Семетей. Айчүрөктүн семетейди сындашы

Төрт-Көлдүн төмөн жагында,
Төрөңдүн сайган багында.
Кайнардын кара көзүндө,
Как чынардын өзүндө.
Өзөндүү булак сазында,
Өрдөк менен казында.
Кең Таластын боюнда,
Ала-Көлдүн оюнда.
Ит агытып, куш салып,
Андан алып илдирип,
Жүргөн экен Семетей,
Мындан алып илдирип.
Салмагына залкайып,
Буурул ат белин ийилтип.
Каз, өрдөктү байланып.
Канатын жерге чийилтип.
Элирген жаш баладай,
Эки чоро жанында.
Элебестен эр Семең,
Эчтемени жадында.
Акундун кызы Айчүрөк,
Асмандан туруп сынады.
Чалмасын алыс ыргытып,
Чарыктады кыялы:
Манастын уулу Семетей,
Башында суусар тебетей.

Эрлигине ишенип,
Эч нерсени элебей.
Сайрандап жүргөн чагы экен,
Салтанат менен кенебей.
Чынкожо менен Толтойду,
Бучкагына теңебей.
Оң далысы кең экен,
Ойротту бузар эр экен.
Сол далысы кең экен,
Солду бузар эр экен.
Иликтеп анан Семеңди,
Издебей турган эр бекен?
Тилекти берсе колуна,
Тийбей турган шер бекен?!
Келе жатат Семетей,.
Кең көкүрөк, сом далы
Кармашып калган душмандын,
Кан болуп чыгар далдалы.
Арааны аалам аймаган,
Ажыдаардай түрү бар.
Айды чапчып айкырган,
Арстандай сүрү бар.
Бар ааламга бир өзү,
Падыша болчу башы бар.
Он төрт менен он бештин,
Ортосунда жашы бар.
Байкап турат алыстан,
Балбан болчу кейпи бар.
Калың элдей башкарган,
Зардал болчу кейпи бар.
Оттой жанган көзү бар,
Опол тоодой өзү бар.
Ажарына караса,
Ай менен күндүн көркү бар.
Ашык болуп Айчүрөк,
Айланды анын башынан.
Алп экен — деп, кегимди,
Алып берер касыман.
Алтын кемер курчанган,
Ай чагылып, нур чалган.
Күмүш кемер курчанган,
Күн чагылып, нур чалган.
Жанына кылыч байлаган,
Жандашкан жоосун жайлаган.
Белине кылыч байлаган,

Беттешкен жоону жайлаган.
Ак шуңкары колунда,
Ак келтеси жонунда,
Туулгасы башында,
Чарайнасы боюнда.
Астындагы Тайбуурул,
Арыбас күлүк мал экен.
Кара байыр казан ат,
Канаттуу тулпар ал экен.
Аты да бар бир тоодой,
Өзү да бар бир тоодой.
Өжөрлөнсө жуткундай,
Өчөшкөн жоосун бүт койбой.
Ак көөбөнү жамынган,
Алтын менен чордогон,
Жигине күмүш ширетип,
Жибек менен тордогон.
Алты атар огун сологон,
Акыректе кош калта,
Жети атар огун сологон,
Желкесинде беш калта.
Бадана тонун кийинип,
Баатырларга сыйынган.
Балада мындай көргөн жок,
Кара баштуу кыйындан.
Теңдешер пенде жок экен,
Тегеренсе кылымдан.
Абайласаң түгөнгүр,
Айдай бети нур чалган.
Көзүң салсаң түгөнгүр,
Күндөй күлүп нур чалган.
Кабаттап темир кийинген,
Жарагын жанга илинген.
Жабдынып темир кийинген,
Жанына жарак илинген.
Кызыл буурул ат минген,
Кыл куйругун шарт түйгөн.
Караса көзү от чалып,
Кайрылып кара жан күйгөн.
Ала-Тоодой залкайган,
Кармагандан кан чыккан,
Карагандан жан чыккан.
Чолпону жанып маңдайдан.
Бет алса душман чекеге,
Чыккандай жалгыз жекеге.

