Калмак жана Манас

Калмактын Кочку балбаны жети жүз кол менен жер коруп келип, Манаска катылып, Манас аларды такыр кырганы

Айтып оозун жыйганча,
Бай Жакып ачуу тыйганча,
Кудай бетин көргөзбө,
Боз ала желек кызыл туу,
Бой-бойлогон ызы-чуу,
Ай касаба кара туу,
Айкайлаган ызы-чуу,
Манжуунун ары бетинде,
Каңгайдын бери бетинде,
Эсенкандын элчиси
Кара калмак, манжуунун
Жер кайтарган жерчиси
Ушакчыдан кеп угуп:
"Бурут Жакып кыргыздын
Бурулбаган көп малы
Жерди жеди", - деп угуп,
Жети асаба туу алып,
Жети жүздөй кол алып,
Жети жүздүн баштыгы -
Жеткилеңи чоң Кочку,
Кочку келип калганы.
Калмактын Кочку балбаны
Калайманды салганы.
Кырк үйлүү кыргыз Жакыптын
Түбүнө чогуу жетүүгө,
Камынган экен ал чочко
Түгөл кырып кетүүгө,
Буласын булап алууга,
Бузукту мыктап салууга,
Күтүнгөн экен ал чочко
Жакыптын малын алууга,
Эсенкандын казына
Алпарып аны салууга.
Кочку келди короктоп,
Балбандары сороктоп,
Кызыл жээрде ат минип,
Каарланып аттанып,
Эсенкандан кат алып,
Кайран Кочку канетсин
Кароолчудан ыктуудан,
Айза сайчу мыктуудан,
Жети жүздөй кол алып,
Келген экен ал Кочку
Күрмөчөсүн күлдүйтүп,
Баданасын барбайтып,
Асманга учуп топурак,
Аскер жүрүп, топурап,
Асынганы аскердин
Алеңгир жаа, сыр жебе
Бай Жакыптын башына
Жетип салды аңгеме.
Өкүрүгү таш жарып,
Кочку келди күүлөнүп,
Кыйкырыгы баш жарып:
"Кызыталак, куу мурут,
Жүргөнүң бузук, чуу бурут,
Баашалыктай мал күтүп,
Кутурупсуң, калыпсың,
Алтайга айдалып келип бай болуп.
Дегениме көн, бурут,
Балаң тентек Кыргыздан минтип айдалдың,
Кыйырыңды таппай сандалдың.
Баашалыктай мал күтүп,
Береки Алтай бөксөсүн
Жандап жүргөн экенсиң:
"Баламдын аты Жинди", - деп,
Бадышабыз Эсенкан
Алдап жүргөн экенсиң,
Мытаамдыгың башынан
Ашыра жүргөн экенсиң,
Дүмпеки Манас уулуңду
Жашыра жүргөн экенсиң,
Элиңе келип бай болуп,
Көңүлүң күндө жай болуп,
Этейин деген экенсиң,
Эң алыста калган кыргызга,
Эптеп жүрүп бир күнү
Кетейин деген экенсиң,
Алтындан тапкан сан кара
Чачайын деген экенсиң,
Ашкере бурут журтуңа
Кызыталак, куу бурут,
Качайын деген экенсиң.
Уулуң Манас канкордун
Канкордугу билинген,
Эр Эсенкан улуктун
Даңзасына чийилген.
"Баламын аты - Жинди", - деп,
Кызыталак бай Жакып,
Кылганыңды кантейин!
Эсенкандын кеби бар
Кырк үйлүү кыргыз бай Жакып,
Сени кыйратсын деген чени бар,
Деген сөзгө көнүңүз,
Тентек уулуң Манасты
Эсенкан канга бериңиз.
Ал айтканга көнбөсөң,
Уулуңузду бербесең,
Бузук салып чыр баштайм,
Жаккан отуң өчүрөм,
Эсенкандын алдына
Жан-жабылта көчүрөм.
Акбалтай, Жакып байыңды
Азыр табам жайыңды,
Чыгарамын этиңден
Сөөгүңдөн чыкчу майыңды.
Кан буйругу - кыямат,
Ал балаңды бербесең
Айылыңа салам кыянат".
Күрмөчөсүн күлдүйтүп,
Күчөп келип турду эми.
Кайраты бийик, заары күч,
Каарланган ал капыр
Катылса кылат кырып түз.
