Кирүү

Манас. Көкөтөй атабыздын кассандра жөнүндө баяны

Көкөтөй атабыздын кассандра жөнүндө баяны

Айттым го, доорубузда жердин кеңин,
Ал эми калаа, чептер аз экенин.

А бүгүн жер көрүнбөйт ээн жаткан,
Адамга толуп, бетин калаа баскан.

Тушумда бул өрөөндү мекендеген
Тукумун Ууз хандын, баарысын тең;

Бул күндүн там үйүнө көк тиреген,
Бирөөнө батырууга болот го дейм?

А демек элдин өнүп-өскөнүнө,
Айтылган салыштыруу өзү күбөө.

Өнүгүү зарыл нерсе, бирок анын
Өзүңөр талдагыла баардык жагын.

Жашоону улантуу үчүн, адамзаты
жайына коюш керек табиятты.

Кетирип жердин көркүн, өрттөп, казбай,
Көзүнүн карегиндей билсе сактай;

Жер-Эне — балдарына койнундагы
Жашоонун соолубаган мөл булагы!

Жеринен адамзаты, бирок анан
Жер жүзүн кор тутууну адат кылган.

Түпкүрү не болуптур — көктү тешип
Туңгуюк Аалам койнун сапар кезип;

Кол жеткиз нерсени эңсеп — колдо турган
Көөхарын жоготорун билбейт адам!

Дегеле Адам уулу, болгон жерде
Делеерүйт теңелсем деп Көк-Теңирге...

Карегим, кеп кезегин алгандыктан,
Керкакын27 ырга айланткан уламадан

Үзүмүн айтып берсем — көөнүңөрдөн
Уялап сөз түнөгүн табар бекен?

Тубаса азиз акын — көздүүлөрдөн
Туюнуп көкүрөгү даана көргөн.

Айтылган уламаны эл ичинде,
Айлантып ыр-дастанга, кезген дүйнө.

Акындын дастанына болгон өзөк
Адамда ич тардыкка берсек кезек:

Ич тардык болбогондо шайтан чачкан,
Ирибей уюткубуз калмак аман.

Алгачкы жаралгандай кирсиз таза
Адамдар айкөл бойдон калмак анда.

Уусуна ич тардыктын — адамзаты
Ууланып, уу чачышат азыр дагы.

Адамдар азгырыктуу ошол күчкө
Алданып, алсыздыгын билдирбесе

Алака — пери-пенде ортосунда
Азыр да сактап турмак калыбында.

А бирок, талап кылган өнүгүүнү,
Ак-кара деген эки каршы күчтү

Жок кылуу — Улуу күчтүн колунан да
Келбесин айтуум керек урпагыма.

Өнүгүү туу чокуга жеткен кезде
Өкүмдар бийлик тийет кара күчкө.

Ийнелеп илимпоздор казып алган
Илимдин кени делген кудук анан

Баягы чаңкоо канган суусу соолуп
Болгону калат орду — оро болуп.

Кебимди далилдөөгө ушул айткан,
Карегим, кеп козгоймун өткөн чактан:

Ууз хан — түбү болгон кырк уруунун,
Урпагым, ал берки эле кечеки муун.

Айтылган уламаны эл ичинде
Айлантып ыр-дастанга кезген дүйнө.

Ал эми түбү анын — түпкүрдөгү
Жердеген ыйык күнгө жакын жерди.

Аябай өнүп-өскөн бир уруу элдин
Аягы не болгонун тыңдап көргүн:

Азыркы кичи Азияны мекендеген,

Ал элдин журт башчысын Бируун дешкен.

Уламыш — Бируун Парис эл башкарган
Учурда кечиргенин айтат баштан.

Микендин журт башчысы Менелайдын
Акылдуу Айперидей сулуу аялын

Суктанып соодагерлер кеп салышса,
Сыртынан ашык болот Парис ага.

Сезими ич тардыктын бербей тынчтык
Санаага батат Парис ичтен тынып:

"Акылдуу Айдай сулуу көөхар көзгө
Тагдырым туш кылбады мени неге?

Перидей сулуулардан менменсинген
Пейилим түшкөнүнөн кыя өтпөгөм.

Жүздөгөн аялдарым, сансыз күңгө
Жүрөгүм эритпедим эч бирине.

