Семетей. Айчүрөктүн акшуңкарды алып качышы

Кара суунун боюна,
Жекендүү көлдүн оюна,
Жетип барды Айчүрөк
Семетейдин жолуна.
Алмамбеттин Гүлчоро,
Эр Чубактын Канчоро,
Алар да жетип барышты,
Семетейге тел чоро.
Кара жолдун чаңында,
Ар кубулуп нурланып,
Эшик эндүү ак була
Жаткан экен буралып,
Буланы көрүп эр Семең,
Чоролорун чакырып,
"Ак буланы ал!" — деди,
Эр Семетей бакырып.
"Анжиандын астынан,
Намангендин үстүнөн,
Көтөрмөчү соодагер
Көк муштум болуп үшүгөн
Түн катып жолдон өткөнбү?
Ооп жүгүн төккөнбү?
Мына бу жаткан ак була,
Ошолордон түшкөнбү?
Такалуу аттын изин чал,
Артынан кууп жолго сал.

Бизден качкан сарт болсо,
Соодасын бардык тартып ал.
Бизде аларман аз бекен?
Ал да бизге кас бекен?
Кызыл кулак кымбатчы,
Олжо кууган наз бекен.
Атам Манас өлгөндө,
Эл чогулуп көмгөндө,
Сан дүйнөсүн атамдын,
Камчыга ченеп бөлгөндө.
Абыке, Көбөш арамдар,
Аколпокту алыптыр,
Булайт кийип салыптыр.
Тышы оңуп, тытылап,
Кыргагы кетип кырчылып,
Калган экен Аколпок,
Ичи, тышы жыртылып.
Эңип алгын буланы,
Балбандарга бурдуруп,
Ханыша энем Каныкей,
Каратып ага турдуруп,
Келиштирип тиктирип,
Аколпокту киели.
Ужмактуу жеңең Чачыкей,
Уз экенин билели".
Анда туруп Гүлчоро
Абасына кеп айтат:
"Жолдо жаткан буланы,
Не кылабыз? — деп айтат.
Алтымыш ала жорго айдап,
Анжианга кирейин.
Керек болсо ак була,
Келтирип аба берейин.
Жетимиш жээрде жылкы айдап,
Жеркенге мен жетейин.
Жетимиш кулач ак була,
Жеткирип аба берейин.
Өрдөктүү көлгө баралы,
Өрдөккө кушту салалы!
Камыштуу көлгө баралы,
Казга кушту салалы!"
Аны угуп Семетей
Ат коюп көлгө калды эми.

Акшуңкардын башынан,
Томогосун алды эми.
Ак жибек боосун шуңкардын
Агытып Семең тартты эми.
Талпынган алгыр кыраанды,
Таманга шилтеп какты эми.
Абалап учуп Акшуңкар,
Айланып көлдү чалды эми.
Көтөрүлүп көкөлөп,
Көздөп кууну калды эми.
Алтындан кылган доолбас,
Арстан Семең какты эми.
Жайнап жаткан каз, өрдөк
Жайыла учуп качты эми.
Семетей менен Канчоро,
Жарыша атын чапты эми.
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Аярлап артта калды эми.
Эшик эндүү буланы,
Эңип жерден алды эми.
Кыян жеген кемерге,
Таш бастыра салды эми.
Аркасынан Семеңдин,
Салып жетип барды эми.
Түрөгөй өрдөк, ала каз
Түмөнү менен алдырып.
Балапан өрдөк, бала каз,
Баркылдатып алдырып,
Жүргөн экен Семетей.
Кара сууну айланып,
Тайбуурулду тер кылып,
Каз, өрдөктү байланып.
Арстан Семең муну айтат,
Агартып тишин кылайтат:
"Алмамбет уулу Гүлчоро
Акшуңкарды алалы,
Кара суунун өйүзгө
Кечип өтүп баралы.
Каз, өрдөгү көп экен,
Кандыра кушту салалы!"
Хан Семетей, Гүлчоро,
Кара суунун кайнарга,
Карап булар калды эми.
Как жонунун үстүндө,
Кара ала сыя каты бар

