Кирүү

Канчоронун кан болушу

Бөлүнгөн бөксө жол менен,
Жедигердин зор Кыяз,
Бөтөнчө душман кол менен,
Канчорого барганда
Барып кеңеш салганда,
Ал Канчоро капырың
Той кылышка ой кылып,
Сары каймал төө союп,
Сандап жаткан бээ союп,
Сайылган бактын баарысын:
"Канчоро кандын багы — деп, —
Салынуу турган алтын так,
Канчоро кандын тагы" — деп,
Атактуу көк жал аттарын
Айттырбастан жойдурду,
Канчоро атын койдурду.
Киши тапкыс ой кылып,
Адамдан сайып алты жүз,
Ат чаптырып, той кылып,
Коркутуп калкты чогултуп:
"Канчоро кан болду" — деп,
Ааламда жок ой кылып.
Ал Канчоро капырың
Алтын таажы кийгени,
Алтын такка мингени,
Аргын менен кыргызга,
Каары ашкан жан болду.
Кайран элди кар кылып,
Канкор чоро Таласка
Каарын төккөн кан болду.
Кан болгондо Канчоро
Элге өкүм чачты эми:
"Миң карача төө бер — деп,
Миң кара кашка бээ бер — деп,
Бир миң төөгө чай бер — деп,
Миң атанга жүк чыкчу
Кызыл алтын зер бер" — деп,
Калкка алым салды эле.
Алымына чыдабай,
Көңүлгө батпай көп санаа,
Көзүнүн жашы миң талаа,
Капчалга качып, топтошуп,
Капчал тоого токтошуп,
Өскөп ыйлап кайран журт,
Семетейди жоктошуп:
"Кечээ жылгындуу Кең-Кол оюнда,
Кең Таластын боюнда,
Кара-Буура, Чаткалда,
Кайкалап көп эл жатканда,
Көк түс бойлоп кончу элек,
Канжайлак менен Суусамыр,
Жерди жайлап турчу элек,
Жыргал көк жал, өлбөй кал.
Канчоронун кордугун
Мендесине бербей кал!
Тору ала жорго тай бербей,
Кан экен дебей, Семеңе,
Томуктуу жилик эт бербей,
Жатуучу белек кайкайып.
Кымбат көк жал барында,
Кымыз ичип кызышып,
Чекеден терди сызышып,
Жерге-Тал бойлой кончу элек.
Эр көк жалдан айрылып,
Кордук көрүп өлдүкпү?
Зор кыямат тозокту,
Тирүүбүздө көрдүкпү?
Кокуй, Семең өлбөй кал!
Ата болуп асырап
Эне болуп сактаган
Эрден султан өлбөй кал!
Бейпайды бул эл көрбөй кал!
Кабылан көкжал барында,
Булут минип, муз бүркүп,
Муз мурутча жүрдүкпү?
Канчоро кан болгон соң
Качып кирер эл таппай,
Тирүүлөй кирер көр таппай,
Өрттөнүп жанып, күйдүк го.
Бороон күптү биз болуп,
Кайда калар экенбиз
Буудан шерден айрылып,
Буркурап ыйлап кайгырып,
Бутка чокой тартынып,
Сайда калат экенбиз.
Бузук мүшкүл күн көрүп,
Таң атпас күүгүм түн көрүп,
Качып, тентип, сабылып,
Моюнга куржун салынып,
Жаханнамды кыдырып,
Кезип кетер бекенбиз.
Жайсыз канга кезиктик,
Жай таба албай кайран журт,
Безип кетер бекенбиз.
Күл азыкты чачарбыз,
Күүлөнчү болсо Канчоро
Күйүтүнө ким көнсүн,
Туш-тушту көздөй качарбыз,
Жейт-Кайтка жете өтөрбүз.
Канчоронун каарынан
Чыдабай тентип кеттик — деп,
Арт жакка айта кетербиз.