Буйрук алган канынан,
Бу балбанды көргөндө
Калайык жандан түңүлдү.
Кочку турду күрсүлдөп,
Каарынан капырдын
Жер айрылды түрсүлдөп,
Ачып көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Барабан үнү бапылдап,
Чыңыроон үнү такылдап,
Мылтык атып, жаа тартып,
Чаң обого бурулуп,
Балбаны тыйпыл чогулуп,
Күрмө кийген күчтүүсү,
Каары толук капыры,
Жети жүз экен балбаны,
Добулбас бекем кагылып,
Элчиге келген Тагылык,
Эр Кочкусу баш болуп,
Жылкы тийди жабылып.
Адырда жылкы ала баш,
Ал жылкынын ичинде
Аргымак, буудан аралаш.
Кочку менен Тагылык,
Жети жүз балбан баш болуп,
Жылкыга кирди жабылып,
Желе кыркып, чуу кылып,
Кырк үйлүүгө сын кылып,
Буйрук алган канынан,
Бай Жакыпка чыр кылып,
Калмактан көрүп кордукту,
Катын-бала күйүнүп,
Кайран Балтай, бай Жакып:
"Туткунга туура калдык" - деп,
Кайран жандан түңүлүп:
"Кочкудан кордук көрдүк - деп,
Каяшаяк биз берсек,
Бирөөбүз калбай өлдүк - деп,
Малды алса кытай алсын - деп,
Казынага салсын - деп,
Кадыр Алда кудурет,
Кайран жан аман калсын!" - деп,
Бузукту Кочку баштады,
Кырк үйлүү кыргыз, кайран журт
Жандан кечип таштады.
Эсенкандын алдынан,
Атайы каалап кыргызга
Барганы келген кези экен,
Балакетти Жакыпка
Салганы келген кези экен,
Сан карасын бир тийип,
Алганы келген кези экен.
Кереге, уугун кыйратып,
Келин, кызын ыйлатып,
Керүүдөгү жылкынын
Баарын тийди чуулатып,
Ал аңгыча болгон жок,
Он экиде эр Манас
Минген аты Торучаар
Жоо-жарагын шайланып,
Кыны жок кылыч байланып,
Кайра жаачу булуттай
Каары бетине айланып,
Тегерегин карабай,
Теги жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай:
"Күрдөлүү башым барында
Күлүгүм кантип берейин,
Күчөгөн экен бул калмак
Мен бир күлжүктөшүп көрөйүн.
Маанилүү башым барында
Малымды кантип берейин,
Кутурган экен Эсенкан
Муну менен кулжуңдашып көрөйүн.
Балбанын байлап алайын,
Эр Эсенкан канына
Балакетти салайын,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарайын.
Билген чырым кылайын
Эсенкандын балбанын
Так бирин койбой кырайын.
Күчөгөн экен бул капыр
Катылып кирген капырды,
Өзү тийген баатырды
Бээжинге чейин кубайын.
Алтайдагы капырды
Каңгайга айдап тыгайын,
Каңгайда кара манжуусун
Бээжинге айдап тыгайын.
Бул кызыкты кылбасам,
Так ушинтип кырбасам,
Туубай туна чөгөйүн
Тирүү жүрбөй өлөйүн.
Кызыккан экен бул кытай
Кыргындашып көрөйүн,
Өзү тийген капырды,
Кадимки Кочку баатырды
Жылкымды тийип алгыдай,
Бузукту мурда салгыдай,
Абийири жок капырдын
Алтынын талап алдымбы?
Артык доого калдымбы?
Эр Эсенкан кан менен
Чийишейин сызыкты,
Оюна койсом бул кытай
Айдай качат малымды,
Тутанып өлгөн бул чочко
Койбойт экен жанымды,
Оюна койсом бул кытай
Баштайт экен кызыкты,
Салат экен кыргызга
Киши көрбөс бузукту.
Кара курттай быжырап,
Өнгөн кытай экен го,
Союп, талап, зордуктап,
Көнгөн кытай экен го,
Кайран башым барында
Калкымды кантип берейин,
Кадыр Алда колдосо,
Кайнап жаткан кытайга
Кармалашып көрөйүн.