Аны менен кездешкен,
Кеткендей узап Мекеге.
Үстүнө кийген буулумдун,
Үпчүлүгү бир тогуз.
Атадан калган Аколпок,
Топчулугу бир тогуз.
Тоого урган жапырып,
Толкуну тоонун шарындай.
Жанар тоодон атылган,
Жалыны оттун табындай.
Колуна найза кармаган,
Коркуп жоодон жанбаган.
Сундуруп найза кармаган,
Сумсайып жоодон жанбаган.
Жолборс жүрөк, шер кайрат,
Жолунан кайта кайтпаган.
Жоолашып душман катылса,
Жой кылып жерди кандаган.
Агарып тиши кашкайган,
Чоң ополдой залкайган,
Баатырлык эмей эмине,
Басташканын ал жыккан.
Барып кирген көрүнө,
Байкабай ага катышкан.
Астындагы Буурул ат,
Алты ай минсе арыбас.
Алтымыш асый болгунча,
Азуусун сөйкөп карыбас.
Кулжа көөдөн, тайган төш,
Жети айга минсе чаалыкпас.
Жанындагы Гүлчоро,
Жалындаган бала экен.
Балалыгы болбосо,
Баатыр болчу жан экен.
Өрөпкүгөн Канчоро,
Өрттөй жанган бала экен.
Өчөшкөнүн соо койбос,
Өжөр бүткөн жан экен.
Бала жолборс Семетей,
Бастырып үйгө келди эми.
Каз өрдөктү байланган,
Чачыкейге берди эми.
Кермесине ат толуп,
Эл казандап калыптыр.
Үйүз-бүйүз эки ордо,

Керилтип тигип салыптыр.
Маңдайдагы секиге,
Маңкайып конду Айчүрөк.
Кашкайган тиги секиге,
Кайкайып конду Айчүрөк.
"Берендин уулу Семеңе,
Беттешпей кантип кетем — деп.
Кайгылуу башын кабарын,
Канткенде ага берем — деп.
Ашык кылып күйгүздү,
Айланып кантип кетем — деп.
Аялы болуп Семеңдин,
Арманга качан жетем?" —деп.
Ары ойлонуп Айчүрөк,
Бери ойлонуп Айчүрөк,
Акыл тапты мамындай
Көп толгонуп Айчүрөк,
Чачыкей келчү булакка,
Барып конду Айчүрөк.
Абысынга арманын,
Айтмак болду Айчүрөк.
Эрке катын Чачыкей,
Ордодон чыкты маңкайып.
Адырдан башын көтөргөн,
Ак кулжадай даңкайып.
Эки жагын каранып,
Карчыгадай таранып.
Кыргоолдой кызыл кылактап,
Асталай басып булактап.
Көк кепич бутта кыйчылдап,
Жылдыздай көзү жылтылдап.
Басып чыкты суйкайып,
Эркелей күлүп шыңкылдап.
Элечек башта койкоюп,
Эркинче жүрүп оштонуп.
Ханышалык доор сүрүп,
Бактысына кош болуп.
Алтындан кылган чоң сөйкө
Акыректе жаркылдап.
Май сооруда чач мончок,
Ар кубулуп шаркылдап.
Жеңин жерге сүйрөгөн,
Желбегей басып үйрөнгөн.
Өкүм менен чамыркап,
Өзүнөн өзү сүйлөгөн.

