сайышып,
Утканы союп алышып,
Түштүгүнө тай союп,
Түндүгүндө бээ союп,
Казыны кардай кемирип,
Калмактарча кара арактан шимирип
Чатыраш ойноп, даң салып,
Тамашалуу кызыкка
Батып жаткан кези экен,
Ордо салып көп оюн
Атып жаткан кези экен.
Кызыр чалып кабылан
Бул кыйланы кылчу олуям,
Манас, Манас болуптур,
Манас атка конуптур,
Улук жашын сурасаң
Он экиге толуптур,
Торучаарды миниптир,
Ок өтпөстү кийиптир.
Ошол кезде Манасың
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Атышарга ок таппай,
Кечерине чок таппай,
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Кагышарга ой кылып,
Калган экен кабылан
Бучкагына теңебей.
Кытай кордук кылганын,
Кыйла журтун кырганын
Эбак ойлоп билиптир.
"Кайнап жаткан капырга,
Кагыш кылчу баатырга,
Бир беттешип калсам, - деп,
Кыргынды кыйла салсам, - деп,
Беренсиген манжууга
Бир беттешип калсам", - деп,
Кумар болуп жүрчү экен.
Таң-тамаша оюнга
Берен Манас батыптыр,
Сары адырмак кыраңга
Ордо атып жатыптыр.
Ордо аткан оюн бекери,
Жанындагы кырк бала
Арслан Манас жөкөрү.
Шайыр бала Чалыбай
Кырк үйлүүнүн балдардан
Жыйып алган тамыр ай,
Чийип койгон чийинди.
Кара баспай, ак басып,
Кыйшыгы жок так басып,
Кадамакты кадашып,
Оюн салып жатканда,
Тоорумак тооруп жатканда,
Ичке түштү зор Манас,
Чүкө чертер чоң оюн
Ишке түштү зор Манас.
Кызыкка кыйын батканда,
Чүкө чертип жатканда,
Эсенкандын кырк нары
Жүктөлгөн алтын, дилде бар,
Кырк нарыңдын астында
Казыналык кызыл нар,
Кыйла алтын, кымбат мал,
Жетелеген астында алты сарты бар,
Чүкө черткен Манаска
Ар жагынан эки жүздөй балбаны
Кызматкерди шаштырды,
Атып жаткан ордонун
Ортосун жара бастырды.
Айбаттанып арслан:
"Кербенчилер, соодагер,
Таап бастыр жолуңду,
Эл алдаган капырлар
Көргөзөм азыр сонунду!" -
Ачууланып ал Манас
Бир чүкөнү черткени,
Чүкө ыргыды чыркырап,
Эсенкандын эки нары
Чүкө тийген жилиги
Талкан болду быркырап,
Кызыл нар кыйрап жыгылды.
Балбандары күүлөндү,
Ал балбандын ичинен
Дөөдүр алпы сүйлөндү,
Балбанды кудай урганы,
"Үттүгүңө шоодай", - деп,
Төбө чачы үрпөйүп,
Каарланып күүлөнүп,
Кан Манаска сүйлөнүп,
Балтачаны жүгүрүп,
Жанындагы кырк бала:
"Өлдүк" - деп, жандан түңүлүп,
Кызыр чалган кан Манас
Чиймек болду сызыкты,
Баштамак болду бузукту,
Он эки балбан чокморчон
Алтымыш балбан айзачан,
Карыпчысын калдайтып,
Күрмөчөсүн күлдүйтүп,
Жамгыр сындуу жаа тартып,
Мөндүр сындуу ок атып,
Эки жүз балбан жабылды,
Манасты кармап калууга
Тирүүлөй кармап алууга,
Ошондо Манас кабылан
Арсландай көз жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Телегейи тең болчу,
Ичин карап отурсаң
Жер жүзүнөн кең болчу.
Алты шердин кенжеси,
Кудайдын сүйгөн мендеси,
Эч ким азар салбаган
Таалайы артык, аты улук
Көк жалга укурук кайрар калбаган.
Балбандарды көргөндө
Кыраан Манас арслан
Кызыкты мында салганы,
Чокмор алып бакырып,
Ойноп-ойноп келгенде
Он эки балбан бир өлдү.
Каарды Манас баштады,
Алтымышын тырайтып,
Арслан кырып таштады.
Союлдай мойнун коржойтуп,
Кекиртегин суурду.
Канкор шерге катылып,
Канча балбан тырайып,
Жолум үйдөй балбандар
Өлүп жатты тырайып.
Талкан чалган эмедей,
Кудай бетин салбай кал,
Калайманды баштады,
Эки жүз экен балбаны
Эсил Манас кабылан
Баарын кырып таштады.