Бир гана Кассандрамдын энесине,
Билбеймин.. ийигендей болдум беле?

Талашсыз, аялымдын сулуулугу,
Там берчү акылдын жок улуулугу!

А бирок Айшоолалуу кыз төрөгөн
Аялга арбынырак көңүл бөлгөм.

Кеткен чак, келер кезден кабар алган
Керемет күчтүн ээси Кассандрам.

А бирок билбейм неге? Кийинчерек
Аяндуу эскертүүсүн уккум келбейт.

Таңсулуу Айжарыгын аламбы деп,
Табышмак суроо салсам болчудай эп.

Оюмда эмне барын айттырбастан,
Оң жообун айтса азыр Кассандрам,

Ал анда, коштошкончо жарык менен,
Аламын тилин анын кың дебестен.

А балким, пенделиги жеңип анын,
Андан да апасынын көрүп камын,

Ал мени максатына жетпесин деп,
Атайлап айныттырчу айтпасын кеп.

Андыктан суроо берип — жообун эртең
Айткының дешим туура болот экен.

Андан соң жылдыз санап төлгө салган
Амонду чакырттырып оюмду айтам.

Бирок да билдирбестен бир-бирине
Байкайын не дешерин эртесинде.

Ошондо, Кассандранын сөздөрүнүн,
Билемин салыштырып чын, төгүнүн". —

Өнүгүү — ошол доорго салыштырма
Өсүүнүн жетип турган чокусуна.

Ааламдын түбөлүктүү экендигин

Ал кезде туюндуруп — Көк-Теңирдин,

Ак-кара Периштеси артып сапар
Ааламдан адамдарга берчү кабар.

Ошондой кереметтүү күчкө эге,
Ободон кабар берчү бир Периште

Пенделик өмүр кечкен аяр кызга,
Пейили түшүп жүргөн ошол чакта.

Буйрукту жазуудагы билген менен,
Бузууга кудуретим жетет деген.

Ууздай аруу, аяр кыз дилине
Уругун бузуктуктун канча сепсе

Көөнүнөн аруу кыздын албай өнүм
Көңүлү чөгүп жүргөн Периштенин

Учур-шарт, ошол кезге ылайыктап,
Уругу атасынан өнүм алат.

Бирундун көөдөнүнөн өнүм алган
Бузуктук — бүт урууну тыйпыл кылган!

Табышмак суроосуна Парис берген,
Так жоопту айтат кызы мындай деген:

— Колуңда барга топук кылбай, ата,
Кол сунуп жетем дебе көктө Айга!

Азгырган кара күчтүн тилин алсаң,
Атаке, артың болот абдан жаман.

Кара баш, сан байлыгың болуптур не,
Калааба түшүрөсүң жалпы элге.

Дүйнөдө теңдеши жок, бектигине
Душмандан сактайт чебим, деп ишенбе.

Бек чебиң, гүл оронгон кооз калааң,
Бир күндө тыйпыл болот сөз укпасаң.

Акылдуу, Ай сымалдуу түс-келбетин,
Ар кимден угуп алып ээликпегин.

Ай чырай асыл жанды бул жалганда,
Атаке, буйруганын Менелайга,

Жеңдирбей пенделике ичиң тарып,
Жүз жарып, жүрөгүңдөн кой кубанып.

Ошондо пейилиң жагып Жаратканга,
Ободо болот ордуң камсыз анда.

Укпасаң ак сөзүмдү туюм берген,
Урууңду жок кыласың жер бетинен!

Тилимди албасыңды билип туруп,
Тукумуң болбос үчүн, тукум курут,

Теңирге тете тутуп, Улуу Бируун,
Тилимди угуп кой деп кулдук урдум! —

Аяр кыз жер кучактап — жалгыз гана
Аруу дил тооп кылчу Жаратканга!

Антынан, адатынан биринчи ирет,
Аргасыз, жаңылганын, — "Кечиргин" деп,

Бар дилин бурган менен Жаратканга,
Баш ийип, кулдук урду атасына.

Ошондо курчап турчу Аппак Шоола,
Обого көтөрүлүп, бир заматта,

Төбөдө жаадыраган Күн тутулуп,
Түн түшүп, эл чуркурап, иттер улуп,

Жеңишин даңазалап кара күчтүн,
Жер-эне кучагында калды түндүн.