Алтынга боюн шыбагай,
Ай чагылып жалтылдайт.
Күмүшкө боюн шыбаган,
Күн чагылып жаркылдайт.
Таластагы караса,
Талдай бою буралган.
Чачыкейди Айчүрөк,
Көрүп туруп кубанган.
"Өзү ургаачы эмеспи,
Арыз, муңумду айтайын,
Акылдашып, эжеме,
Андан кийин кайтайын".
Он бештеги кыз болуп,
Оолжуй басып барды эле.
Аны көрүп Чачыкей,
Акылынан танды эле.
Чачыкейдин корккондон,
Жүрөгү чыкты кабынан.
Кармана албай калдастап,
Билеги чыкты сабынан.
Шалдырап бою чиркиндин,
Шайы кетти абыдан.
Акундун кызы Айчүрөк,
Арка чачын булайтып,
Чачыкейге муну айтып,
Ак тамагын кылайтып:
"Шаатемир кызы Чачыкей,
Эжеке, эсен жүрдүңбү?
Эркелетип алпештеп,
Эрмекке бала сүйдүңбү?!
Чынкожо, Толтой эки дөө,
Чыр баштап, чийин чийишип,
Хан Семетей баатырга
Кастык кылып тийишип.
Арага элчи салышып,
Акылдашып алышып.
Аккоенду Чынкожо,
Толтойго берип табышып.
Он эки түмөн кол менен,
Шаарыма барып чабышып.
Жайы-кышы камады,
Жазда эгин эктирбей,
Күздө аштык тердирбей.
Жайлоого кенен жайлатпай,
Куйруктуу козу жедирбей.

Калайыкты какшатып,
Калаамды камап турганда,
Айчүрөктү берсин — деп,
Атамды матап турганда.
Катылган келип душмандын,
Кан кылып колун талкалап.
Калуучу баатыр барбы —деп,
Калкымды менин калкалап.
Асмандап учуп жөнөдүм,
Арманым ушул аркалап.
Арыстанын Семетей,
Арданычу балабы?
Атасы Манас аташкан,
Аялын ал алабы?!
Чынкожо менен Толтойго,
Чындап бүлүк салабы?!
Же кылган иши чалабы?
Тарттырып ийип Чүрөктү,
Талаада же калабы?!
Сулуу кызды алууга,
Жок бекен же анын талабы?
Күнү болуп калат — деп, эже,
Күйүткө мени салат — деп, эже,
Көөнүң күмөн албагын, эже,
Күйөөмдү тартып алат — деп, эже,
Ак ордоңду оңдоюн, эже,
Арамдык кылсам оңбоюн, эже.
Көчкөндө төөңдү комдоюн, эже,
Көөнүнө күмөн албагын, эже,
Кырк жылы кызмат кылайын, эже,
Кыя бассам сынайын, эже".
Арка чачын булайтып,
Этек-жеңин чубалтып,
Чачыкей анда муну айтат,
Кызылдуу өңүн кубартып:
"Кызылды кийген жоебу?
Кыз да сендей болобу?!
Кыз башы менен кыдырып,
Эр издеген оңобу?!
Жашылды кийген жоербу?!
Жаш да сендей болобу?
Атасынын төрүндө,
Эр издеген оңобу?!
Тиериңе эр таппай, .
Сиериңе жер таппай.

Кара көзүң катыптыр,
Кирериңе көр таппай.
Чачың буурул болгуча,
Тишиң буудай болгуча,
Эр албаган эски күң,
Туурук таман кески күң.
Тишиң буудай болгунча,
Көп олтуруп зак болгон,
Саамайың куудай ак болгон.
Керүүгө казан аскан күң,
Кербенчи жолуң тоскон күң,
Жолго казан аскан күң,
Жолоочу жолун тоскон күң.
Аккуу болуп үн катып,
Алыс жолдон түп катып.
Алты айчылык Үргөнчтөн,
Атка минбей жөө басып.
Атаңдай болгон төрөмө
Эр үчүн келдиң үн катып.
Жети айчылык Үргөнчтөн
Желден бетер түн катып,
Энеңдей болгон эжеңе,
Эр үчүн келдиң үн катып.
Атаң укса тыйбайбы?
Айлың ээлик кылбайбы?!
Энең укса тыйбайбы?
Элиң ээлик кылбайбы?!

Арстаным Семетей,

Аялы анын Чачыкей.

Алыс жогол көзүмөн,

Айланбай мени сетердей.

Айдай сулуу Чачыкей

Айчүрөктөн кем бекен?

Арстаным Семетей,

Сени карар эр бекен?

Эриме элчи болчудай,

Эси жок аял мен бекен?!

Эримди тартып алгыдай

Ээнбаш жалап сен бекен?!

