Манас кошойго жолукканы

Кэң өзөндүн баткалда
Керилип кыргыз жатканда
Адыр-адыр бел экен,
Чеч-Төбө ата дээр экен.
Адырда жылкы алабаш,
Эр Кошойдун колунда,
Аргымак буудан аралаш.
Чеч-Төбөнү жайлаган
Ченебеген эр Кошой
Тулпарларын байлаган.
Коштоп кийип, суусар бөрк
Ыргап турган кези экен.
Эч кимге башын бийлетпей,
Абаң Кошой ошондо
Жыргап турган кези экен.
Кошойдун жайы ушундай,
Жети өзөндөй кайран жер
Эби менен жер кылып,
Жети өзөндө кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылып,
Жалгыз жүрүп көбөйгөн,
Кулаалы жыйып куш кылган,
Курама жыйып журт кылган.
Телик куш таптап куш кылган
Тентиген жыйып журт кылган.
Абаң Кошой артык эр,
Акылга дыйкан кеменгер.
Кудайназар куу чокмор
Курган Кошой жолдошу.
Угар кулак, көрөр көз,
Абаң Кошой ыктуусу.
Жазы жаак, жалпак тил,
Куу калпактуу Кутунай —
Курган Кошой сөздөшү.
Чалгынчысы Чалыбай
Ак буудайдын камыры,
Арстан Кошой тамыры.
Ордолууну чакырып,
Башта Кошой түш көрүп,
Башынан жакшы иш көрүп,
Түш жоручу билгичти,
Узун кулак барыны
Жыйган экен эр Кошой,
Көптү көргөн карыны.
Даанышманды, чеченди,
Журт чогултуп, той кылып,
Жоруктуу Кошой ой кылып,
Түш жорутту ошондо.
Бээ баштаган семизден
Берениң Кошой сойдуруп,
Кантты кардай опуруп,
Сары майдан томуруп,
Багылан козу, ширин баш
Сүт бото тайлак аралаш.
Аралаш а салды дейт.
Бор кайнатып калды дейт.
Көргөн түшүн жорутуп,
Кан Кошой кепти салды дейт:
Найзакерден даанышман,
Ыктууң мында турасың.
Ар түрлүү кыргыз эл элек,
Мыктың мында турасың.
Чеч-Төбөнү жер кылдык,
Канча жоо менен алышып,
Ар үйлүүнү эл кылдык.
Түндө жатып түш көрсөм,
Канжар кылыч байланып,
Күн чыгышка шилтесем,
Күн чыгышты өрттөдү.
Кайнап карга көп учуп,
Ал кылычка жетпеди.
Туура тарткан кара тоо
Тийсе эки бөлүндү.
Ошол турган кара тоо
Болотко эки бөлүндү,
Бу кандай түш болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Жана жатып түш көрсөм,
Муз мурут бүркүт алыпмын,
Колунда алтын боосу бар,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланта салыпмын.
Кайыр айтаар бир жан жок,
Арстанды илиптир.
Жан-жаныбар макулук
Кыргын салып жүрүптүр.
Көлөкөсүн көп кыргыз
Баана кылып жатыптыр.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Кудайназар куу чокмор
Курган Кошой сырдашы —
Карчыгадай чамынып,
Кайыптан акыл табылып:
Аты Кошой, кан заадам,
Кындан тарткан кылычың
Күн чыгышты өрттөсө,
Уламадан уладык,
Билгичтерден сурадык,
Алтайга кеткен айдалып,
Айласын таппай сандалып,
Күнөөгө башы катылган,
Күйүткө жаны чатылган,
Өлдүк го деп кайгырган,
Ордолуу журттан айрылган,
Алтайга айдап камаган
Мал-башына ээ кылбай
Кара калмак талаган,
Кордук менен күн өткөн,
Кейиш менен суу ичкен
Кара нээт Жакыптан
Аты манас,
Билерик экөө бир жерде.
Темир аркан кытайдын
Торунда турат деп угам.
Кыяматтын кыстоосун
Көргөнү турат деп угам.
Кыйла жыл болду жатканы
Өлгөнү турат деп угам.
Ошолор эске түшкөндө,
Туура жакка салган там,
Туталанып ич күйүп,
Тутамча келбейт курган жан?