Аяр кыз, кудуретин адамзаттын,
Артык деп Улуу Күчтөн баалагандын

Жазасы: бар кырсыктан калкалаган
Жапжарык шооласынан ажыраган!

Көздөрү айланасын көргөн менен,
Көөдөнгө түн түшкөнүн билгендиктен,

Азаптуу күндөрүнөн жалгандагы,
Алдастап жанагыдай чочубады.

Жашоонун бүткөн болчу жарык жагы,
Жалтанбай караңгыдан, тик карады.

Атасы эмне дээрин сезгендиктен
Айттырбай зындан үйгө өзү кирген.

Көөдөнүн караңгылык каптаган соң,
Көзгө да түн түшкөнү болот деп оң,

Ордуна түбөлүктөн ала турган,
Ошентип Кассандра дитин бурган...

Ааламдын Периштеси кабар берген,
Аяр кыз башын мага, ийди деген,

Текебер ишеними чыгып жокко,
Түшүптүр түпкүрдөгү күйгөн отко.

Назик кыз, каакым сымал үлбүрөгөн,
Нээти түз, эрктүү болчу, зоодой бекем.

Бүт эли кырыларын билгенинде,
Бийлетип ирмем убак пенделикке,

Бурдуруп буйруктагы нукту тетир,
Болгону, шол эркине жик кетиптир.

А бирок ошондон соң, муздап каны,
Аяр кыз кара күчкө алдырбады.

Уруусу тыйпыл болор жер бетинен
Учурду зындан үйдөн чыкпай күткөн.

А тиги ачкөз Бируун, Менелайдын
Аялын аламын деп көрөт камын.

Ал оюн бекемдөөгө болгон себеп
Амондун айткан кеби мындайча деп:

— Кассандра эмне десе, айтканына
Каршы кыл, Улуу Бируун, караманча.

Түшүмдө, Кудуреттин Периштеси,
Туура деп шундай кылса белги берди. —

Бируунга айткан кезде ушул сөзүн,
Бакшы эстейт кайра баштан көргөн түшүн...

Капкара тереңдеги туңгуюктан,
Кызыл от күйүп жатат жалын чачкан.

Амондун аян берчү Периштеси
Тартылып тигил отко тереңдеги.

Түшөрдө тунгуюка, далбас урган
Амонго үнү жетет араң чыккан:

— Кассандра эмне десе — тескеринче
Кылганың туура дегин сен Париске! —

Бул сөздөр кайталанып улам кайра
Бакшынын угулгансыйт кулагына.

— А бирок: дене-боюм титиреткен,
Алоолоп күйгөн отко кулап кеткен,

Ар дайым аян берчү Периштенин,
Аткарыш же аткарбоо айткан кебин,

Бир бүтүн журттун башын кармап турган,
Бируунум, сенин ишиң чече турган!

Периштем текебердик десин мени,
Пенделик түз оюмду айткым келди.

Жер-эне, Күн-ата деп абалтадан
Жан-дүйнө дилибизден орун алган.

Ал эми, жер бетинде биз жашаган,
Аялзат — эне экенин, барбы танган?

Күн нурун, суу мээнетин кетирбей тек,
Көрктөнтүп Жер-энебиз өнүм берет.

Жашоону улаш үчүн жер бетинде,
Жан сырын туят аял, жердей эле!

Аял — жер, Эркек — нуру тийген күндүн,
Ал укпайт тереңдеги жердин үнүн.

Бируунум, Кассандранын туюнганын,
Байкоомдо укпай калган сыяктандың;

Андыктан дил-туюму сезгич жандын,
Айтканын туура болор аткарганың.

Бул менин нээтимдеги айттым ойду,
Бишаарат — ал, нээтиңдин алган жообу.

Бируунум, бул экөөнүн ортосунда,
Бардыгын, жазуу-буйрук, билгин даана!

Атагы дүңгүрөткөн дүйнө калкын,
Аялың жок болсо да, кызың барын,

Алдырып азгырыкка, унуттуң деп,
Асып сал, Бируун, бирок айтуум керек!