Айза кармап топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп:
"Тобокел" - деп, бел байлап,
Туу кармашып турушуп,
Тууган үчүн ит менен
Турбай кирип урушуп,
Кыргынды кызык салам - деп,
Кытай алган жылкымды
Ажыратып алам", - деп,
Ак күбөнү жамынып
Көрчү болсоң Манасты
Ак жолборстой чамынып.
Ак күбөнү кийиптир
Торучаарды миниптир,
Өрттөй көзү жайнаптыр,
Кан ичмеси кармаптыр,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш -
Кашкайып чыгып алыптыр,
Ачуусу келип бөлүнүп,
Ар мүчөсүн карасаң,
Арслан сындуу көрүнүп.
Каарланып каркыбар
Сөлөкөтү-сөлбөтү,
Атка минген келбети
Караса көзгө көрүнүп,
Миң кишидей көрүнүп,
Адам, Шай колдогон кабылан,
Алты шердин кенжеси
Алданын сүйгөн мендеси -
Телегейи тең ошол,
Шай колдогон шер ошол.
Ичин карап отурсаң,
Жер жүзүнөн кең ошол
Беттешкен тирүү калбаган,
Бет алып адам барбаган,
Белгилүү шердин бири ошол,
Берен Манас шер ошол.
Колдогону бир тогуз,
Ошол күнү Манасты
Колдоп алган кези экен.
Кара чаар кабылан
Жоону көздөй бет алса
Капталында чамынып,
Чолок көк жал арслан
Жолдош болуп баатырга,
Арт жагында чамынган.
Кырк чилтен, Кызыр Ныязы
Жолдош болуп баатырга
Сүрөөн салып жабылып,
Сүрөөн салып Манаска
Менде азар салгысыз,
Беттешип кирип кабылган
Өлбөй аман калгысыз,
Телегейи тең экен,
Ичин карап отурсаң
Жер жүзүнөн кең экен.
Таалайын артык жараткан
Канкор Манас шер экен,
Калык кармап, журт билген
Зардал сыны бар экен,
Калк айдап, журт билген
Балбандык сыны бар экен.
Жер жүзүнө калайман
Салчу сыны көрүнөт,
Жеке кирип талкалап,
Жети капка Бээжинди
Алчу сыны көрүнөт.
Каарланып аттанат,
Арсландын өзүнө
Ажалдуу киши капталат.
Түрүн көрсөң баатырдын
Темирден салган коргондой,
Кочку турмак, катылса
Эсенкан аман болбостой.
Кабагы бийик, заары күч,
Катылганды кылат түз.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Майлаган буудай жүздөнгөн,
Күүгүм туман көздөнгөн,
Жакып байдын жаш Манас
Жеткилең белин курчанып,
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Каарланып бакырып,
Арт жагынан кырк бала
"Манастап" ураан чакырып,
Жолсуз жерге жол салып,
Кыраан Манас кабылан
Кочку баштап ошондо
Жети жүзгө кол салып,
Орто жерин зор Манас,
Он экиде кези экен,
Оюп келип берди эле.
Кыл ортосун кырк бала
Камап келип берди эле.
Орто жерин ойронуң
Оюп чыгып баратат,
Астындагы Торучаар
Айкай укса бөлүнүп,
Чуу чыкканда жаныбар
Тулпарлык сыны көрүнүп,
Айкай укса шашпаган,
Айдын караңгысында
Бир изин ката баспаган,
Чуу укканда бөлүнүп,
Астындагы Торучаар
Тулпарлык сыны көрүнөт.
Чуркаганда кара жер
Кат-катынан бөлүнүп,
Тайгылган жок бийиктен,
Такыр жери кем эмес,
Ташка баскан кийиктен.
Кагышка минсе камсыкпай,
Чабышка минсе чарчабай,
Оорукка минсе оорунбай,
Кетмен туяк, кең соору
Кенен жердин тулпары,
Кара байыр казанат,
Калбыр өпкө, жез билек
Манас кандын Торучаар
Ээленип, жулкунуп
Кагышка кирип барганда
Эри өлгөндөй булкунуп,
Баскан ташы быркырап,
Жолум үйдөй чоң даңкан
Жолборс Манас көк жалдын
Төбөсүндө чыркырап,
Койдой эти бөлүнүп,
Коёндой жону түзөлүп,
Араандай оозу ачылып,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроого чачылып,
Ээлендирип, жулкунтуп,
Эр Манас кирди кагышка
Торучаар менен жулкунтуп.