Төбөсүндө укмуштуу,
Бармак басым калы бар,
Айланып турган жээгинде,
Алтын балык көрүндү.
Серп салып аны көргөндө,
Семеңдин көөнү бөлүндү.
Анда Семең муну айтат,
Суу түбүнө кол жаңсайт:
"Эки түгөй эр чоро,
Шай колдогон шер чоро.
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен туйганды туйдуңбу?!
Как жонунун үстүндө,
Кара ала сыя каты бар
Төбөсүндө укмуштуу,
Бармак басым калы бар,
Алтын балык көрүндү,
Сууга кире калгыла!
Качырбастан чоролор,
Кармап аны алгыла!
Уурутунан өткөрүп,
Канжыгага чалгыла.
Эрке жеңең Чачыкей,
Тартууга алып баргыла!
Камчы чаптым сооруга,
Кабагын анын ачкыла!"
Семетей мындай дегенде,
Гүлчоро карап турчубу?
Анжиандан алдырган,
Өтүктү буттан сууруду.
Сууга кирди тепкилеп,
Балыктын башын эзгилеп.
Көрмөксөн болуп калп эле,
"Кана абаке кана" — деп.
Анда Семең кеп айтат,
Ачуусу келип бек айтат:
"Арамзаада акмак кул,
Арыбын көр, антын көр,
Көрмөмүш болуп калп эле,
Кылып турган дартын көр.
Кармабасаң, кармаба
Кармаймын мен өзүм — деп,
Ак балыкты көрбөгөн,
Агып кетсин көзүң" — деп,
Сууда жаткан балыкка,

Эр Семетей кол салды.
Шилисинен бек кармап,
Булгактатып колго алды.
"Канчоро муну карма —деп,
Канжыгага байла — деп,
Эрке катын Чачыкей
Жеңеңе аны арна" — деп.
Канчорого берди эле,
Канчоро карап турбады,
Илип алып балыкты,
Канжарын сууруп алды эми.
Ак балыктын алтындай,
Кардын жарып салды эми.
"Кирген балык экен — деп,
Эти сасык экен" — деп,
Семетейге барды эми.
Мына ошентип Канчоро,
Семетейди жайкады.
Карды жарык балыкты,
Кара сууга таштады.
"Кап сени — деп,— арам кул"
Семетей кушун алды эми.
Аттанып андан салдырып,
Көлдү көздөй барды эми.
Жекендүү көлдүн жээгинде,
Камыштуу көлдүн четинде,
Укурук моюн чоң аккуу
Шабырлуу көлдүн бетинде.
Куйругу менен кум сабап
Канаты менен суу сабап,
Кукулдап оттоп калыптыр,
Кубулуп көркү нур сабап.
Аны көрүп Гүлчоро
Семетейге кеп айтат:
"Айланайын, абаке,
Кечкече кушуң сен салдың.
Кумар болуп мен калдым.
Аккууга кушуң салайын,
Мага бер, аба" — деп айтат.
"Бербеймин" — деп айта албай,
Берендин көөнүн кайтарбай,
Алп мүнөздүү эр Семең,
Эчтемеден шек албай.
Гүлчорого карматты.
Колундагы шуңкарды.

Шуңкар колго тийгенде,
Бура тартып тулпарды,
Карабастан артына,
Гүлчоро качып жөнөдү.
Ачуусу келип Семетей,
Айкырып катуу көгөрдү:
"Арам гана акмак кул,
Арыбын көр, мантын көр.
Салдырбай кушту аккууга,
Ала качкан дартын көр.
Торгойдой болгон мойнуңду,
Толгоп үзүп албасам.
Кекиликтей мойнуңду,
Кедери толгоп албасам".
Алты аттатпай Семетей —
Артынан жетип барды эми.
Гүлчорону качырбай,
Кайрып торгоп калды эми.
"Кагылайын, аба" — деп,
Гүлчоро анда кеп айтат.
Кара күчкө каткырып,
"Качпадым аба — деп айтат.
"Айланайын, абаке,
Ат чаптырып көрбөпсүң,
Же колума кондуруп,
Куш салдырып көрбөпсүң.
Алдымдагы Актелки,
Оозу катуу мал экен,
Ала качса, качтың — деп,
Ачуулансаң таң бекен?
"Арам" — деп аба тилдебе,
Арамдык кантип кылайын?
Кыянат кылсам өзүңө,
Кылдай мойнум кыяйын!
Ала качып шуңкарды,
Не муратка жетейин?
Кыярлык кылсам, абаке,
Кыяматка кетейин!"
Аны угуп Семетей
Ачуусу келген басылды.
Ак көңүлдүү эрендин,
Ай кабагы ачылды.
Гүлчоро менен Семетей,
Кайта жанып желишти.
Куркулдаган чоң аккуу