А бирок бастыктырбай сөзүм менин,
Аттигин, билип турам күчөткөнүн! —

Ушинтип Амон бакшы сөзүн бүтүп
Узака тунжурады жооп күтүп.

Тунжурап Парис дагы кыйла убак
Амонго мына мындай буйрук кылат:

— Түшүңдө аян алдым деген сөздүн
Туурасын танасыңбы, Амон, өзүң?

Аянын Периштенин, Амон бакшы,
Айтчы өзүң, таспиктөөгө акың барбы?

Аянды кандай алсаң шондой гана
Айткының, Амон бакшым, калайыкка.

Ал эми өз оюңду таңуулаган
Алиги былжыр сөзүң кайталасаң,

Алжыган сыйкырчы деп, айып тагам,
Алоолоп күйгөн отко тирүү жагам —

Бируундун эриндери чачып көбүк,
Бакшыга атырылат, каарын төгүп.

Кыямат-кайым күндүн, бир уруу элге,
Келгенин билет, бакшы шол ирмемде.

Карегим, Менелайдын Таңсулуусун
Кандайча алгандыгын Парис Бируун

Айтайын бар болгону бир сөз менен.
Азезил, алдап аны, уурдап кеткен!

Ал анан он жыл бою адам каны,
Алаамат Согуш жүрүп, суудай акты.

Оюмду айта турган жыйынтыктап
Ошентип, урпактарым, жетти убак.

Алака Аалам менен түз болгон кез,
Акылын адамзаттын өстүргөн тез.

Алоолоп күйгөн оттой, туш тараптан,
Адамзат өнүгүүсү кулач жайган.

Ошондо адамзаты, ой кенинен,
Жараткан кадыресе курал менен.

Кыямат-кайым күндү, бир урууга,
Кылайып ой жорубай салган анда!

Уурдалган сулуу аял, бар болгону,
Урпагым, кыяматка себеп болду.

Бируундун сыймактанган бекем чеби
Сактады микендерден, он жылы элди.

Адамдын күчү менен чепти бекем,
Алууга болбостугун билгендиктен,

Менелай — микен эли көсөм деген,
Мөгдүрөп намысынан, жол издеген.

Ошондо жылдыз санап сыр чечишкен,
Олуя — ыйыктарга минткен экен:

— Паристин калаасына, байлыгына
Пейилим тарып согуш салбаганга,

Олуя-ыйыктарым, баарыңды тең,
Оюмдун актыгына күбө этем.

Алдырган ар-намысым коргош үчүн,
Ата-журт мекениме салдым бүлгүн.

Жан үрөп он жыл катар — бекем чебин
Жетпеди уратууга дараметим.

Койнумда аялымды уурдатканым
Кылгансып аздык мага, ыйыктарым,

Кырдырдым эсеп жеткиз жоокерлерди.
Калайык көсөм дебес эми мени!

Тоо өлүк, дарыядай агылган кан
Тек кетти акыбетин кайрыбастан!

Жортуулга аттанарда өзүңөрдөн
Жоопту алып туруп сапар кезгем:

"Бузулат балык баштан — журт башчысы
Бузуктук кылып жатса, эли дагы

Көрүнбөй төбөлөрү, батып сазга
Күнөөсү ашкан кези Жаратканга.

Акыры жакындаган ошол элдин
Алуучу жан алгычы — жоокерлериң.

А демек кылчактабай, Менелай-шаа,
Аттангын шол буйрукту аткарганга!"

Кубанып сөзүңөргө, ыйыктарым,
Кыргындуу шул жортуулга аттангамын,

А бирок ал элге эмес, биздин элге
Тургансыйт Периштелер мээлеп жебе,

Жаңылган болсом эгер, ыйыктарым,
Жазаны мен тартайын, эл тартпасын! —

Бар дилден, Менелай-шаа жер кучактап,
Баш уруп, Улуу күчкө, тооп кылат.

Ыйыгы ыйыктардын деп таанылган
Ошондо ыйык-Тоот минтип айткан:

— Убакыт, учур-чагы келгичекти,
Улуу шаа, ичиңе алып күткүн демди.

Жортуулга аттанарда, жоо кол салса,
Согуштун пири делген — От-Жылдызга,

Тайынып, жардам тилеп курмандыка
Тогуз түр жандык тийиш чалынууга.

