Семетей. Айчүрөктүн семетейди тосуп чыгышы

Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Айдарым зыркаар жел жүрүп,
Камыштын башы шуудурап,
Кара каш торгой чулдурап.
Теректин башы ыргалып,
Желеде кулун үн салып.
Суунун бети чымырап,
Жандын баары кыбырап.
Айчүрөк турду кашкайып,
Ак маралдай маңкайып.
Уктап жаткан кыздарга,
"Тургула!" — деп жар салып.
Улуусунуп кеп айтат:
"Ой сиңдилер" — деп айтат.
Теңтушсунуп кеп айтат:
"Ой курдаштар" — деп айтат.
"Түндө жатып түш көрдүм,
Түшүмдө сонун иш көрдүм.
Байланды буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирди.
Арпада баккан немедей,
Байлоодо туруп семирди.
Бу эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Буудайык конду туурума,

Талпыйа күндү чүмкөдү.
Булуту жок апачык,
Карартып күндү бүркөдү.
Булбул конду талыма,
Сайрабай боюм эриди.
Бууланган Чүрөк элирип,
Канатсыз жаным эргиди.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Көсөө куйрук көк даңгыт,
Көчөнүн ичин жойлоду.
Көргөн иттер кыңшыды,
Кыңшыганга болбоду.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Кара чаар кабылан,
Калаанын ичин жойлоду.
Карс этип иттер каппады,
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Ажыдаардай ак жылан,
Аралап шаарды сойлоду.
Асман менен тең болду,
Аркырап шамал жел болду.
Аны көргөн адамдар,
Айбатынан тел болду.
Кара чаар сур жылан,
Калаада эркин сойлоду.
Карааны тоого тең болду,
Каркырап шамал, жел болду.
Калаадагы биздин эл,
Карап ага тел болду.
Күндүн көзүн бүркөдү,
Көрсөтпөй көктү чүмкөдү
Аккан суулар бөгөлдү,
Көл толкубай көгөрдү.
Ойрон болгон биздин эл,
Ойлоп калды олорду.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Жедигердин Толтою,
Жергелей тартып жүгүндү.
Жер майышкан көп колу,

Желегин таштап бүгүлдү.
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Кара жандан түңүлдү.
Чынкожо, Толтой чымыркап,
Тосуп алдын турушту.
Аламандап ат коюп.
Алты күндөй урушту.
Ак ажыдаар буларды,
Асмандан арбап түшүрдү.
Торопоюн тоздуруп,
Торуңкай кылып бүтүрдү.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу"
Отуз келин, отуз кыз,
Ойротто жок Калыйман.
Кыркы келин, кыркы кыз,
Кылымда жок Калыйман.
Эркелеген эркиндеп,
Эжеси Чүрөк доорунда.
Эжесине ийилип,
Эки колу боорунда.
Ийни салык, мойну кез,
Издеп тапкыч ойду тез.
Жумуру билек ак шакшак,
Кирсиз тиши апаппак.
Кош каркыра олоң чач,
Орто бойлуу, алма баш.
Кырдач мурун, кара көз,
Кымча белдүү, кыйгач каш.
"Эжеке Чүрөк" — деп айтат,
Эптүүсүнүп кеп айтат.
"Апаке Чүрөк" — деп айтат,
Аңкоосунуп кеп айтат:
"Мен жоруюн түшүңдү,
Оңунан келген ишиңди.
Айтып берем, эжеке,
Ашык болгон кишиңди.
Байланса буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирсе,
Арпадан баккан немедей,
Байлоодо туруп семирсе,
Булчуңу бука мойнундай,