Өлбөчүдөй жутунуп,
Тонбоочудай кумтунуп,
Боздой-боздой өтөрбүз,
Кыйлабыз качып Алтайга,
Кыйналарбыз далайга,
Өксөгөндөн күйөрбүз,
Кабылан баатыр өттүң — деп
Семетей кошуп жүрөрбүз.
Э, атаңдын көрү кайран журт,
Кулаалы учат жерине,
Кандан кордук көргөндө,
Курама кетет элине.
Түлөк куш учат жерине,
Каны катуу иш кылса
Тентиген кетет элине,
Деп эл чуулап турганда,
Кырк чоронун даанасы,
Кутубийдин баласы,
Тоюна токсон сойдурган,
Акжолтой деп койдурган.
Журт чуркурап турганда,
Акжолтой айтты бул кепти:
"Айчүрөк айым ичинде, —
Айкөлдөн калган мурапы,
Алты айлык талгак бала бар,
Жети жылы болгуча,
Бул Канчоро канкордун
Дегенине көнөлү,
Алымын чыдап берели,
Айткан ишин кылалы.
Айчүрөктүн баласы,
Эгерде эркек уул болсо,
Колго мунар болууга,
Чокмор кылып алалык.
Кайрандан калган белек деп,
Караан кылып алалык.
Журт бүлдүргөн чорого,
Керишти кенен салалык,
Жетим жүрүп жетилсе
Жеткилең бир кек алалык.
Ажалдуубуз өлөрбүз.
Кадыр алла салганын
Маңдайга жазса көрөрбүз.
Кан болгон Канчоронун
Жети жыл каарын көрөрбүз.
Төрөлүү биздин кайран журт,
Төрөбүздөн айрылып,
Тентийбиз кайда кайгырып?
Канчоро каардуу болду — деп.
Айрылбайлык калайык,
Ала-Тоо сонун жериңден",
Кара тилин кайраган,
Кан алдында сайраган,
Кадимки чечен Акжолтой
Өксүп кеткен көп элди,
Качырбастан боздурбай,
Туш-туш жакка тоздурбай,
Кыргызды тосуп калды эми.
Акжолтой оозун жыйгыча,
Кудай бетин көргөзбө,
Асманга учуп топурак,
Көп кол кайнап топурап,
Сурнай үнү заңкылдап,
Жезнай үнү бапылдап.
Чыбыр тартып кең майдан,
Чымчык учпас кең жайдан,
Чоң-Жылгындын оюнан,
Кең өрөөн Талас боюнан,
Боз ала желек туу болуп,
Бой-бойлогон чуу болуп,
Желектүү найза алыптыр.
Жер жарылган чуу баштап,
Жедигердин кан Кыяз,
Канчорого барыптыр:
"Достум, жакшы келдиң" — деп,
Канчоро кан күүлөнүп,
Эр Кыязга сүйлөнүп;
"Калың кара жедигер,
Колуңарга кубанам,
Кол берериң эр Кыяз
Зоруңарга кубанам.
Керүүгө айыл конуптур.
Кечикпей жолуң болуптур.
Аргын жолго конуптур,
Аябай жолуң болуптур.
Мыкты журт элең жедигер,
Билген чырды кылыңар,
Кыйындап мүшкүл салыңар,
Кызыталак каңкордун
Кыйласын талап алыңар.
Тобуна мүшкүл салыңар,
Тополоңун тоз кылып,
Токтотпой талап алыңар.
Жайлап салдың, жедигер,
Таластын тоодой дөөсүн!
Жабыла кирип, жедигер,
Ордосун бузуп, дилде алгын!
Оймок ооз, бото көз,
Опсуз сулуу кыз-келин
Так олжо кылып, минди алгын!
Кайраттуусун күң кылгын,
Эр Семетей өлгөндө,
Олжосун мынча алдык деп,
Калайыкка дүң кылгын!
Жети-Өзөн атак жерине,
Жедигер баргын элиңе.