Көлгө жетип келишти.
Караса аккуу кубулат,
Ар башкача бурулат.
Чагылышып күн менен
Чачылып нур куюлат.
"Кагылайын, аба" — деп,
Канчоро анда муну айтат!
"Күрк болгон куу окшойт"
Деп, кайдакы муңду айтат.
"Айланайын, абаке,
Алыстан келген куу окшойт.
Уясында чайкаган,
Жумурткасы бар окшойт.
Үзүлүп анын тукуму,
Уясы бөөдө суубасын.
Шуңкарды буга салбайлы,
Убалы бизди урбасын!"
Аны угуп Семетей,
Ачуусу келип калды эми.
Гүлчоронун колунан,
Шуңкарды жулуп алды эми.
Узун боосун агытып,
Кыска боосун тартты эми.
Жагоодон басып ылдыйга,
Тамандан өөдө какты эми.
Абалап учуп Акшуңкар,
Аккууну жетип алды эми.
"Бат жет" — деп, Семең сүйүнүп,
Бакырыгын салды эми:
"Шуңкарга кууну тыттырбай,
Ажыратып алгыла!
Ак тайлактай өңөрүп,
Чачыкейге баргыла!"
Гүлчоро менен Канчоро,
Күүлөнүп чаап барышты.
Аңгыча аккуу көкөлөп,
Аңырайып калышты.
Чагарактуу алтын боо,
Жыйнай кармап алыптыр.
Акшуңкарды көтөрүп,
Асмандап учуп калыптыр.
Кукулдаган чоң аккуу,
Кукулдап учуп калды эми,
Куюн шамал салды эми,
Шыпылдаган чоң аккуу,

Шыпылдап учуп калды эми,
Шыбыргак шамал салды эми.
Бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын башы жамгырлап,
Кулак-мээни тундуруп,
Күн күркүрөп калдырлап.
Асманда булут бурулду,
Алты сай мөндүр куюлду.
Көктө булут бурулду,
Көнөктөп жамгыр куюлду.
Алай-дүлөй нөшөрлөп,
Аш бышымга күн жаады.
Адамды аң-таң калтырып,
Ачылып арттан нур жаады.
Каректин курчун майтарып,
Караса көзгө илинбейт.
Каран калган чоң аккуу,
Кай кеткени билинбейт.
Тилекти ташка чабылтып,
Тиктесе көзгө илинбейт.
Акшуңкар менен аккуунун,
Кай кеткени билинбейт.
Көтөрүп алып шуңкарды,
Чоң аккуу кетти көкөлөп.
Асманды карап аңырып,
Семетей калды төтөлөп,
Каары катуу Семетей,
"Гүлчоролоп" бакырды.
Күркүрөп кирген буурадай,
"Гүлчоролоп" чакырды:
"Бүгүн, чором, үч кылдың,
Аягында күч кылдың.
Акшуңкарды алдырып,
Айран-таң калар иш кылдың.
Ак була көрдүм албадың,
Ак балык көрдүм кандадың.
Аккууга кушту салдырбай,
Ала качтың, алдадың.
Ар жорукка баштадың,
Аягында шуңкардан
Ажыратып таштадың.
Эртең менен Чачыкей
Бастырбай жолум торгоду.
Түшү бузук ал долу,
Түбүндө эмне ойлоду?!

Качырып алып шуңкарды,
Кандайча куунун болжолу?
Албадың менин тилимди,
Айландырып койгонбу?
Карыдан канча кеп уктум,
Мындайды бирок укбадым.
Каңгыртып мени бул аккуу
Кайда кетти шуңкарым?!
Акылмандан кеп уктум,
Арыпты мындай укбадым.
Аңыртып мени бул аккуу,
Кайда кетти шуңкарым?!
Алдымдан ажал тоссо да,
Акшуңкар таппай койбоймун.
Асман, жердин арасын
Арытсам да жойлоймун!"
Эр Семетей баатырдын,
Ачуусунун келгенин
Эми билди Гүлчоро.
Аккуунун жайын бул укпай,
Баш аягын биле албай,
Куунун жайы кандай деп,
Чачыкейден сурабай.
Байкоосуз келген жаш бала,
Өпкө оозуна капталды,
Өрөпкүп жаны тас калды.
Апкарып калган Гүлчоро,
Анда туруп кеп айтат:
"Айланайын, абаке,
Аңдагын сөздү — деп айтат.
Көрүп туруп айтпасам,
Көр азабын тартайын.
Аккуунун сырын билбесем,
Аны кайдан байкайын?
Болоорун билсем бул иштин,
Боорумду отко кактайын.
Качаарын уксам шуңкардын
Канымды өзүм татайын."
Ак көңүлчөөк Семетей
Анда туруп кеп айтат.
"Гүлчоро менен Канчоро,
Уккула сөзүм — деп айтат.
"Айланайын, чоролор,
Алдымда жүрсөң акжолтой,
Артымда жүрсөң ээрчишип,