Ал кебиңди ит уксун,

Ит укбаса ким уксун!"

Каарданып Чачыкей,

Кайта басты кагынып.

Буулумдан кылган чоң ичик

Буластата жамынып.

Акундун кызы Айчүрөк,
Ардангандан өлбөдү,
Чачыкейден жеме угуп,
Көзүнүн жашы көлдөдү.
"Кылбасам" — деп сага мен,
Кыяматка кектеди.
Кайкып учуп куу болуп,
Канатын катуу сермеди.
Эрке катын Чачыкей,
Эшиктен кирди эңкейип.
Үшкүрүгү таш жарып,
Үстөмөн түштү чекчейип.
Эр Семетей баатырың,
Сар улагын алдырды.
Сууруп алып өпкөсүн,
Чачыкейге чаптырды.
Гүлчоро менен Канчоро,
Кең-Колдун башы көлмөдө,
Жаткан экен жылкыда,
Өзүнчө дуулап ал экөө.
"Эр Семетей баатырга,
Учурашып келсек — деп,
Кол беришип көрүшүп,
Эсендигин билсек" — деп.
Салам айтып жарк этип,
Күлүп балдар шарк этип,
Семетейдин үйүнө
Кирип келди шарт этип.
Эр Семетей баатырың,
Эргип туруп муну айтат.
Каадасынча каткырып,
Кашка тишин кылайтат:
"Чубактын уулу Канчоро,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Эригип калган чагың бар,
Эки бирдей шер чоро.
Атамдан калган Акшуңкар,
Табына келген чагы бар.
Эти катып абыдан,
Бабына келген чагы бар.
Сайран куруп, көл бойлоп,
Сала турган кез экен.
Каз өрдөктү катарлап,
Ала турган кез экен.
Бүгүндөн калбай кайтып бар,

Жылкычыга айтып бар.
Атамдан калган көп буудан,
Экөөң тандап эки ат ал.
Көөнүң чором, таптап мин,
Көөнүң чором, байлап мин.
Куу казык кылып каңтарып,
Көөнүң чором, айлап мин.
Таласты бойлоп куш салам,
Эртеңден калбай эрте кел.
Кара жол чаңын бургутуп,
Кара суудан жете кел".
Эриккен эки чорого,
Эр Семең аны айтты дейт.
"Куп болот" — деп чоролор,
Жылкыны көздөй чапты дейт.
Күүгүм кире, күн бата,
Элдин алды жуп жата.
Алтындан кылган тактага,
Кебезден кылган пактага.
Семетей менен Чачыкей
Айкалышып жатышты.
Аркар менен кулжадай,
Моюн алышып жатышты.
Тараза жылдыз батканда,
Таң кашкайып атканда,
Молдо торгой чуркурап,
Комузун күүлөп какканда.
Эрке катын Чачыкей,
Ордунан турду оолжуп.
"Алда кандай болот" — деп,
Айчүрөктөн коопсуп.
"Кечөө көргөн Айчүрөк,
Кетти бекен оордунан?
Тосуп ал да карабет,
Турат бекен жолунан?"
Муну ойлонуп Чачыкей,
Басып барды шаркылдап.
Алтындан кылган кош сөйкө,
Акыректе жаркылдап.
Акундун кызы Айчүрөк,
Арка чачын булайтып,
Тосуп чыкты булактан,
Ак тамагын кылайтып.
Тозокту салчу ичине,
Толуп жаткан муңду айтып:

"Шаатемир кызы Чачыкей
Кабар салып кайтайын.
Алдыңдан өттүм билбедиң,
Арданганым айтайын.
Эр Семетей баатырың,
Тайбуурул атын миндиби?
Жоодон коркпос эр болсо,
Чүрөктүн жайын билдиби?!
Аташканы Чүрөктү
Аларга алы бар бекен?
Чынкожо менен Толтойго,
Кармашар каары бар бекен?!
Арстаның Семетей,
Намызы жок балабы?
Тарттырып ийип Чүрөктү,
Ал арманда калабы?!"
Айчүрөк муну айтканы,
Эрке катын Чачыкей
Акылынан шашканы.
Айчүрөктү билектен
Кармай калып какканы,
Акылы тайыз албуттун
Айчүрөккө айтканы:
"Ар кубулган карабет,
Айланып учуп келдиңби?
Көз байлоочу шыйкырчы,
Албарсты, же жинсиңби?
Кыз башы менен кыдырып,
Эр издеп кыз келчүбү?
Койнуңда жаткан күйөөсүн,
Колунан бирөө берчүбү?!
Көчүгү курттуу карабет,
Көзүңө колум малбасам.
Күл салып сенин куртуңа,
Күң кылып байлап албасам".
Чымырканып Чачыкей,
Чачтан кармай калганда.
Айчүрөккө асылып,
Ач билектен алганда.
Акундун кызы Айчүрөк,
Аккуу болуп кубулуп,
Чачыкейдин колунан,
Коргошундай куюлуп.
Буйтап канат какканда,
Булакты карай булт этти.

Карматпастан булактын
Кайнарына чулп этти.
Аны көрүп Чачыкей,
Акылынан азганы.
Анда туруп Айчүрөк,
Чачыкейге айтканы:
"Эр Семетей баатырды,
Көргөнүң бүгүн түн болор.
Колума тийсе Акшуңкар,
Башыңа каран күн болор.
Арыстаның Семетей,
Акшуңкар салам — деп айткан.
Кең Таластын оюна,
Ашмураттын боюна,
Бүгүн барам — деп айткан.
Кадырыңа байланып,
Үйдө калса сеники.
Айткан сөзүн аткарып,
Акшуңкар салса меники.
Калың кербен өтүүчү,
Кара жолдун боюнда.
Акшуңкар салып Семетей,
Келатканда жолунда.
Акбула болуп албасам,
Алты түрлүү кубулуп,
Үч көрүнүп өзүнө,
Сыр көрсөтүп көзүнө,
Ар кубулуп калбасам,
Шыйкыр менен тартпасам,
"Була" деп буруп алганда,
Канжыгага чалганда,
Эстен танып эндиреп,
Элебестен калганда,
Колундагы шуңкарын,
Эбин таап ала качпасам.
Акшуңкар издеп аңыртып,
Азапка башын салбасам.
Андан айла болбосо,
Ар кубулуп кылтылдап.
Кара суунун кайнарда,
Ак балык болуп жылтылдап.
Сыр көрсөтүп акпасам.
Сыйкырлап оюн тартпасам.
Балык деп басып аларда,
Качпастан карап жатпасам.

Ак балык деп алганда,
Канжыгага чалганда,
Эстен танып эндиреп,
Элебестен калганда,
Колундагы шуңкарын,
Эбин таап ала качпасам.
Эр Семетей баатырды,
Элиртип кетип калбасам.
Андан айла болбосо,
Жекендүү көлдүн жээгинде,
Шуудураган камышы,
Шабырлуу көлдүн бетинде.
Аккуу болуп албасам,
Куркулдап үнүм салбасам,
Ар кубулуп көзүнө,
Акылын анын тартпасам.
Куу деп кушун салганда,
Алам деп шуңкар барганда.
Ойлоп келген узактан,
Ошондо жетип арманга,
Боосунан кармап албасам.
Кайкып учуп калбасам.
Бармагыңды тиштетип,
Башыңа мүшкүл салбасам.
Акшуңкар издеп Семетей,
Артыман барса меники.
Алдырып кушун аңкыйып,
Үйдө калса сеники.
Ала көөдөк Семетей,
Шуңкарын издеп барбаса,
Аташканы Чүрөктү,
Аялдыкка албаса,
Сала турган шуңкарын,
Эр Толтойго салдырып,
Ала турган Чүрөктү,
Чынкожого алдырып,
Семетейдин эрдигин,
Жерге уруп тынбасам.
Ак калпак кыргыз элине,
Аралап жургүс кылбасам.
Айчүрөк болбой өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн.
Таалайым жок мен бейбак,
Азабым болсо көрөйүн".
Мына ошентип Айчүрөк,