Обого жетүү үчүн жаны бачым,
От жагып күйгүзөбүз этин, канын.

Ал эми ыйык отту тутандырган,
Ачканы турам сырды аргасыздан.

Имхотеп чебер уста жасап кеткен,
Ичине ачпас сырды каткан бекем.

Капкара жыгач аттын кош таноосу,
Тамызат жалын бүркүп ыйык отту.

Менелай, жыгач атты ыйык делген,
Мен сага бүгүн аны кошуп берем.

Кесирлүү ачкөз Парис падышанын,
Кыйратат бул жыгач ат дарбазасын.

Сепилдин дарбазасын туура туштап,
Сегиз жүз кадам жетпей, атты таштап,

"Кайттык!" деп аскерлерге буйрук бергин.
Калп эле чегингендей түр көрсөткүн.

Кезекти берсе акылга ачкөз Бируун,
Кыргындан сактап калат өз тукумун.

Жеңдирсе ачкөздүкө адатынча,
Жазалайт Жараткандын каары анда.

Артында тирүүлөрү калса дагы,
Аталбай уруусунун өчөт аты!

Ал эми, калган ишти бүткөрөт ат.
Аны сен алыс узап, акмалап жат.

Ушинтип ыйык-Тоот бүтүп сөзүн
Унчукпай белги берди сүзүп көзүн.

Ыйыктар күтүп турган ишааратты,
Жүктөшүп чүмбөттөлгөн жыгач атты.

Колдогон От-Периште — Мун-Олуя,
Кошулуп бирге кетти жыгач атка.

Сегиз жүз кадамды так өлчөп басып,
Секиге жыгач атты коюп ачык,

Жанына, Мун-Олуяны жалгыз таштап,
Жоокерлер эл-жерине сапар тартат.

Ошондо апта бою мунарада,

Ой жоруп микендердин кылганына,

Акыры акыл эмес ачкөздүккө,
Алдырат Бируун Парис дагы деле.

Аяндуу кызы анын, Кассандра
Азаптуу бул жылдары, Жаратканга,

Түн-күнү төгүп жашын, жалгыз гана
Тилекти тилейт минтип зар какшана:

— Абаддан-Периштенин айткан сөзүн
"Азгырык", деп көөнүмдү бөлбөгөнүм,

Кечиргиз күнөө болсо, Кудуреттүүм,
Калк эмес, тартсам болмок жалгыз өзүм!

Катарлаш жүрөрлүгүн акка кара,
Кантейин, албаптырмын капарыма.

Кетирип жаңылыштык ара жолдо
Калсам да, Бир Өзүңө, кылам тобо!

Ааламды башкаруу үчүн, Кудуреттүүм,
Ар кимге ыйгаргансың так милдетин.

Жашоосун жандуулардын жер бетинде,
Жараткан, үздүрөсүң Периштеңе.

Ааламдын алтымыш миң катмарында
Абаддан милдеттүү аны аткарууга.

Берилген аео сезим баардык жанга,
Белгисиз бойдон калган жалгыз ага!

Мөңгүдөй, алы жетпес жайкы аптап,
Муздактык Абаддандан уруп турат.

Алоолоп күнөөлүүлөр өрттөнгөн от,
Ал түшөр замат, калат, күйбөй токтоп.

Ушундай күчкө эгедер Абаддандын,
Укпастан айткан сөзүн жаза тарттым.

Үстөмдүк кылып күчү Периштеңдин,
Үнүмдү жеткирбөөдө, Кудуреттүүм!

Теңирим, зар какшаган үнүм жетсе,
Тилерим бир өзүңдөн жалгыз нерсе:

Атасын, унуттурбай баласына,
Адилет Көк-Теңирим, тукум сакта! —

Троя душмандарга курчалганы,
Таңды кеч муңканган үн басылбады.

Душмандар жыгач атын таштап дөңгө,
Жетинчи күнү болчу кеткенине.

Үзүлгөн Нуршооласы кайра түшүп,
Үлбүрөк жарык чачып сүйлөйт минтип:

— Уруумдун аты өчөт деп жер бетинен,
Уусуна сугарылба, кайгынын сен.

Аяр кыз, арасында адамзаттын,
Айтылып калыш үчүн жаралгансың.