Арка болгон сан колдой.
Акшуңкар колдон кетти — деп,
Арзымды эми кимге айтам?
Акшуңкарды таппастан,
Калкыма кантип мен кайтам?!
Аялдап мында турбастан,
Аттанып үйгө кайтып бар.
Чачыкейге чаң салган,
Саламымды айтып бар.
Качаарын билген шуңкардын,
Кабарын айтып берсин! — де,
Кетээрин билген шуңкардын,
Келеерин айтып берсин! — де.
Качаарын билген шуңкардын,
Кабарын айтып бербесе,
Кетеерин билген шуңкардын,
Келеерин айтып бербесе,
Чачын кыркып долуну,
Кыркмач байтал кылгыла;
Бетин тилип долуну,
Кементайды кийгизип,
Кер байталга мингизип,
Айдап аны алгыла.
Шаатемирдин колуна,
Эртеңден калбай салгыла!"
Муну укканда эр чоро,
Эки түгөй шер чоро.
Жарыша чаап аттарын,
Жетип келди Кең-Колго.
Эрке катын Чачыкей,
Эшикке чыкты делбиреп,
Эки чоро түрүнөн
Эси кетип эндиреп.
Семетей жок караса,
Селейип калды сендиреп.
"Аккууга кушун салган, бейм,
Алдырып кушун жанган, бейм,
Балакеттү шыйкырдан
Балаага башы калган, бейм!"
Аярлап басып Чачыкей,
Арка чачын чубалтып,
Тосуп чыкты алдыдан,
Чоролорго муну айтып:
"Казга кушуң салдыңбы?
Канжыгага чалдыңбы?!

Өрдөккө кушуң салдыңбы?
Байланып келип калдыңбы?!
Ат-атыңан түшө кал!
Суусунга кымыз иче кал!
Алдырып дем атыңды,
Андан кийин жолго сал!"
Гүлчоро анда кеп айтат,
"Ичпейбиз кымыз — деп айтат,
Акшуңкардын дайынын,
Айтып бер" — деп бек айтат.
Чачыкей анда муну айтат,
Чамыркап сөзүн улантат:
Табасы канган немедей,
Тарап чачын булайтат.
"Сонорго бүгүн барба — деп,
Аккууга кушуң салба — деп,
Айтпадымбы куш салып,
Азабын тартып калба!" — деп.
Гүлчоро анда кеп айтат,
Күүлөнүп катуу бек айтат:
"Арытпай абам тулпарын,
Айтып бер кушту" — деп айтат.
Чачыкей анда муну айтат,
Агартып тишин кылайтат.
Акчыланып карганып,
Карматпай куйрук чунайтат:
"Талаада эркек ал болсо,
Үйдөкү аял мен болсом,
Талаадан качкан шуңкарды —
Арытпасын "барба" — деп койсом,
Талаадан качкан шуңкарды.
Үйдөкү аял билеби?
Качырып кушун колунан,
Каары мага тиеби?!
Эркек кушун билүүчү,
Катын ишин билүүчү.
Айтып баргын чоролор,
Чачыкейдин кеби ушу".
Келберсиген Чачыкей,
Кедери басты кенебей.
Эки бирдей чорону,
"Адамбы" — деп элебей.
Семетей ага жиберген
Пейилдерин бейлебей.
Шай колдогон Гүлчоро,

Теминип атын чиренди.

Толгомо саптуу камчыны,

Толгой кармап имерди.

Кайта баскан долуну,

Капталга тартып жиберди.

Калдыркан ала көйнөгү,

Капталынан бөлүндү.

Бүлдүркөн ала көйнөгү,

Бүгүшүнөн сөгүлдү.

Бети менен жыгылып,

Берметтей жашы төгүлдү.

Оролгон узун олоң чач,

Ороп колго алыптыр.

Чачыкейди чаңдатып,

Гүлчоро сабап калыптыр.

Торпоктойдун Канымжан,

Арачалап алыптыр.

Айыл башы Сары абаң,

Алдырап, а да келиптир.

"Айтып бер!" — деп билгениң,

Ага сөздү бериптир.

Анда долу Чачыкей

Айкырыгын салды дейт.

"Талаадан качкан шуңкарды,

Табам —деп,— кайдан калды" —дейт.

Анда келип Каныкей,

Акыл менен кеп айтат.