Комокойлуу сыр найза
Колойтуп өйдө аштады,
Койгулашкан душмандан
Коркуп колтук ачпады,
Койгулашкан адамды
Коёндой жерге таптады.
Айзасын канга чыктады,
Атышка келген балбанды
Коёндой жерге ыктады:
Жылкы тийип калганда,
А деп айгай салганда
Жети жүз эле балбаны,
Айгайлап колду салганда
Эчтемеси калбады.
Ойкуп Манас кол салса,
Он эки балбан сулады.
Баданачан балбаны
Өлүп жатат сырайып,
Күймө кийген балбаны
Өлүп жатат тырайып,
Белгилүү өлүп, жан өлүп,
Жети жүз экен балбаны
Кездешкендин баары өлүп,
Бузуктун баары тыйылып,
Жылкынын баары жыйылып,
Ойрон Манас кабылан
Ойкуп-ойкуп кеткенде
Он эки балбан сырайып.
Ойрон колду салганда,
Бет алгандын баарысы
Аттан түшөт сырайып,
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Калайманды баштады,
Жети жүз экен балбаны
Жетик Манас канкоруң
Жетип кырып таштады.
Балбан эри Кочкусу
Бир дүмөктү салууга,
Жаш Манасты саюуга,
Аңгемени салууга,
Ою кетти кызыталак
Эсенкандын алдына
Манасты байлап барууга.
Чылгый ичи өрт жанып,
Чын найзаны колго алып,
Чын жээрдени бир салып,
Каарланып бакырып,
"Мөндүлөп" ураан чакырып,
Көк күбө тону көрүнүп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Каарланса капырың
Ала-Тоодой көрүнүп.
Ошол келген Кочкунун
Жан казандай башы бар,
Жаткан иттей кашы бар,
Мурутуна караса
Өтөккө чыккан чалкандай,
Канжасынын кирин көр,
Балдар көөлөп жеген талкандай,
Аркасында айдары
Айгыр аттын жалындай,
Балбан Кочку эр экен,
Эсенкандын алдынан:
"Манасты байлап келем", - деп,
Кезенип чыккан кези экен.
А дагы алышканды койбогон,
Бир чочконун этине
Бир жегенде тойбогон,
Атка оюнчу, жөө күлүк,
Ардакталуу чоң балбан
Көзү көрдүн оозундай,
Көрүнгөндү соргудай,
Мурунунун таноосу
Бурулуш жылга буткулдай,
Кезиккенди ал Кочку
Жөн эле аты менен жуткандай.
Бул Кочкунун жайын сураба
Миң балбандык түрү бар,
Муну эңкейтип менде алабы?
Буга кез болгон тирүү калабы?
Мунун атасы кытай долусу,
Адам тилин билбеген
Айбанга чалыш доңузу,
Ачууланып Манаска
Каарланып барбайып,
Чоңдугу тоодой дардайып:
"Он экиге келипсиң,
Сексен Манас болсоң да
Бүгүн менден өлүпсүң.
Түбүңө чогуу жетемин,
Бай Жакып атаң баш кылып,
Баарыңды байлап кетемин,
Түп көтөрө куу бурут,
Түбүңө чогуу жетемин.
Ойноп койсо, сен бурут,
Каарлуу дүмөк баштадың,
Жети жүз эле балбаным
Такыр кырып таштадың.
Каарым келди, какайдым,
Казыр жетем түбүңө,
Алтайдан тием көчүңдү,
Кызыталак, куу бурут,
Азыр алам өчүмдү,
Кырк беш жаның болсо да
Кызыталагым, койбоймун".
Каарланып, күпүлдөп,
Кайраттанып капырга
Жер айрылып дүпүлдөп,
Жекеге чыкты эр Кочку,
Төбө чачы сексейип,
Кайраттанып чамынып,
Кол салууга Манаска
Кочку турду камынып,
Ошол кезде Манас кан
Таалайы артык жаралган,
Торучаар санга бир салып:
"Тобокел" - деп, кырааның
Сыр найзаны колго алып,
Бели артында бекчейип,
Кабыргасы бириндеп,
Караса көңүл бөлүнүп,
Каарланган канкордун
Кан ичер чагы көрүнүп,
Жетик Манас көк жалың
Жебеден мурун жетти эле,
Жеткен жерден Кочкуну
Көмө коюп өттү эле,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Тоо ураган эмедей
Аттан кулап түштү эми.