Атыңды уламышка айлантышып,
Акындар жер кезишет сапар артып.

Уланса үзбөй тукум адамзаты,
Урууңдун унутулбайт анда аты! —

Ободо үлбүрөгөн Нуршоолага,
Ошондо созот колун Кассандра:

— Ээлеткен кара күчкө дилин атам,
Эсине келер бекен эми барсам?

"Кетирген пенделигим кечиргин!" - деп
Кудурет Улуу Күчтөн зарлап тилеп,

Баш уруп, жер кучактап какшаса зар,
Бурар дейм Кудуреттүүм ага назар?!

Күнөөсүз жаш балдарды, пейли кенен,
Кудурет Айкөл Теңир, сактар бекен? —

Көгүш нур өзгөрүлүп кан түсүнө,
Кыжаалат добуш салды күңгүрөнө:

— Аттигин, Аяндуу кыз, пендесиң да!
Азапты чындап үйдүң өз башыңа..

Аракет кылып көргүн, андан бирок
Азаптан башка сага кайрымжы жок.

Душмандын таштап кеткен жыгач аты,
Дил нээтин атаңдын бүт ээлеп алды.

Ичи тар ачкөз үчүн, ушул тапта,
Эч нерсе керек эмес аттан башка.

Тилиңди алса эгер атаң сенин,
Тиги атты чеп ичине киргизбесин.

Жанында калган адам андан көрө,
Жетелеп кетсин атын өз жерине.

Ошондо кабыл болуп тилегениң,
Өлүмдөн калат аман, чепте элиң.

А бирок албас тилиң ачкөз атаң,
Ажалды табасыңар жыгач аттан! —

Кан түсүн кийген шоола күңгүрөнө,
Калтырып Кассандраны кеткен эле.

"Атама айтар сөзүм бар эле" деп,
Айттырат Кассандра кыз, кароолдон кеп.

Атасы кароолдорго Кассандраны,
Алдырып келип ага, минтип айтты:

— Кырылып жатса колум он жыл катар,
Кассандра, болбоду го сөзүң айтар?

Чебимди кулаталбай душман кетип,
Чындыкка турган кезим көзүм жетип.

Теңдеш жок бектигине ушул чепти,
Тыптыйпыл талкаланат деген кепти,

Сырдашкан Көк-Теңирдин өзү менен,
Сыягы сен айткандай болду белең?

Ыйыкмын деп алдаган калпычыга,
Ылайык, өзүң айтчы, кандай жаза?

Канымдан бүткөн жалгыз перзентимсиң,
Кантейин, аргасыздан кечиремин! —

Деп Парис, каарын чачып Кассандрага,
Дулдуюп жүзүн бурду тетир жакка.

Аяр кыз суудай тунук, сүттөй таза,
Армандуу добуш салды атасына:

— Аргам жок, тукум үчүн калчу артта,
Астыңа да бир ирет келдим, ата!

Мактанган бек чебиңди уратканы,
Менелай таштап кетти жыгач атты.

Тирүүлөй өрттө мени, жалгыз шартым,
Киргизбе, микендердин жыгач атын! —

Каарынан жарылчудай Парис шондо,
Кыйкырып буйрук берди кароолдорго:

— Алдамчы сыйкырчыны таш маамыга
Аябай аркан менен чырмагыла.

Өкүмүн өзү айтты, демек анда
Өрттөөгө куу чырпыкты камдагыла!

Жоокерлер, микендердин жыгач атын,
Жетелеп киргизгиле чепке бачым!

Чебиме киргизген соң жыгач атты,
Чаламын курмандыка, Кассандраны! —

Апаппак мамы ташка короодогу,
Аскерлер Кассандраны таңып койду.

Жоокерлер тандамалуу жүздөй санда,
Жашыруун эшик менен чыгып сыртка,

Барышып жыгач атка дөбөдөгү,
Башчысы, Мун-Олуяга мындай деди:

— Оюнчук атың менен, жалгыз неге
Олтурат деп билгени келдик эле...

Бул атты кантип мында алып келдиң?
Бируунга өзүң барып айтып бергин. —

Олуя кабак чытып, башын чайкап,
Ошондо кол башчыга минтип айтат:

— Айжаркын Таңсулуусу, ханыша айым,
Ар күнү таң заарында, ушул аттын

Үстүнө минип алып, мен жетелеп,
Үч жолу чепти айланып келер элек.