Кыйноодо балдар ал үчүн,
Кыстоодо жүргөн жан үчүн,
Кылчайбай колум жыйсам деп,
Кыжылдаган кытайга
Кызык кыргын кылсам деп,
Найзалаша топ бузсам,
Ажал жетсе окко учсам.
Бээжинге барып конушсам,
Байланып жаткан эр үчүн,
Жапааны жаман көрүшсөм,
Жайы-кышы урушуп,
Канды суудай төгүшсөм,
Ажал жетсе өлүшсөм.
Ошо камалып жаткан жан үчүн,
Кантип чыдап турамын,
Сакалымдын агында,
Сапарым чукул барында,
Кытайга уруш саламын,
Кордукта жүргөн балдарды,
Ажыратып аламын.
Сен быякка келгенде
Кырк үйлүү болгон кыргыздын
Кара кытай, көп манжу
Төбөсүнөн баспасын,
Төрт түлүгүң чачпасын!
Өөдөгүсүн тийбесин,
Өрттөп-кырып ийбесин!
Кабылан Көк жал өзүң жок
Кайраттуулар өлбөсүн,
Калгандардын баарысын
Кара кытай, манжулар
Камчыга ченеп бөлбөсүн!
Көптүгүнө салбасын,
Сен баргыча элиңдин
Күлүгүн тийип албасын!
Түбүнө чогуу жетпесин,
Кара калмак-манжулар
Катын-кыздын баарысын
Олжо кылып кетпесин!
Деп, ошентип, кан Кошой
Билбегенди билгизип,
Манасты жолго киргизип.
Кол кармашып кабыштап,
Акбалта менен бай Жакып
Кутубий баштап бир тобун,
Манас канга табыштап.
"Оомийин"—деп, кол жайып,
Бата берип калды эми.
Кыраан Манас көк жалды
Кысталып жолго салды эми.
Каарданып аттанып,
Канкор Манас ошондо
Кан Кошойдон бата алып,
Кыял кымбат жерин таап,
Кыдырдуу Кошой элин таап,
Кошойдон мыктап кеп угуп,
Кайран кыргыз тоо-тоого
Кайып болду деп угуп,
Кыргыздын баары кырк үйлүү
Атам Жакыр баш кылып,
Бир көчүрүп алайын.
Кезиксе душман мытаамдын
Бирөөн койбой кырайын!
Кайып болгон кайран журт
Кайра көчүп бир келип,
Анан кийин жыяйын! —
Деп, ошентип, Манас кан
Күп-күп этип күүлөнүп,
Күркүрөп көк жал сүйлөнүп,
Эки жакты каранып,
Эзелден көк жал арстан
Эрди-мурдун жаланып.
Каарданып тутулуп,
Канкор тууган кыраанын
Ач арстандай жутунуп,
Каалгадай кашка тиш
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып бөлүнүп,
Кыдыр чалган кыраандын
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Астындагы Торучаар,
Куландай кулак жапырып,
Куюнча жерди сапырып,
Желгенине жел жетпей,
Жеке жүрдү Алтайга
Басканына мал жетпей,
Бачым жүрдү Алтайга.
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Эрениң кайдан аянды,
Кара-Кырда Тал-Мазар
Тал-Мазарды таянды.
Тал-Мазар жетип конду эле
Ал күнү эми шер неме
Мазарга конок болду эле.
Муну мындай таштайлы,
Ары жактан кабар баштайлы.
Дөөдүр барды энтеңдеп,
Эр Манастан келтек жеп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Бакырыгы баш жарып,
Өкүрүгү таш жарып,
Чакчелекей чаң болуп,
Башы-көздүн баарысы
Кызыл челек кан болуп,
Дөөдүр алп жетип барганы.
Бара сала ал Дөөдүр
Канына кабар салганы.
Иш ушундай, угуп ал,
Кырдырып салдык канкорго.
Согушкан өлө бергидей,
Алптын баарын аймады.
Эрендин баарын жайлады.
Алышкан аман калбады,
Катылышып баргандын
Бирөөн койбой жалмады!
Дөңгө менен Каман алп
Кайчы кулак кошо бар
Бир далайын кармады.