Аккуу болуп кубулуп,
Асманды көздөй созулду,
Ак түтүн болуп бурулуп.
Эрке катын Чачыкей,
Эсин таппай сандалып.
"Алда кандай болот — деп,
Акыл ойлоп саргарып.
Алып кетер бекен — деп,
Алаканын шак коюп.
Атаны кокуй, арман" — деп,
Көчүгүн жерге лак коюп.
Ай караңгы түн болду,
Азаптуу ага күн болду.
"Бекем кармап албай — деп,
Күңчүлүккө салбай" — деп,
Башы анын маң болду.
"Кесирим башка жетти — деп,
Сыймыгым эми кетти" — деп,
Көөнүнө күйүт күн болду.
Шагы сынып, шылкыйып,
Үйүн көздөй басты эми.
"Кеселмин" — деп Чачыкей,
Кериле сулап жатты эми.
Акундун кызы Айчүрөк,
Канатын күнгө каккылап,
Асмандап учуп калды эми,
Куйругун жерге чапкылап.
Кубулмалуу Айчүрөк,
Чоюла оонап ойгонуп,
Кенебеген шер немең.
Зыпылдаган Айчүрөк,
Зыпылдап учуп калды эми.
Шыбыргак шамал салды эми.
Бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Күн күркүрөп калдырлап.
Чакалап сууну куйгандай,
Жаканын башы жамгырлап.
Көктө булут тундуруп.
Көнөктөп жамгыр куйдуруп,
Асманды булут тундуруп,
Алты сай жамгыр куйдуруп.
Аш бышымга күн жаады,
Ачтырбай көздү селдетип.
Ачылып кетти заматта,
Аптап тийип, жарк этип.

Караан калган Айчүрөк,
Караса көзгө илинбей,
Көздөн кайым болуптур,
Кай кеткени билинбей.
Баатырдын уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең.
Кукулдап учуп калды эми,
Куюн шамал салды эми.
Умачтай көзүн ачты эми,
"Саламын" — деп шуңкарды.
Ыргып турду ордунан,
"Чабамын" — деп тулпарды.
Эшикке чыгып элирип,
Карды көрүп калды эми.
"Мен Семетей болгону,
Аш-тамагын бат ичип,
Атына жетип барды эми:
Акшуңкар колго конгону.
Кубу толор көңүлдүн,
Мындай сонор болбоду!
Көрүп туруп ушуну,
Салбаса кушту болорбу?"
Тайбуурулдай күлүккө,
Жолборстон үртүк жаптырып.
Чыраштаган эң сонун,
Жибектен кежим тактырып.
Алтын менен саптаган,
Пил терисин каптаган,
Чиркей тийсе кыңк эткен.
Камчы менен какканда,
Мылтык аткан немедей,
Тоо жаңыртып заңк эткен.
Алтындан кылган доолбас,
Кайра байлап капшырды.
Кагуу үчүн оң жаккы,
Канжыгага тапшырды.
Алдыңкы кашы карк алтын,
Аземдеп кылган аккаңкы,
Кийинки кашы чылк күмүш,
Бекемдеп кылган аккаңкы.
Эки каптал эн темир,
Тайбуурулга чак каңкы.
Басмайылын бек тартып,

Баса токуп алды эми.
Аколпок тонун кийинип,
Камынып Семең калды эми.
Топчулугу бир тогуз,
Топчуланып алды эми.
Үпчүлүгү бир тогуз,
Үпчүлөнүп алды эми.
Шуңкарды колго кондуруп,
Ортонго камчы илди эми.
Сүйүнгөн Семең абыдан,
Атын чечип мамыдан,
Куймалуу таман үзөңгү,
Теппей атка минди эми.
Бастырып жөнөй берерде,
Чачыкей башын ийди эми:
"Айланайын, хан төрөм,
Бүгүн жортпой эртең жорт.
Каз, өрдөк кагып берерге,
Эки чороң эрте жорт.
Түндө жатып, түш көрдүм,
Түйшүктү башка салардай,
Түшүмдө жаман иш көрдүм.
Шаңшыбас күндө Акшуңкар,
Шаңшып бүгүн калыптыр.
Жибек боосун тыткылап,
Кетмекчи болуп жатыптыр.
Кагылайын, хан төрөм,
Бүгүн жортпой эртең жорт.
Жалгыз жортпой жаныңа,
Жан жолдошуң эртең жорт".
Семетей анда кеп айтат,
Кеп айтканда бек айтат:
"Кое бер, долу, чылбырды,
Түш түлкүнүн богу — дейт.
Жолума каршы болгудай,
Жок аялдын чоңу — дейт.
Шаңшып жатса Акшуңкар,
Уялаш үнүн уккандыр.
Өзүң көргөн жаман түш
Өз башыңа бушмандыр".
Чылбырга бекем чырмалып,
Олоңго бекем оролуп,
Шаатемир кызы Чачыкей,
Бастырбады чогоруп.
Арстандын уулу Семетей