Алжып калган чалдарын,
Белинен кармап бүктөп кет,
Агар алтын, ак күмүш,
Желмаян билге жүктөп кет!
Олжого бу журт канышсын.
Эчен дүйнө, көп малды,
Жедигер журту алышсын!
Эсепсиз эрдик кылдык деп,
Бир мактанып барышсын.
Жардык кылдым, жедигер,
Көп олжону алгыла,
Канчоро кандын доору деп,
Угуза кабар салгыла!"
Деп ошентип Канчоро
Эл бүлдүрүп, журт бузуп,
Бузук жакка камынды.
Ээ кызыталак, Канчоро
Башынан кар кетпеген,
Боз ала борчук тоо эмес,
Болбогурду көрдүңбү
Же калмактан келген жоо эмес.
Өз болотун мокотуп,
Өз тууганын жоготуп,
Бузулган экен быйыл түш,
Өзүнүн элин талаткан,
Кылымда болбойт мындай иш.
Калың кара жедигер
Акылманы муну ойлоп:
"Кылымдан ишти оңолтсо,
Шайтан болуп кагышып,
Туткагы кармап арам бул,
Биздин Кыяз канды жоготсо,
Айылды чууга салар деп,
— Өзүнүн калкын минетти,
Бизди кайдан аяр — деп,
— Өз агасын өлтүрүп,
Өз тууганын кор кылган,
Кайсы жерде бу шумдун,
Кимге элдиги бар экен?
Жаратылган абыдан
Жаткан кудай каары экен
Биздин эр Кыязга кай жерде
Туугандыгы бар экен.
Улук болду Канчоро,
Канчоро эмес, шум чоро.
Эртеңки күндө чыр кылса,
Керикке кошун артат го,
Кернейин тартат го,
Жети өзөндө жедигер,
Бизди акыры кудай урат го.
Каардуу кыйын неме экен,
Калтырбай журтту кырат го.
Алдатып салып бу шумга
Биздин Кыязды кудай урат го,
Тагына бутун артат го,
Биздин калың кара жедигер
Бир азапты тартат го,
Бу кутурган чоронун
Куйкуму турат көзүндө.
Мунун култулдак турат сөзүндө.
Мунун чаары турат көзүндө,
Чабылып кетсин Канчоро,
Чатагы турат өзүндө.
Ашкере терең ой-ойлоп,
Баш чайкашып, бой-бойлоп,
Жашы менен карысы
Артын ойлоп акыры
Акыл кошпой чорого
Алар эми турду эле.
Ар качандан бир качан
Арамдыгы көп чоро,
Айыкпастай түнөргөн
Арамдыкка көк чоро.
Калтырбай элди чакырды,
Каарланып бакырды:
"Калың кара жедигер,
Каның мында турасың.
Калк эскиртип, журт билген
Баарың мында турасың.
Билесиңер, жедигер,
Айчүрөк долу чатагын,
Ал Айчүрөк долуну
Кыяз кан албай жатарбы?
Ал Айчүрөк катындын,
Кылтылдаган капырдын,
Жергелүү кыргыз салышкан
Көрбөдү беле чатагын!
Алуучу Толтой кан болгон,
Күйүп өлгөн кутургур,
Күлчородон жай болгон.
Өткөн бир иш жайынан,
Айчүрөк долу айынан,
Эрен кожо кан өлгөн,
Эңишкен жандын баары өлгөн.
Жедигер журттун айылы,
Жесир калып зайыбы,
Бузулуп быт-чыт айылы,
Чыкпай калган белгисиз
Жедигердин дайыны.
Кезетиң келди, чырыңды,
Салбайсыңбы жедигер,
Толтоюңдун чын кегин
Албайсыңбы, жедигер!
Кезетиң келди колуңа,
Көрбөйсүңбү, жедигер,
Канкордун катын-балдарын
Бөлбөйсүңбү, жедигер,
Каның айткан жарлыкка
Көнбөйсүңбү, жедигер!