"Айтып бергин кушун" — деп,

Аяп аны эп айтат:

"Кечөө келдиң Чачыкей,

Кер жорго минип шаркылдап.

Кетесиң эми сен кантип,

Кер байтал минип салпылдап.

Шаатемирдин шаарынан,

Шаң менен келдиң жаркылдап.

Эми кантип кетесиң,

Кементай кийип салпылдап.

Сендей долу катындан,

Семетей коркчу эр эмес.

Атайын келген Гүлчоро,

Аяп койчу шер эмес.

Качарын билген шуңкардын,

Кабарын эми айтып бер,

Кетерин билген шуңкардын,

Келерин эми айтып бер!"

Чачы кеткен чубалып,
Чачыкей анда муну айтат,
Чакчылекей чаң болуп,
Чаңырып ыйлап муң айтат:
"Кечөө күнү кечинде.
Кечки салкын бешимде,
Акундун кызы Айчүрөк,
Айткандыгы эсимде:
"Аташканым Семетей
Аялдыкка алсын — деп,
Аялдыкка албаса,
Акшуңкар издеп калсын" — деп.
Айткан тилим албастан,
Аккууга кушун салгандыр.
Акундун кызы Айчүрөк,
Алып кетип калгандыр.
Барса издеп Семетей,
Базар үйүн көрбөсүн.
Кетсе издеп Семетей,
Кербен үйүн көрбөсүн.
Эрегишкен урушта,
Эр Толтой алсын тулпарын.
Айчүрөккө олжолоп,
Чынкожо салсын шуңкарын.
Катын алам деп барып,
Кармалып жоого байлансын.
Ачалбарс тийип мойнуна,
Канына жер майлансын".
Чачыкей каргап ушундай,
Чаңдатып топо сапырды.
Гүлчоро күүлөп камчысын,
Чачыкейди качырды.
"Каңкылдаган ит долу,
Каргышың кара ташка — деп.
Кара көзүң кашайып,
Капталсын кандуу жашка" — деп
Гүлчоро менен Канчоро,
Семетейге жөнөдү.
Алдыдан тосуп Семетей
Ачуусу менен көгөрдү:
"Оюнду коюп чыныңды айт.
Эки чоро сырыңды айт.
Шырылдаңың укпаймын,
Шылдыңды коюп ыгыңды айт.
Чачыкейге бардыңбы?

Чачын кесип салдыңбы?
Чаргыткан ал долудан,
Акшуңкар дайнын алдыңбы?"
Анда чоро кеп айтат,
"Абаке, уккун — деп айтат.
Акшуңкар дайнын таптым" — деп,
Кулакка жаккан эп айтат:
"Айланайын, абаке,
Чороңо бергин сүйүнчү.
Бак талашкан сен менен,
Душманга болсун күйүнчү.
Сымбаттуу сулуу сеники,
Сыналган күлүк меники.
Айтылуу сулуу сеники,
Атактуу күлүк меники.
Чачынан сүйрөп камчылап,
Чачыкейден кеп уктум.
Акшуңкарды Айчүрөк,
Алып кетти — деп уктум.
Айчүрөктүн, абаке,
Айтып бүткүс сыры бар.
Акындар мактап ырдаган,
Ак кардан аппак сыны бар.
Калемден кара кашы бар,
Кундуздай сонун чачы бар.
Берметтей тизген тиши бар,
Перизат — деп даңкы бар.
Ургаачыдан уз деген.
Укмуштуу учар куш деген.
Күн менен айдай төгүлөт,
Көзүнөн анын нур деген.
Аккуу болуп кубулуп,
Ар башкача бурулуп,
Ай нуруна чагылып,
Күн нуруна жуулуп,
Абалап көктө учту — дейт,
Ай астында сызды — дейт,
Аташканы сизди издеп,
Ааламды кезип чыкты дейт.
Аттанып, аба, баралы,
Акшуңкарды табалы.
Аташканың Чүрөктү,
Күйөөлөп барып алалы.
Чынкожо менен Толтойго
Чырды катуу салалы.

Тарттырып ийип Чүрөктү,
Тамтайып кантип калалы".
Аны угуп Семетей,
Атасын эске алды — дейт,
Арбагына жалынып,
Ак күмбөзгө барды — дейт.
Айчүрөккө барууга,
Аттанмак болуп калды — дейт.
Каныкей менен Бакайдан
Канып кеңеш алды дейт.
Муну таштай туруңуз,
Чүрөктү издеп Семетей
Жөнөшүнөн угуңуз.

Дагы сунуштайбыз