Кара жолтой канкорго
Кабылган аман калбады!
Коюлган аты Чоң Жинди
Манастыгын ким билди!
Каарды катуу баштады
Баргандарды тырайтып,
Такыр кырып таштады!
Кызыталак буруттан
Барган жандын баары өлдү!
Жору куйрук Жоон алп,
Кайчы кулак Каман алп,
Катылып Кочку дагы өлдү!
Улук элең Эсенкан,
Уят болуп турамын,
Ушулардын баары өлдү!
Ишенген Жолой балбанын
Чыңыроон тартып жөлөнүп,
Чылгый канга бөлөнүп,
Ашып-шашып антандап,
Алдыра турган болуптур.
Жарадар болуп ал кетип,
Былкылдай турган шайман жок,
Денеден кара кан кетип,
Көп жигитин кырдырып,
Өз дүйнөсүн эр Жолой
Чачып келди деп уктум.
Өлө турган болгондо
Күндү жайлап жиберип,
Качып келди деп уктум!
Теңир урган буруттун
Телегейи тең экен.
Ичин карап отурсак
Жер жүзүнөн кең экен!
Кызыталак бурутка
Орногон темир чеп экен.
Алышкан женип ала албайт,
Бай-бай бурут эр экен!
Каттап бенде бара албайт.
Катылган тирүү тук калбайт.
Бендеден түрү бир башка,
Бээжинди бузат көй кашка!"
Муну укканда Эсенкан
Каарданып тура албай,
Каарды катуу баштады.
Катуу келип ачууга
Калдай, шибээ, тыргоотун
Кырып ие таштады.
Калдайынан кеп угуп,
Кан Жакыптын Манасы —
Катуу чыкты — деп угуп,
Манжуусунан кеп угуп,
Башка Манас туулуп,
Балакет чыкты — деп угуп,
Каарды катуу баштады.
Минген алтын тагынан
Улук экен Эсенкан,
Учуп кете таштады.
Жаны калбай бакырып,
Эр Эсенкан ошондо
Жоролорун чакырып,
Мунарга жарык жагылып,
Доолбас бекем кагылып,
Доолбас үнүн укканда
Каптап кетти көп улук!
Так үстүндө Эсенди
Дагы эмне болду — деп,
Ай жаң-жуң менен Күн жаң-жуң
Эсенкандын сырдашы.
Луйпу, Суйпу эки аяр,
Эсенкандын курдашы.
Балбандарын бакырып,
Аяр, сырдаш — курдашын
Бачым кел — деп, чакырып,
Каарды катуу баштады.
Калдай билгич сыйкырга
Буйрук кебин баштады:
Аярлар сени жиберсем,
Кокуй болгон экенсиң!
Көрбөй көзүң кашайып,
Атаңдын көрү, манжулар,
Жүрбөй калган экенсиң.
Колуңдагы баланы
Билбей калган экенсиң!
Каарданып дүпүлдөп,
Каарды катуу баштады.
Сынап барган алтымыштай аярын
Бирөөн тирүү койбостон,
Такыр кырып таштады.
Көк күбөнү жамынды,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынды.
Каарды катуу баштады,
Калын, тыргоот, манжуну
Кырып ие таштады.
Кан Эсенкан бакырып,
Көп черүүнү чакырып:
Найзага камбыл ыктууң кел,
Аябаган мыктың кел!
Жоо бөрүсү эриң кел,
Жолобой жоого тийүүчү
Жоон көкүрөк бөрүң кел!
Коркогуң коюп, эриң кел,
Найза тийсе солк этпес,
Баатыр болуп барчууң кел!
Беттешип жоого барганда
Бет алышып сайышып,
Мээнетти мыктап салчууң кел!
Кара мылтык каре этсе,
Кайра тартпай кирүүчү,
Кажыбай жоого тийүүчү,
Улуксуган жаның кел!
Кайраты артык эриң кел,
Ал канкорго айкырып,
Аябай найза сунчуң кел!
Айгайлап журт кырылса,
Ашып-шашып кетпестен
Туу түбүндө турчуң кел!
Чын кайратман барың кел,
Ат оюнчу жоо күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Камбылдарың баарың, кел!