Сулуунун Менелайдан көөнү чындап
Сууптур, а болбосо аргасын таап,

Түмөн кол куру бекер таппай жазат,
Таңсулуу акыл менен бошоп чыкмак.

А демек аскерин жөн кырдырбастан
Артына сапар алды Менелай шаам.

Бошотсок ханышамды, ушул атка
Мингизип кетиш үчүн, келгем мында.

Ат ээси эрки менен калса мында,
Артыма барып табам кандай пайда?

Энчиктүү аты менен ханышамдын,
Элиме кетпей, мен да калып калдым. —

Ушинтип Олуя-Мун сөзүн бүтүп
Унчукпай жер тиктеди жооп күтүп.

Иш оңго чечилгенге жоокербашчы
Ичинен кубанычтуу кымылдады.

Сыртынан сыр билгизбей Олуяга,
Сыпайы буйрук берди секин гана:

— Айтканың, ат баккыч чал, чындык болсо,
Атыңды жетелегин түз коргонго! —

Олуя күткөн эле ушул кепти,
Ооздон чыгар замат атка жетти.

Алдыңкы оң бутунун колтугунда
Алтындан жасатылган үч топчуга,

Күбүрөп өз тилинде бир нерсе деп,
Колунун учун секин тийгиздирет.

Ошондо жыгач атка киргендей жан,
Ордунан козголгондо таштап кадам,

Жоокерлер таңданышып, көрүп турган,
Жөнөштү баарысы тең, ат артынан.

Бируун да мунарадан көрүп аны,
Буйруптур "Ачкыла!" деп, дарбазаны.

Күтүүгө алы жетпей өзү дагы,
Көргөнү жыгач атты шашып барды.

Жоокерлер дарбазаны ачышканда,
Жарданат калаа калкы ич тарапта.

Ойноктоп көөхар көзү жыгач аттын,
Ойкуштап дарбазага келет жакын.

Көк жалын таноосунан бүркүп сыртка,
Көргөндөр таңданышып турушканда,

Дал келип укмуштуу ат дарбазага,
"Дүңк" деген добуш чыгат кулак жара.

Көккө учуп бекем сепил, бир заматта,
Гүлдөгөн калаа айланат урандыга.

Акыркы күнү жетип бир уруунун

Ат менен кошо атылып ачкөз Бируун,

Чачырап бир үзүмдөн арам дени,
Чачылды туш тарапка булгап жерди.

Бекинген Менелайдын жоокерлери,
Бүлгүнгө учуратты калган элди.

Туткундап жаш-карысын, тирүү калган
Туулган жерден айдап, чачыраткан.

Төрт бурчун төгөрөктүн кылып мекен,
Түп тегин унутушуп калган экен.

А бирок эскерткендей ыйык Шоола,
Айлантып уламышты дастан ырга,

Жетебиз баштарынан өткөргөн деп,
Жер кезип Керк, Булалар 28 салышкан кеп.

Уруусун артык көргөн өз башынан,
Уккула, не болгонун аяндуу жан.

Атасы аябаган Кассандраны,
Айгышкан микен шаасы аямакпы?!

Салынып зоолу кишен, кул базарда
Сатылып, колдон колго өтүп канча,

Азапты жан чыдагыс кечип баштан,
Алыскы бөтөн элде жазат тапкан!

Аттигин, Улуу жандын бул жалганда,
Адамдан көрөр күнү ушул гана!

Аруу дил, аяндуу жан бул азапты,
Аткарар милдетим деп ийет башты.

Байыркы өткөн доордо, өнүп-өсүү
Бериптир не жакшылык, талдап көрчү!

Жыгач ат бир уруу элди тыйпыл кылса,
Жылдызга учат азыр от араба!

Башкарган Улуу Күчтүн жалпы Ааламды —
Бардыгын танбагыла, адамзаты!

Оюнчук от-атыңар жалын бүркүп,
Огунан чыгарбасын жерди түртүп.

Көрбөстөн отту оюн, урпактарым,
Көргүлө сакташ үчүн жердин камын!