Сансыз дүйнө көп олжо
Таппайсыңбы, жедигер,
Семетей кандын ордосун
Чаппайсыңбы, жедигер!
Жана каардуу катын Айчүрөк
Олжо кылып долуну
Албайсыңбы, жедигер?
Жер, жериңе мактанып.
Барбайсыңбы, жедигер !
Жети-Өзөндөн койбой журт,
Жыйбайсыңбы, жедигер,
Сандаган малды той кылып
Сойбойсуңбу, жедигер!
Күндөй сулуу чүрөктү,
Күйүтү артык дүмөктү
Нике кыйып Кыязга
Койбойсуңбу, жедигер!
Кызык оюн, чоң тойго,
Батканың кандай, э Кыяз,
Ордо күтүп, так минип,
Чоң дөөлөткө керилип
Чоң тамаша, кең жыргал
Жатканың кандай, э Кыяз!
Мээнет катын Чүрөктү
Белек тартып алыңыз.
Канчородой досуңду
Кан көтөрүп салыңыз!"—
Деп Канчоро турганда
Кыяз айтып жардыкты,
Ал Канчоро капырды
Ак кийизге салды эми.
Айланасы чынар бак,
Мунарада алтын так,
Алтын таажы кийгизип,
Алтын такка мингизип,
Кан көтөрүп алды эми.
Дарбазалуу коргонго,
Чачыкейдин ордого,
Жетип келди кабарчы:
"Канчоро кан болду!"— деп,
Айта келди кабарды,
Ошондо, эрке катын Чачыкей
Сүбөлөрү былкылдап,
Сүйүнгөндөн шыңкылдап:
"Кечээ төрө аман барында,
Күйүттүн көбүн билчү элек,
Канчоро менен экөөбүз,
Күбүрөшө жүрчү элек.
Кыраңга элкин конууга,
Эрди-катын болууга,
Убадабыз бар эле,
Сүйүнчүңө алтын ал" —
Деп, арамдыгы билинди,
Канчорого тийүүгө
Чачыкей катын сүйүндү.
Тоюна токсон тай сойду.
Дүнүйөнү тең коюп,
Семетейдин чоң ордо
Жедигерге бастырды
Агар алтын, ак күмүш
Зарып кылып чачтырды.
Кожо, молдо жыйдырды,
Ал Чачыкей катынды
Канчорого нике кыйдырды.
Тамаша курган жыйында
Калайыкка каарын арттырды,
Олуя чал Бакайын
Сексен кыйын балбанга
Өлтүрбөстөн, житирбей,
Көкбөрү кылып тарттырды.
Куудай сакал кубарып,
Куурап турду бабаңыз.
Көзүнүн жашы он талаа
Өлөйүн деп, өлө албай,
Бет бырышып, суюлуп,
Байкуш Бакай абаңыз
Боздогонун "араңыз!
Кең дүнүйө тар болду,
Карганда Бакай кар болду.
Бүгүн көргөн, эртең жок,
Ушундай экен дүйнө шок.
Ич өрттөнүп, боору чок,
Чапчышарга чамаа жок,
Бекчейип барып бел кеткен,
Бакай абаң колунан
Бар кайрат качып, ал кеткен.
Ооздон шекер сөз кеткен.
Ойрон абаң өзүнөн
Бадырайган көз кеткен.
Шайман качып Бакайдан
Мүшкүлгө мыктап баткан кез.
Күрсүлдөп көпкөн Канчоро,
Көкбөрү кылып тарткан кез.
Дөңгөлөнүп айгырдын,
Жолунда жүрөт эр Бакай,
Жетимиш балбан жедигер,
Колунда жүрөт эр Бакай.
Кең дүнүйө тар болду,
Кеңешке баргыс зор Бакай
Берендерден айрылып.
Башкача жаман кор болду.
"Жергелеш элим барында,
Элге тутка эр элең,
О, Семетей өлбөй кал,
Кордукту бу жан көрбөй кал!