Эсенкан каарын салганда,
Ак асаба туу болуп,
Айкайлаган чуу болуп,
Көк асаба туу болуп,
Көк жаңырган чуу болуп,
Оң башчылар ороктоп,
Найзанын башы короктоп,
Жезнай үнү чыркырап,
Көк ала желек көрүнүп,
Көргөндүн баары бөлүнүп,
Түркүн-түркүн сөгүлүп,
Каны буйрук кылганда,
Каны бөлөк бөлүнүп,
Тыңшабастар кырылып,
Тыргооту тыйпыл жыйылып,
Манжу, кытай калкы бар,
Бары жогун жыйнаптыр,
Жыйналбай адам калбаптыр.
Манжу каны — Нескара,
Калмак каны — кан Жолой
Калбай булар баргын — деп,
Чоң аярым Каражой,
Канкор бурут көөдөкө
Калайманды сала көр,
Калбай сен да бара көр!
Мергендигиң ашынган
Берендигиң бар эле
Куурай көрсө жашынган
Эрендигиң бар эле
Беттешкенди мерт кылган
Кыйындыгың бар эле.
Атандын көрү, Каражой,
Кол ичине катылса,
Күлүгүн атып жайлай көр.
Күйүп кеткен канкорду,
Кызыталак анткорду
Өлтүрбөстөн, житирбей
Аман байлап келе көр!
"Каным, сизге тартуу"— деп,
Дал өзүмө бере көр!
Байлап келсең Манасты,
Дегениңе көнөмүн
Оой, Каражой, угуп тур!
Мактанган бойдон мен Эсен
Бакбурчун канын берермин!
Калмактардын кан Жолой,
Кайдасың — деп чакырып,
Кан чакырып турган соң
Жолой келди барбайып,
Жолум үйдөй дардайып.
Жанына Жолой келгенде,
Жолойду Эсен көргөндө,
Баскан жерин тебелеп,
Коё берди Эсенкан
Эр Жолойду жемелеп:
Атандын көрү, эр Жолой,
Ааламды буй кылган
Артык элең, сен Жолой.
Алдырып салган экенсиң,
Алкымыңдан арстанга
Чалдырып салган экенсиң!
Балбан кана, эр кана?
Баатыр Дөңгө, Каман алп
Булардай болгон эр кана?
Кыр жагыңдан чалдырып,
Кыраандардын баарысын
Бурутка белек алдырып,
Бул эмине кылганың?!
Не үчүн өлбөй турганың!?
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган кул элең.
Жетимиш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Алты батман буудай жеп,
Дан жыттанган кул элең!
Алтымыш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Балбан кайда, алп кайда,
Баатырсынган чоң соргок,
Баштап барган калк кайда?
Ошо канкор буруттан
Кызык болуп салышып,
Ажал жетсе өлүп кел!
Алышып жүрүп буруттун,
Кызыталак канкордун,
Кыйланы кылган анткордун
Кашайта көзүн оюп кел!
Кармап алып, союп кел!
Тирүү койбой бурутту
Эр экенин көрүп кел!
Чамаң келбей баратса,
Тирүү калбай өлүп кел!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзамдын гүлү учкуча
Мыктап алты ай салышып,
Кармашып канын төгүп кел!
Кабыргасын буруттун
Качыратып сөгүп кел!
Эпсиз болсо буруттун
Эрдик жайын көрүп кел!
Ашып-шашып жүргүчө
Тирүү калбай буруттан
Кайра тартпай өлүп кел!
Кагышып жүрүп жайлап кел!
Чамаң жетип күч келсе,
Бери тирүү байлап кел!
Тыптыйпыл кылып өлтүрүп,
Курмандыкка чалалык!
Кутургурдун өзүнөн
Ушинтип өчтү алалык!
Эр Эсенкан кеп айтып,
Каарын салып бакырып,
Каканчындын Бээжинди
Каптап кетчүү немедей
Калың колун чакырып,
Калдайларын шаштырып,
Жөө күлүгүн, алптарын
Аркы-терки бастырып,
Так үстүндө Эсенкан
Буйрукту мурда баштады.
Какандын журту чуркурап,
Бузулуп кете таштады

Дагы сунуштайбыз