Акбалтай менен бай Жакып
Арага түшүп калганы,
Атасы Жакып муну айтат:
"Жалгыз уулум, Манас кан,
Каарды катуу баштадың,
Каран түн, мүшкүл чыр салып,
Калмактын Кочку балбанын
Такыр союп таштадың.
Калың каздың оруңду,
Кайнатмак болдуң шоруңду,
Көргөзмөк болдуң, кулунум,
Киши көргүс сонунду.
Алтайга келдим айдалып,
Айламды таппай сандалып,
Айла кетип каңгырып,
Азып келдик тыяктан.
Көп кыргыз журттан айрылып,
Түшүп кетип тереңге,
Атадан сегиз уул элек
Бирөөбүз кеттик Эйренге.
Алтай да бизге жер эле,
Манжуу, калмак аралаш
Ушул журт бизге эл эле,
Ордолуу журтка катылып,
Чечтирмек болдуң тонумду,
Салмак болдуң башыма
Тентек чыгып, кулунум,
Киши кылбас сонунду,
Муну укканда, кулунум,
Кара калмак, манжуу журт
Казат экен орумду.
"Уулуң тентек чыкты", - деп
Кайнатат экен шорумду,
Талатмак болдуң үбүмдү,
Тентек чыгып, чунайгыр,
Түгөтмөк болдуң түгүмдү.
Эми кытай алат коюмду,
Түгөтөт экен бу кытай
Капкайдагы оюмду".
Кейип Жакып турганда,
Акбалтай кирди күүлөнүп,
Бай Жакыпка сүйлөнүп:
"Кейибе, Жакып, жөнү жок
Кейиген адам оңобу,
Ушул сенин кейишиң жакшы болобу!
Ажалы жеткен өлбөйбү,
Алданын башка чийгенин
Чиркин, бул баш көрбөйбү!
Эселек Жакып, не дейсиң,
Эркек балаң шок болсун,
Шок болбосо ал бала
Туулгуча жок болсун,
Эркек балаң эр болсун,
Эр болбосо ал бала
Туулбай кара жер болсун,
Талаага салган ордо бар,
Кочкудан колго түшүргөн,
Жети жүз тулпар олжо бар,
Олжого бүгүн туналык,
Так жети жүз тулпарды
Бөлүп олжо кылалык".
Акбалтай айтып ар кыл сөз,
Айтып оозун жыйганча,
Кабылан Манас чамынып,
Калайманды салганы,
Астыңкы Кочку балбандын
Башын кесип алганы.
Жети жүз экен тулпары
Олжо кылып келгени,
Ата уулуна кылдай тең
Олжодон түшкөн тулпарды
Такыр бөлүп бергени.
Эбин тапкан кээ бирөө
Олжого тулпар мал алып,
Эң жаманы кыргыздын
Кызыл алтын, зер алып:
"Кымбат тууган Манасты
Аман-эсен койсун, - деп,
Кейибе, Жакып, бул ишке,
Көк жал Манас шер ушул,
Аман болсо карап тур,
Күптүңдү чечер шер ушул,
Күрдөлүү чечен эр ушул.
Үзүлгөнүң улоочу
Чачылганың жыйноочу,
Өчкөн отуң тамызат,
Аман болсо бул бала
Өлгөн жаның тиргизет.
Кайнаган манжуу, капырдан
Сурагын сурап, кан болот,
Аман болсо көрөрсүң
Муну менен сумсайган киши
жай болот.
Кырк үйлүү кыргыз бул журтту
"Күн көрсүн" деген бул экен,
Күйүккөн жүрөк басуучу,
Умачтай көздү ачуучу,
Астыга салса акжолтой,
Айдап жүрсө сан колдой,
Койчу, бай Жакыбым,
Ачылган артың жабылды,
Манасты берди жараткан,
Абийир эми табылды.
Берекеси белестей
Бел эмеспи бул балаң,
Белге таңуу чын көк жал
Шер эмеспи бул балаң.
Аман болсо Манасың
Күрдөөндү тапчу шер болот,
Аман болсо Манасың
Күлкүңдү тапчу шер болот.
Туурдугуң май кылат,
Туураланба, бай Жакып,
Туура кудай берди го,
Сени туш-туш жерге кан кылат.
