Кожожаштын келиши, кыргыздын жеңилиши

Какшап айтып Кыргыздарга күн тууса
Кайран жандын кереги.
Аралаша кырк чоро,
Кез келген жакка жол салып,
Кезиксе жанын аябай,
Кытайды кырып кол салып,
Калың кытай ичине
Аралап келди согушка.
Алакандай кыргыздар
Өлгөнүнөн калганы,
Баары кирди согушка.
Музбурчак, Көкчө аты уйкаш,
Канча-канча кол менен
Дагы кирди согушка.
Айбандан тулпар ат өлүп,
Азаматтан шер өлүп,
Өлбөй тирүү жүргөндөр
Капкара канга бөлөнүп.
Айбалтачан жадашып,
Кайраты бар эрендер
Качпай туруп найзаны
Как жүрөккө мадашып,
Эрлери көзгө көрүнүп,
Нечендин каны төгүлүп,
Сай жаманы самсаалап,
Корголотуп куу жанды
Ортосуна бөлүнүп,
Калдакташып калды эле.
Аркырашып салышып,
Жан аябай калышып,
Нечен-нечен тулпарды
Коштоп жүргөн мындан көп,
Баланчадай жакыным
Түкүнчө жерде өлдү деп,
Боздоп жүргөн мындан көп.
Канча мыкты жигиттин
Куюшканы үзүлүп,
Көктөй албай жаткан көп,
Басмайылы үзүлүп,
Басып кетсе өлдүк деп,
Эптей албай жаткан көп.
Найза тийип антаңдап,
Басалбастан тамтаңдап,
Жаны чыгып калтаңдап,
Алапайын табалбай,
Качып жүргөн мындан көп.
Тулпарларын ойнотуп,
Туйлап жүргөн мындан көп.
Кайрылып үйгө жетпестен,
Эсен-аман кетпестен,
Талаада өлмөк болдук деп,
Ыйлап жүргөн мындан көп.
Найза кармап, топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп,
Алышып жүрүп өлмөккө
Жыргап жүргөн мындан көп.
Калың согуш ичинде
Айдаркан уулу Көкчөгө
Кечилдин каны Коңурбай
А дегизбей жетти эми,
Жеткен жерде Көкчөнү
Көгаланын үстүнөн
Көмө коюп өттү эми.
Артындагы көп кытай
Артык тууган Көкчөнү
Тегеректеп кетти эми.
Муну көрүп Алмамбет
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Ачып көздү жумганча,
Аны-муну дегиче,
Ар кайсысын бир салып,
Аралап келди кытайды.

Дагы сунуштайбыз