Кеби деп тынчы кеткен арбактардын,
Карегим, калайыка кабар салгын.

Журт Атасы ушул сөздөрдү бир эсе өтүнгөндөй да, буйрук бергендей да айтты. Баятан сезденип, чоочуркап үнсүз олтурган элем, Журт Атасынын сөзүнө биринчи жолу үн чыгарып оюмду айттым:

"Жар салсам тирүү арбактын айтканы деп,
Жан дилден ишенчүлөр өтө сейрек.

Көздөрдү шылдыңдаган кыйшык тиктеп,
Көтөрө албай жүрөм кийинчерек.

Тирүүнүн айланганын келекеге,
Түшүнүп, колду шилтеп койчу нерсе.

Ал эми, урпагыңыз пенделиктен,
Айтышса текебер сөз оозу көнгөн.

Арбактын нукусуна жалпы элиң,
Атаке, кылбайбы деп айткан кебим"? —

Мунарык караан саал чайпалгансып, кыжаалат болгондой добуш салды:

Сөзүңдүн төркүнү түз, кантсе дагы
Сөзүмө түшүнбөгөн бар го жагы?

Жан дилден ишенишкен сырдуу аянга
Жоктугун айтпадымбы баянымда!

Тагдырдын токсон тогуз ачкычынын
Таалайың туш кылганын бирине анын,

Керемет ыйык сырын бирөөлөргө,
Керекпи ошончолук далилдөөгө?

Карегим, Шарыпкулдун айтканындай,
Турат го көргөзөрүң эч тартынбай.

Эч качан текке кетпейт кылган эмгек,
Кайрымжы бере турган учур келет.

Бул күнгө чейин бассаң жолдо кандай,
Баса бер башкаларга көңүл бурбай.

Журтумдун үзүлбөстөн Улуу Көчү
Жарыгым, уланууда шол себептүү.

Өзүңдүн уңгу талаа таап алганың,
Өрт коер өзөгүнө башкалардын.

Сактайбыз, өзүң дагы болбой бейкам
Сагыраак болгунуң деп айтып жатам.

Сак болуу бир сага эмес — жалпы журтка,
Садагам, керек учур, сөзүм тыңда.

Түп теги адамзаттын эмнеликтен,
Тайынып, тоону-ташты, ыйык деген?

Баспаган ыпылас бут бийик жерде,
Байырлап түнөк алган ыйык нерсе...

Алака түзүш үчүн адамзатка
Ааламдын нуру түшөт түптүз ага.

Убакыт, учур-мезгил туура келсе,
Угулат зар тилеги Көк-Теңирге.

А демек, жөн жеринен абалтадан,
Адамзат тоого-ташка тайынбаган.

Урматтоо ыйыктыкты, улуулукту
Урпагым, милдетиңер эске тутчу!

Баласы, атасынан жазганбаган,
Балдарым, басып кирип бетпак заман,

Абийри кыз-келиндин аздектелген,
Арман күн, тепсендиде калбаса экен!

Койнунан котур ташын түшүрбөгөн,
Кокуйду бар мезгилде 29 башка үйгөн,

Чыгыштан күн батышка кулач керген,
Чеги кең жерди ээлеген, сансыз элден,

Чымчым эл калгычакты кыргын салган,
Чынмачын — душманыбыз тукум кууган?!

Кыйдыга колтук ачып, Кызыл шаардай
Кыргынга учураба, тукум калбай!

Карегим, тынчы кеткен арбактардан,
Калкыма айтып баргын дубай салам.

Өлчөмдүү убактыбыз өтүп барат.
Өзүңө айттым баян, болчу сабак.

Арыбай, арбактардын шам чырагы,
Аткаргын тирүүлүктө вазийпаңды! —

Көкөтөй атабыздын мунарык элеси бүлдүлдөп, түтүн сымал көккө созулду. Жанымдан Жайсаң атанын шашылган добушу угулду:

Карегим, кең Ааламда мен билбеген,
Кепти айтсын Журт-Атасы деген элем.

Жетпеген жери болсо сезимиңе,
Жарыгым, түшүндүрөм кийинкиде.

Ал азыр убактыбыз кетти өтүп
Балдарга бачымырак алгын жетип.

Булак:bizdin.kg

Ой-пикирлер