Ачууланьш калды эми.
Толгомо саптуу булдурсун,
Толгой кармап алды эми.
Булдурсундун кайышын,
Сайга жазып кердирген.
Көк торпоктун терисин,
Ашын жакшы бердирген
Ийин жакшы кандырып,
Чеберлерге тердирген.
Он эки тилүү өрдүрүп,
Өнөрүн сонун келтирген.
Кас душманга тийгенде,
Кандуу камчы дедирген.
Булдурсун менен как ошол,
Май сооруга чапты эми.
Чыңырып ыйлап Чачыкей,
Айланып атты качты эми.
Калдыркан ала көйнөгү, .
Кат-катынан бөлүндү.
Чачыкейдин такымдан,
Куюлуп каны төгүлдү.
Ташка ойногон улактай,
Так секирип маарады.
Семетейди Чачыкей
Сел болуп жашы каргады:
"Барганыңдан келбей кал,
Базар үйүң көрбөй кал.
Кеткениңден келбей кал,
Кербен үйүң көрбөй кал.
Жетериңе жеткирбей,
Жедигер алсын кушуңду.
Айтканымды билерсиң,
Көргөндө сен ушуну.
Ээрден тайып көчүгүң,
Эр Толтой алсын атыңды.
Чыргалап сени өлтүрүп,
Чынкожо алсын катынды".
Каргап, шилеп Чачыкей,
Каргап артта калды эми.
Эси кетип эндиреп,
Талмадай талды ал эми.
"Катын каргыш эрге өтпөйт,
Кой каргышы бөргө өтпөйт.
Куралы жок колунда
Куру кайрат жоого өтпөйт".

Деп Семетей баатырың,
Тайбуурул менен чуу коюп.
Шайбырлата бастырып,
Шамалдатып дуу коюп.
Жүрүп кетти шалкылдап,
Баатыр Семең балкылдап.
Туулга, зоот, калканы
Күн чагылып жаркылдап.
Куш салуучу жерине,
Жетип барды жакындап.
Акундун кызы Айчүрөк,
Асмандан учуп жеткени
Көңүлүмдү толтуруп,
Көрөйүн деп беттеди.
Кыз-келинди кызытып,
Эки беттен кан тамган
Дүмөктүү кыйын бала экен,
Кызматы менен калкты алган.
Чоңдугу төөнүн нарындай,
Толкуну көлдүн шарындай.
Ысыгы жайдын айындай,
Суугу кыштын каарындай.
Качырганы жолборстой,
Илгирлиги илбирстей.
Өткүрлүгүн карасаң
Ак болоттун мизиндей.
Келберсиген Семеңдин,
Кеңдиги кенен Таластай.
Эрдигин байкап карасаң
Атасы айкөл Манастай.
Саясына карасаң
Салтанаттуу чынардай.
Маңдайынан байкасаң,
Кара кашка тынардай27.
Ашык болуп Айчүрөк,
Арман кылат кыя албай.
"Жорго минип шалкылдап,
Бадана кийип жаркылдап,
Жүрөр күнүм бар бекен?
Атпай элге шаң болуп,
Семетейге жар болуп,
Күлөөр күнүм бар бекен?!
Буурулду минип булкулдап,
Сыр найза колдо солкулдап.
Эр Семетей толкундап,