Буурул ат келе тургандыр,
Мунун несин айтасың.
Буудайык консо тууруңа,
Булбул консо талыңа,
Булутсуз күндү бүркөсө,
Көрсөтпөй көктү чүмкөсө,
Арка жүнү бедерлүү,
Акшуңкар турат колунда,
Анын несин айтасың.
Кара чаар кабылан,
Калаанын ичин жойлосо,
Карс этип иттер каппаса,
Күлгөнү кыздын үнүндөй,
Жаалысы кыйын, жалкы шер,
Гүлчоро келе тургандыр,
Анын несин айтасың?
Көсөө куйрук көк даңгыт,
Көчөнүн ичин жойлосо,
Көргөн иттер кыңшыса,
Каары катуу, жалдуу шер,
Канчоро келе тургандыр,
Анын несин айтасың?!
Ажыдаардай ак жылан,
Аралап шаарды сойлосо.
Асман менен тең болсо,
Аркырап шамал, жел болсо,
Анын баарын сен көрсөң,
Келе турган хан жездем,
Ажыдаардан кем беле?
Толтой менен Чынкожо,
Жүгүнбөй турган эр беле?!
Кара чаар сур жылан.
Калаада эркин сойлосо,
Кара тоо менен тең болсо,
Каркырап шамал, жел болсо,
Анын баарын сен көрсөң,
Келе турган хан жездем,
Ажыдаардан кем беле?
Каршылашкан кас душман,
Качан ага тең эле?!
Карылардан кеп уктум,
Каары катуу Семетей
Арстан чыкты — деп уктум.
Ээрди түйрүк, кең курсак,
Эргул чыкты — деп уктум.

Тентип жүрүп жетилип,
Тентек чыкты — деп уктум.
Темир кийген душманын,
Тепсеп чыкты — деп уктум.
Ажыдаардай жездемдин,
Алдын тосуп баралы.
Келе турган жолуна,
Керилтип килем салалы!
Баатыр туулган жездемди,
Барып тосуп алалы.
Баса турган жолуна,
Барктап килем салалы!
Ат жоргосун табалы,
Азык-түлүк алалы.
Кең Үргөнчтүн боюна,
Даяр болуп калалы!"
Кыз, келиндин чечени,
Калыймандан кеп келди.
Бактылуу Чүрөк баш болуп,
Баарысына эп келди.
Ак чатырды бүктөшүп,
Ак дөнөнгө жүктөшүп.
Көк чатырды бүктөшүп,
Көк дөнөнгө жүктөшүп.
Кол чатырды колго алып,
Минишине жорго алып,
Кечкисине соерго,
Сүт бото тайлак төө алып.
Арстан келсе ичерге,
Калаадан арак алдырып.
Жибек боолу көөкөрдү,
Кол куржунга салдырып.
Кагаз-кагаз чай алып,
Карды менен май алып.
Көнөккө салган бал алып,
Каймакка бышкан нан алып.
Сары мейиз, кишмиштин,
Сабактарын тердирип,
Шекер, шербет тамагын,
Дайындатып бердирип.
Чайкаган балга көбүртүп,
Чаначка кымыз алдырып.
Күчү жанып калат — деп,
Күчаласын салдырып.
Ак кыянын оюна,

Чоң Үргөнчтүн боюна.
Манастын уулу Семеңдин
Келе турган жолуна.

Алты бакан селкинчек
Асмандата тебишип,
Кайрып өлөң, ыр менен

Кайма айтышып жеңишип.
Чатыраш ойноп даң салып,
Чай кайнатып, май салып.
Көнөккө каймак, бал салып,
Казанга кошо жал салып.
Отуз келин, отуз кыз,
Шаардан чыкты бөлүнүп.
Ортосунда Айчүрөк,
Жаркыны күндөй көрүнүп.
Акылман бүткөн Чүрөгүң,
Айкөлдүн уулу келет — деп,
Баштап өзү жол тосуп.
Бар керегин белендеп,
Үргөнчтүн боюнда,
Жата турсун оюнда.
Аны андай коюңуз,
Семетейден кабар угуңуз.
Таң агарып сөгүлүп,
Тараза жылдыз бөлүнүп.
Шыбырган ыскаар куркурап,
Камыштын башы шуудурап.
Кара каш торгой чулдурап,
Желеде кулун чуркурап.
Карагай башы шуулдап,
Капчыгай ичи куулдап,
Суунун бети чымырап,
Жандын баары кыбырап.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Манастын уулу эр Семең,
Кенебеген эр немең.
Чукуранып керилип,
Оң жагына толгонду.
Жанындагы чоролор
Жагалданып ойгонду.
Кермеден атты алдырды,
Чалгындуу жерден чалдырды.