Айга жолдош чолпонум,
Ардактаган солтонум,
Армандуу жанга керегим,
А дүйнө кеткен Алмамдан
Алып калган белегим,
Жетиктен белин курчанган,
Жети сан кара жоо чыкса,
Жеке кирип кол салган,
Кыраандардын кыскасы,
Кымбаты эле Күлчором.
Сапарым чукул барында
Күйөрүм, — жетим өлбөй кал!
Же куураган карып мен Бакай,
Зымырык этин жедимби?
Сырттандардан айрылып,
Күйүп өлсүн дедиңби?
Картайганда мен Бакай,
Өңгөчө дууга түштүмбү?
Же мүрөктүн суусун ичтимби?
Көп жаңылып курган жан,
Кузгундун көзүн жедимби,
Ар дайымдан, бир дайым,
Айланайын жараткан,
Бакайды куурап өлсүн дедиңби
Олуя заада Каныкей
Белги айткан сөзү эле:
"Аман болсо зилинде,
Душман болот — деди эле.
Эмчек сорсо, кан чыкты,
Орою бөлөк түрүндө,
Душман деген зилинде,
Жүргөнүнөн чуу чыкты,
Бери заада бейбактын
Айткан кеби чын чыкты.
Абайлабай мен Бакай,
Аркы-терки чалыпмын.
Ак сакалым кыркылып,
Абайлабай калыпмын.
Мээнетиме шашыпмын,
Олуям качып башымдан,
Кокуй болгон экемин.
Алысты көрбөй, мен Бакай
Сокур болгон экемин.
Кыйла жыл өлбөй жутунуп,
Кымбатымдан айрылып,
Карыганда мен Бакай
Көкбөрү болдум тытылып..."
Боздой, боздой Бакайдын
Аяр жаны калбады.
Жаак кайрап, тил безеп.
Канчорону каргады:
"Ой, Канчоро кулунум,
Оңбой калган гүл ботом.
Бу кылыгың курусун.
Ымыркай бала кезиңде,
Мойнуңа тумар таккамын,
Боорго кысып кучактап,
Алдейлеп жүрүп баккамын.
Ачкадан өлүп калат — деп,
Казыдан кесип жегиздим.
Каныкейдин эмчегин
Кадиксиз тууган болсун — деп,
Э, арам саа эмиздим.
Калың аргын, көп кыргыз,
Бөтөнчө эл, Канчоро,
Качан "балан" дегиздим?
Эренге канат болсун — деп,
Ээрчитип жүрүп эр кылдым,
Эр уулу менен тең кылдым.
Жетим элең чоң кылдым,
Жетилдирип мол кылдым.
Эрбейген боюң эр кылдым,
Балам, эбегейсиз шер кылдым.
Эрдигиңди арттырдым,
Актаганың ушулбу,
Эңкейгенде абаңды,
Көкбөрү кылып тарттырдың.
Карыган Бакай абакең,
Калкка караан кан эле
Көкбөрү тарттың, Канчоро,
Маа дээр өчүң бар беле?
Эңкейгенде зор Бакай,
Эгиниң кам ордумбу?
Бабаң Балта, Чубактын
Баарысын мен сойдумбу,
Алаңды ала качтымбы?
Ак алтың дүйнөң чачтымбы?
Куланды кууй качтымбы?
Куруткудай сен мени
Куржунда булуң чачтымбы?
Балам, өзөн-өзөн, өзөнчө
Өзөнчөгө конуп кал!
Күйөрүңдөн айрылып,
Өзүң мендей болуп кал!
Балам, өлбөй-житпей көп жашап,
Балам, менин тонум кийип кал!
Балам, жанарыңан айрылып,
Өзүң мендей болуп кал!
Балам, бышарың болсун душманың.
Ичинде калсын бушманың.
Балам, керүүгө бойлоп конуп кал,
Жар-жороңдон айрылып,
Жапаа түшүп башыңа
Өзүң мендей болуп кал!"