Керегеңди май кылат,
Кейибегин, бай Жакып,
Сени кез болгон жерге кан кылат.
Сенин санааңды жетик болтурат,
Сайышкан жерден олжо алып,
Сандыгыңдын баарысын
Сары алтын мүлккө толтурат.
Көңүлүң менен болтурат,
Көмүркөйүң баарысын
Көк күмүш мүлккө толтурат.
Аман болсо бул Манас
Добул келсе жел тийгис,
Булуң токой, чер болот,
Доочу келсе мал бергис,
Кара көк жал эр болот.
Кырк үйлүү кыргыз эл элек,
Калыктан зарлап бөлүнгөн,
Караан кылып отурам,
Ошол кыргыздай Манас көрүнөт.
Кайгырасың жөнү жок:
"Балам тентек чыкты", - деп,
Кайгы төлөө болобу?
Кайгыланба, бай Жакып,
Өлүмдөн корккон оңобу?
Манастын тапкан олжосун
Кырк түтүн бөлүп алалык,
Эртең ажал келгенче,
Семирип-сергип алалык!
Жараткандын чийгенин
Төбөгө келсе көрөлүк,
Жалгыз Манас уул үчүн
Калың какан, кытайга
Курмандык болуп өлөлүк,
Кулжуңдаба, бай Жакып,
Бүткүл малды чачалык,
Медер кылып Манасты
Кыргызды көздөй качалык!
Бул Алтайга турганда
Не мураска жетебиз,
Медер кылып Манасты
Жүр, кыргызга кетелик!
Кырк үйлүү кыргыз журт элек,
Тирик эмес, өлүү элек,
Өлгөн жандын бири элек,
Кайнап жаткан капырдын
Ортосунда турабыз,
Кай жерде биз тирүү элек?"
Акбалтай айтып кыйла сөз,
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп,
Медер кылып Манасты
Кочкорун биттеп, ирик кылып,
Коюнун баарын түрк кылып,
Букасын биттеп, уй кылып,
Айгырын биттеп, ат кылып,
Буурасын биттеп, бой кылып,
Кайран кыргыз ошентип,
Кача турган ой кылып,
Кудуретке жалынып,
Кымбат журтту табууга
Кайран кыргыз камынып.
Жети жүз балбан, эр Кочку
Баары катар өлгөндө,
Көп дүйнөсүн чачканда,
Кытайлардан Тагылык
Кечээ, Эсенкан көздөй качканда
Көктөн жылдыз тутулуп,
Көрбөй Манас калганы.
Тагылык качып кутулуп,
Ашып-шашып жол жүрүп,
Арада эчен мол жүрүп,
Алтын түркүк чатырга,
Эр Эсенкан баатырга,
Капкасы темир ордого,
Эр Эсенкан баатырдын
Бадышалык коргонго
Тегереги чынар бак,
Бул чынардын ортосу
Эсенкандын алтын так,
Көрсө кумар канылуу,
Түрлүү-түрлүү килемден
Алтымышы салынуу,
Ал килемдин кызыгы -
Кырк жыл сууга чыласа
Кыярып чети оңгусуз,
Сексен жыл сууга таштаса
Серпилик чирип болгусуз.
Сейил курган багында,
Отуруптур Эсенкан
Бадышалык тагында.
Эсенкандын жанында
Шуру отогот, маржан таш,
Луң-туңдун каны аралаш,
Карапчысын калдайткан
Кан сонуну ошо жерде.
Күрмөчөсүн күлдүйтүп,
Күчтүү балбан дагы бар,
Адам башын чабуучу
Кылыччаны кошо бар,
Балтачаны балбаны
Каркыбар кандын жанында
Даяр болуп калганы.
Кериги бар, били бар,
Кез келгенди соо койбой
Союп иймей жини бар,
Балтаны алган баатыр бар,
Каны буйрук кылганда
Жөн эле калайман салчу капыр бар.
Балбаны бар, алпы бар,
Бардыгерди жыйнаган
Бадыша экен Эсенкан
Бар келүүчү байдадан
Жыйнаган экен каркыбар.
Эсенкандын алдында,
Кире турган эшикте
Кырк аркан бойлуу ору бар,
Кырк желдети дагы бар,
Анда алтымыш дөөсү байлалуу,
Каны буйрук кылганда
Адамдын чыгат далдалы.