Кайма айтышуу — кайым айтышуу.

Чидерин аттын алдырды,
Чүйгүндүү чөптөн чалдырды.
Кара суудан каптырды,
Сугатын мыктап кандырды.
Таянып найза көкжалың,
Көрөмүн деп элести,
Кылычын кыя байланып,
Бет алып басты белести.
Чыгып барды чунагың,
Көк кайкынын башына.
Көчүгүн коюп олтурду,
Көмүркөйдөй ташына.
Күргүштөгөн чамынып,
Үргөнчкө карады.
Үйдөн чыккан күндөрүн,
Эсеп кылып санады.
Үргөнүчтүн үстүнө,
Туман уюп калыптыр.
Кыпкызыл болуп, боз түшүп,
Мунарыктап алыптыр.
Ала карга, сагызган,
Айланганы билинбей.
Каран калган Үргөнчтүн,
Кайсы экени билинбей.
Топо чаңдап, тоз болуп,
Тунарыктап алыптыр.
Топурак уюп, боз түшүп,
Мунарыктап алыптыр.
Теше тиктеп ар жакты,
Туманды түрүп бөлүүгө.
Дүрбү салды Семетей,
Үргөнчтү көрүүгө.
Дүрбүнүн жайын менден ук,
Менден уксаң бейлеп ук.
Атасы Манас өлгөндө,
Эл чогулуп көмгөндө,
Манастын калган дүйнөсүн,
Абыке, Көбөш бөлгөндө.
Берен туулган Каныкей,
Белдемчиге капшырган,
Эр жеткенде Семетей,
Белек кылып тапшырган.
Бедерлүү алтын ак дүрбү,
Караса көзгө чак дүрбү.
"Жоого барса салсын — деп,

Жоонун ченин алсын — деп.
Казатка барса салсын — деп,
Кас душман ченин алсын — деп
Алып келген эр Манас,
Семетейге калсын" — деп.
Ирмемге алып баарысын,
Ичи өрттөй кызарган.
Имерип койсо тетигин,
Күнчүлүк алыс узарган.
Алтын, күмүш, жакутту,
Аябастан чаптырган.
Алысты жакын көрсөтүп,
Адамды айран-таң кылган.
Атын уккан душманды,
Айлантып башын маң кылган.
Алтын ооз чоң дүрбү,
Алты бурап житирген.
Алты күндүк жерлерди,
Алты аркан бою келтирген.
Жез оозду чоң дүрбү,
Жети бурап житирген.
Жети күндүк жерлерди,
Жети аркан бою келтирген.
Кере кулач кез бою,
Кетмен ооз чоң дүрбү,
Асыл таштан орноткон,
Айнеги тунук кооз дүрбү.
Бой тумар чалыш кабы бар,
Болоттон кылган сабы бар.
Кармай калып сабынан,
Сууруп алып кабынан.
Кыямына толтуруп,
Кыңай карап олтуруп,
Оңдоп кармап имерди,
Ополду көздөй жиберди.
Тегеретип имерди,
Теребелге жиберди.
Кардыкпаган карда да,
Кара көзгө салды эми.
Айкөлдүн уулу Семетей,
Кайкалап карап калды эми.
Карарган шаар, калың бак,
Кайкыткан көздү алма шак.
Түнөргөн шаар, түмөн бак,
Төгүлүп жаткан алма бак.