Барар күнү бар бекен.
Арылтып баштан түнөктү,
Алчылантып Чүрөктү,
Кубандырып жүрөктү,
Алар күнү бар бекен".
Мына ушундай ойлонуп,
Өрттөлүп ичтен толгонуп,
Асманда учуп Айчүрөк,
Айласы кетип торголуп.
Арстан туулган Семетей
Аны менен иши жок,
Ажыдаардай жалкы өскөн,
Жанында жолдош киши жок.
Жалгыз жүрөт кенебей,
Жалганды бу элебей.
Кас душманды каскактуу,
Бучкагына теңебей.
Гүлчоро минип Суртелки,
Канчоро минип Актелки,
Жебедей жетип келишти,
Жетилген балдар бир келки:
"Ойго тиккен чатыр жок,
Ойноп жаткан катын жок.
Кырга тиккен чатыр жок,
Кызыгып жатар катын жок.
Арстан баатыр абамдын,
Аркасынан баралы.
Эрмекке эргип, куш салып,
Эриккенди жазалы".
Гүлчоро менен Канчоро,
Үзөңгү бутта кагышып.
Семетейдин ордого,
Жетип келди жарышып.
Ат дүбүртүн укканда,
Үйдө жаткан Чачыкей
Ыргып туруп ордунан,
Талаага чыкты так текей

Чачыкей анда кеп айтат:
"Чоролор уккун — деп айтат.
Кештелүү калпак, кең шалбар,
Кеңешим айтам жаш балдар.
Саймалуу калпак, кең шалбар,
Санатым айтам жаш балдар.
Атыңдын башын бура тур,
Арыз айтам тура тур.

Тизгинди ээрге иле тур,
Кеп айтамын тура тур!"
Кайрыла карап Гүлчоро,
Атынын башын бурду эми.
Канчоро күлүп каткырып,
"Канакей, айт — деп, турду эми.
Чакырбас күндө Чачыкей
Чакырып бизди калганбы?
Ачуусу келип абакем,
Абыдан сабап салганбы?
Эрке жеңем Чачыкей,
Же, бир жактан кабар алганбы?!"
Чачыкей анда муну айтат,
Серпип кашын муң айтат:
"Жекендүү көлдүн жээгинде,
Камыштуу көлдүн тээгинде,
Шабырлуу көлдүн четинде,
Өрдөктүү көлдүн бетинде,
Укурук моюн чоң аккуу,
Башын жерге салуучу,
Балырды сууруп алуучу,
Кукулдап канат кагуучу,
Как ошону көргөндө,
Абакең кушун салам дээр,
Куркулдаган кубулуп,
Кууну алдырып алам дээр.
Айткыла кушун салбасын,
Армандуу болуп калбасын.
Ак була көрсө албасын,
Булага көзүн салбасын!
Була деп буруп байланып,
Айрылып куштан калбасын!
Ак балык көрсө албасын,
Кармаймын — деп барбасын!
Канжыгама чалам — деп,
Айрылып куштан калбасын!
Шуңкарды балдар салдырба,
Аккууну балдар алдырба!
Буланы балдар чалдырба,
Балыкты балдар бастырба!
Жарасаңар бул ишке,
Жаныма өргөө тиктирем.
Кааласаң кандай сулууну,
Экөөңөргө алып берем.
Айтканымды кылбасам,

Убадамда турбасам,
Башымды тартып булгасам,
Көмөккө колум сунбасам,
Төбөсү ачык көк урсун!
Төшү түктүү жер урсун!
Ак милтенин чогу урсун!
Ак келтенин огу урсун!
Эки чоро айтканым,
Экөөңөргө арыз болсун.
Айтканымды кылбасаң,
Мойнуңарга карыз болсун!"
Гүлчоро менен Канчоро,
Макулдап антын айтты эми.
Семетейге жетүүгө,
Аттарга камчы басты эми.
Муну кое туралы,
Акшуңкарды Айчүрөк,
Алып качканын угалы.

Дагы сунуштайбыз