Ажайыпка алдырган,
Капкасынын оозунда
Кылыч тумшук били бар,
Доор кыямат болгуча
Алдырбоочу түрү бар.
"Айт!" - дегенде жабылган
Желдеттери жетимиш,
Адамдын мурду-кулагын
Тумар кылып тагынган.
Кытайлардан Тагылык
Кыйкырып, качып барганы,
Таазим кылып жүгүнүп,
Кайран жандан түңүлүп,
Кайран Манас канкордун
Кабарын айта салганы:
"Астыңа келген арызчыбыз,
Ай, таксыр, сенин астыңа
Арыз айтуучу датчыбыз,
Баашалыктай мал союп,
Уулуна "Жинди" ат коюп,
Өзү бурут бул Жакып,
Өткөрө канкор баласын
Каткан экен бул бурут.
Кочку баштап, жети жүз
Кан буйругун айтканда,
Буудандын оозун бурганда,
Эсенкандын кабары
Чын ушундай болду", - деп,
Кабар айтып турганда
Калайманды баштады,
Эр Кочкуну баш кылып,
Жети жүздөй балбанды
Такыр кырып таштады.
Айдардын баарын жүн кылды,
Адамдын баарын жок кылды.
Кочкуларды коройтуп,
Балбандардын баарысын
Кырып салды соройтуп,
Кыйыны Кочку кан өлдү,
Каарды катуу баштады,
Каран күн бурут көрүнөт,
Балбанды кырып таштады.
Майлаган буудай жүздөнгөн,
Күүгүм туман көздөнгөн,
Жалаяк ооз, жар кабак
Жан коёр адам көрүнбөйт.
Эңчегей бойлуу, кең далы
Эрге ылайык шер экен,
Камынып кармап албасаң,
Зынданыңа салбасаң,
Өлтүрүп башын албасаң,
Тындым кылып салбасаң,
Талкалап кырат алпыңды,
Аман болсо көрөрсүң,
Таксыр, Сенин талкандай чалат калкыңды.
Улук экен, шер экен,
Уйпаланган буруттун
Уулу Манас эр экен.
Он экиге келиптир,
Жашы он сегизге келгенде
Буурсунду бурдурбайт,
Аман болсо көрөрсүң
Чынмачынды, Бээжинди
Кайнап жаткан элиңди
Бул Бээжинге тургузбайт,
Талкан кылат бутуңду,
Каным, Сенин тазалап кырат журтуңду.
Манастын түрүн карасаң
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай
Каары бетине айланган,
Комокойлуу сыр найза
Колойтуп бийик аштаган,
Өзү коркуп колтук ачпаган,
Койгулашкан адамды
Коёндой жерге таптаган,
Билеги жоон, таш жүрөк
Өзү бил мүчөлүү бадирек.
Себилдүүсү сексен төрт,
Анын серп алган жагы кызыл өрт,
Алдап жүрүп ал бурут
Алтайга келип туулган,
Капкара көк жал жалы бар,
Каканчыдан Бээжинге
Калайман салар алы бар,
Мунун жүргөнүнөн жан чыгат,
Мунун добушунан жан чыгат.
Башкы жагың Бакбурчун,
Маңдай жагың Каканчын,
Улукту Дыңшаң кентиңди
Кесип келдик мынчаны,
Бекер туулган жан эмес,
Бекер турчу бала эмес,
Зорлугу тоонун теңиндей,
Кармашкандын баарысын
Каарланып жегидей.
Супатын көрдүм сур жолборс,
Бул бурут өңдүү жан болбос,
Айкырып айза сунганда
Арслан сыны көрүнөт,
Адамдан мындай көрбөдүм,
Таксыр, сенин алдыңа
Араң качып келгеним.
Көрдүм мындай балбанды,
Көзүм көрдү, таксырым,
Барганга кыргын салганын.
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын тийип алганда,
Торучаардай ат минип,
Казып көрдү ойгону,
Баргандардын баарысын
Бирөөн койбой сойгону.
Атын олжо кылыптыр,
Олжого бурут тунуптур.
Бөлөгүн айтып нетейин,
Каным, какшап отуруп,
Кай мураска жетейин.
Туула электе өрттөнгүр
Даңзаңызга чийилген,
Канкор бурут өзү экен,
Он экиге илинип,
Чыгып калган кези экен".

Дагы сунуштайбыз