Кызыл-тазыл чок таккан,
Калаадан чыкты бир топ жан,
Жаш Семетей баатырың
Жагалданып болду таң.
Андан бери караса,
Ак-Кыянын оюнда
Аккан суунун боюнда.
Аземдеп алтын чаптырган,
Абайылап жаптырган,
Кыз-келин аты тургансыйт,
Куюшкандап чаттырган.
Андан бери караса,
Агарып чатыр көрүнөт.
Алыстан тиги чагылып,
Алтындын зээри төгүлөт.
Кылактаган кыз-келин,
Кыргоолдой көзгө көрүнөт.
Кыйлага карап олтуруп
Кыз экенин билди эми.
Кыргоолду көргөн шуңкардай,
Кыран Семең күлдү эми.
Гүлчоро менен Канчоро,
Күүлөнүп жетип келди эми.
Күлгөнүн көрүп Семеңдин,
Гүлчоро мындай деди эми:
"Кызга карап күлбөгөн,
Кылайып сырын бербеген.
Аялга карап күлбөгөн,
Адамга сырын бербеген.
Алыска салып дүрбүңдү,
Абаке, эмне көрдүң — дейт.
Арсаң этип кашкайып,
Абаке эмне күлдүң?" — дейт.
Анда Семең кеп айтат.
"Чоролор уккун" — деп айтат:
"Маңдайдагы, тетиги,
Карарган шаар, калың бак,
Кагылып жаткан алма шак,
Түнөргөн шаар түмөн бак,
Төгүлүп жаткан алма шак,
Карасаң көңүл бөлүнөт,
Кандын шаары көрүнөт.
Кайкыган анын караанын,
Карасаң көзгө илинбейт.
Ала карга, сагызган,

Айланганы билинбейт.
Карарган шаар калаадан,
Кайкалап чыкты бир топ жан.
Жаркыны күндөй көрүнүп,
Тааный албай болдум таң.
Темир кийген жообу? — деп,
Телегей кийген кызбы? — деп,
Тел болуп башым айланды,
Теңтуш Чүрөк узбу — деп.
Андан бери карасам,
Аккан суунун боюнда,
Алыстан тиги көрүнгөн,
Ак кыянын оюнда,
Агарып чатыр көрүнөт,
Асмандап түтүн бөлүнөт.
Абайы жапкан аттардан,
Алтындын зээри төгүлөт.
Кызыл-тазыл куш баш ээр,
Кыз-келин аты көрүнөт.
Күн чагылып көркүнөн,
Күмүштүн зээри төгүлөт.
Кимиң барсаң аның бар,
Бир кишилик алың бар.

Ат азыкка көз болуп,
Бириң мында калыңар.

Ылдам барып, ылдам кел,

Ким экенин билип кел.

Көп күттүрбөй биздерди,

Кыргыектей илип кел.

Толтойдун колу болбосун,

Жол тостуруп койбосун.

Чынкожо колу болбосун,

Чалгынга коюп койбосун.

Сундурган найза жоо болсо,

Сумсайып андан качпагын.

Жоо бөрүсү чоролор,

"Манастап" ураан таштагын!"

Канчоро анда кеп айтат,

"Абаке уккун — деп айтат.

Мен ат жанында калайын.

Аш, азыкка карайын.

Айгайлаган жоо болсо,

Аянбай найза салайын.

Кыңшылап айтар кебим жок,

Кыз-келинге эбим жок,

Шыбырашар кебим жок,
Шыңкылдашар эбим жок.
Кыз-келинге калганда,
Кыргыектей тиерге,
Кыргоол жүндүү, кыз үндүү,
Гүлчоро кургур эптүү эле".
Гүлчоро анда кеп айтат,
"Абаке уккун — деп айтат.
Чалгынды өзүм чалайын,
Барбай кантип калайын.
Көрүнүп турган Үргөнчкө,
Көз ачкынча барайын.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Азабым болсо көрөйүн.
Жумшасаң, аба, ишенип,
Аттанып жолго жөнөйүн.
Абыкенин Актелки,
Ишенчи жок ит эле.
Аягы мукур, сээри пас,
Аркасы жок бит эле.
Агыны катуу суу келсе,
Агып кетип өлбөйүн.
Ашуусу бийик тоо келсе,
Учуп кетип жүрбөйүн.
Буурулду берчи минейин,
Буулумду берчи киейин.
Тосуп чыккан жоо болсо,
Ылаачындай тиейин".
"Бербеймин" — деп айта албай,
Баланын көөнүн кайтарбай.
"Бербесем көөнгө алат — деп,
Мизи кайтып калат" — деп.
Буурулду берип мингизип,
Буулумду берип кийгизип.
Туруп калды Семетей,
Жоомарттыгын билгизип.
Муну мындай таштаңыз,
Гүлчоронун кайгуулга,
Барганынан баштаңыз!

Дагы сунуштайбыз