Чакчылакей чаң болуп,
Курган Бакай абаңыз,
Мунун дүмөгү мына караңыз.
Ал Канчоро капырдын
Жандаганы өң балбан,
Бакайды кылып көкбөрү,
Канчоро баштап чоң жаңжал,
Коробойт да, ийменбейт.
Каарланып мындай дейт:
"Мен касиеттүү жан болдум,
какбаш
Калайык ийрип, журт бийлеп,
Мен кол токмоктой кан болдум,
какбаш!
Мен уу ачытам күбүңө, какбаш!
Ушинтип жетем түбүңө, какбаш!
Сениң тамырың сууруп алармын,
какбаш!
Саа далай бир тозок салармын,
какбаш!.
Адамдан таш боор Канчоро
Колу, бутун Бакайдын
Көк улактай чойдурду,
Көк ала койдой сойдурду.
Куру дүрмөт ок менен
Буга коюп аттырып.
Буудан Бакай абаңа
Бу мүшкүлдү тарттырып,
Карыган Бакай абаңдын
Мээнет шору көп болду.
Бакай кандын жатканы
Чөп алачык үй болду.
Картайганда Бакайдын
Эки көзү көр болду.
Кадырлуу башы абаңдын
Кара жер менен тең болду.
Каарланып Канчоро
Таласка салды зордукту.
Жалгыз Бакай кары эмес,
Калың элге Канчоро
Көрсөттү эми кордукту.
Кечээ, кайран энең Каныкей
Каалап салган Аксарай,
Ар немеге чак сарай,
Перизаада Айчүрөк
Берен бейбак келгенде,
"Мекен кылып алгын" деп,
Энчи кылып Каныкей.
Бей таалайга бергенде,
Перизаада Айчүрөк
Айланасын бек кылып,
Ортосун алтын так кылып,
Ойронуна чак кылып,
Опсуз кылган Аксарай,
Көк жал шерге чак сарай.
Жакут, кохар ташынан
Аземдетип жардырган,
Айландыра сарайды
Кооздотуп салдырган.
Алтын менен сырдаган,
Күмүш менен чырмаган,
Эки киши унчукса,
Өзүнөн өзү ырдаган.
Карагайдан ноо кылган,
Таштан жыйып тоо кылган.
Айза сайса мадаган,
Алалбай душман жадаган.
Алып адам жетпеген,
Төрт аяктуу айбандан
Чычкан жойлоп өтпөгөн.
Белесин душман чалбаган,
Бет алып адам барбаган.
Айланасы чеп коргон.
Аксарайда Чүрөккө
Куп мураапы Акжолтой,
Акырын жетип барыптыр,
Аябай кебин салыптыр!
Калың кара жедигер
Кырк эки курчап Семеңди
Алганын айтып турду эми.
Аты жок айкөл дардайып
Калганың айтып турду эми.
Өз ичинен жоо чыгып,
Өзөгүнөн дарт чыгып,
Арманын айтып турду эми.
Атсыз калган кайран шер
Арамдан найза жегенден
Айып болду деп уктум.
Өлүп сөөгү табылбай,
Кайып болду деп уктум.
Колоттон туман табылып,
Аркайган тоонун башына,
Карарып булут жабылып,
Томурайып, тоо кулап,
Кыян жүрүп, боор сулап,
Күндүр-түндүр түн болуп
Колотко аңгир суу толуп,
Тескейдеги жыгачтын
Тамыры чыгып сороюп,
Жедигердин арык ат
Такыр өлүп тороюп,
Мураазына баатырдын
Жетип калды деп уктум.
Кайып болуп, айкөлүм,
Кетип калды деп уктум.
Баатырдын айткан кеби эле:
— Карыган энем Каныкей
Маңдай сөөгү кайкы — деп,
— Ар качандан, бир качан,
Күн көрөрү тайкы — деп.
— Кежиге чачы ор эле
Көрөрү калың шор эле.

Ой-пикирлер