Ал балбандын ичинде
Керик минген чоң Дөөдүр
Чакчелекей чаң болуп,
Башы-көзүн карасаң
Кызыл челек кан болуп,
Балбанды кырып жатканда
Жеткилең кирип аралап,
Калган экен чоң Дөөдүр,
Дөөдүр качып кутулду,
Жетимиш жерден жара жеп,
Баш айрылып, кан болуп,
Бүткөн бойдун баарысы.
Кызыл челек кан болуп,
Муну мындай таштайлы,
Атакеси бай Жакып
Ошондон кабар баштайлы.
Жакып келди күүлөнүп,
Манасыңа сүйлөнүп.
"Уулум, балам, шок чыгып,
Тентек менен чатагың
Бу дүйнөдө жок чыгып,
Добушуңан чаң чыгып,
Жүрүшүңөн жан чыгып,
Кандын төөсүн карактап,
Кара жолтой, чунак уул,
Калайман мүшкүл салдың го.
Сан малымдан айырып,
Башта көргөн кордукту
Бүгүн салдың, кулунум,
Киши көрбөс зордукту.
Урушту неге баштадың,
Эсенкандын элчисин
Эсил уулум, оңбой кал,
Неге кырып таштадың?!
Мүшкүлдү мындан баштадың,
Кумурскадай былкылдап,
Кутурган кытай жетпейби,
Кырк үйлүү кыргыз журт элек,
Бизди курутуп талап кетпейби!
Качып кирер токой жок,
Кара кылар Огой жок,
Өрт каптайт жыйган үбүмө,
Опсуз тентек чунагым,
Жеттиң ээ менин түбүмө!
Тентек уулум, оңбой кал,
Жети бөрү бир койду
Таласа тарпын коёбу,
Жети миң киши кырк жанды
Сабаса тарпты коёбу?
Кара курттай капырдын
Каарын эми келтирдиң,
Кан Эсенкан баатырдын.
Улукка тийип, уйпадың,
Уулум Манас, оңбой кал,
Ушинтип бизди сыйпадың!
Оолугуп кытай, манжуу журт
Ордону талап эми алат,
Ойронду башка чын салат,
Алтай да бизге жер эле,
Кадемди чындап катырдың,
Калмак да бизге эл эле",
Капа болуп Жакып бай,
Каарланып турганы.
Акбалтай келди күүлөнүп,
Бай Жакыпка сүйлөнүп:
"Өлсө болбойт түк арман,
Өлө берсин көп балбан,
Кыраан Манас барында
Кытайга салат чоң жаңжал,
Кыраан Манас бар болсо,
Алда Таала кудурет
Мендем - деп, бизге жар болсо,
Бээжинден жайнап кол келсе,
Ал колуң аз кана эмес мол келсе,
Капаланба бай Жакып
Кармалаша көрөрбүз,
Каза жетсе өлөрбүз,
Бул дүйнөнү ким билген?
Кабылан Манас барында
Каканга салар чоң дүрбөн.
Көк жал Манас барында
Караан да ушул, бел да ушул,
Караан кылып отурган
Кабылан Манас шер ушул,
Күн көрсүн деп биздерге
Алда Таала кудурет
Манасты берген жери ушул.
Баатырдын тапкан байгеси,
Ойрондон тапкан олжосу,
Кырк нардагы дилдени
Олжого жүктөп өтөлү,
Кудай башка салганды
Эртең күндө көрөлү,
Бүгүн тийген дилдени
Олжо кылып бөлөлү.
Каарды катуу салалык,
Бусурмандын кулуну
Төө коштогон алты сартын
Кошо жолдош кылып алалык".
Акылдуу экен Акбалтай:
"Кырк үйлүү кыргыз бул журттун
Эрден жасоо камдайлы
Эми эрендин баарын шайлайлы.
Ай касаба туу тартып,
Азиреттеп чуу тартып,
Сан кара малды чачалы,
Бул Алтайдан качалы!
Ит урушун салалы,
Эрте өлгөндүн бирибиз,
Берен Манас султанды
Безилдебей, бай Жакып,
Белге таңуу кылалык.
Ушул турган сан кара,
Упасы жок куу малды
Күтүп жүрүп нетели,
Кыргын таап, урушуп,
Кытайдан өлбөй калган жан
Бусурманга жетели!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзам гүлү учкуча
Мыктап алты ай урушуп,
Жыйгандын баарын чачалы,
Бул Алтайдан качалы!
Ала-Тоо артык жерине,
Кетели кыргыз элине".
Акбалтай айтып бул сөздү,
Жаккан отун өчүрүп,
Кырк үйлүү кыргыз кайран эл
Жан-жабылта көчүрүп.

Дагы сунуштайбыз