Семетей. Абыке менен көбөштүн Каныкейди чабышы

Ал аңгыча Жакып хан,
Акылынан азганы.
Каралуу Каныш байкуштун,
Кара көзүн жаштады.
"Качып эрге тиет — деп,—
Карандай жала жапканы.
Абыке, Көбөш, жесирди,
Алгыла — деп айтканы.
Бириңерге тийбесе,
Чапкыла" — деп айтканы.
Хан Жакып кебин укканда,
Абыке, Көбөш дүпүлдөп.
Токтоо бербей акылга,
Кирген суудай күпүлдөп.
Кырк чорону чакырып,
Бээ семизин союшту.
Кыргыл чалды кутурган,
Элчиликке коюшту.
Кыянаттуу Кыргылчал,
Ак сакалын коюндап.
Олбуй-солбуй теминип,
Камчылап атын моюндап.
Хан Манастын ордого,
Салып уруп жеткени.
Каныкейге каралуу,
Как мазасын эзгени.

"ой, Каныкей кулак сал,
Жесирлик арман сенде бар.
Хан Манастан айрылып,
Жетимдик арман менде бар.
Кыяйын десем кызырдуу,
Мазардан корком дегендей.
Кыйбайын десем ызгарлуу
Назардан корком дегендей.
Айтайын десем айкөлдүн,
Арбагынан айбыгам.
Айтпайын десем хан Жакып,
Каар-заарынан айбыгам.
Өлгөндөн катын калуучу,
Өрнөктү жолго салуучу.
Өз жесирим жеңем — деп,
Кайниси каалап алучу.
Кайнатаң сенин Жакып хан
Элчиликке жиберди.
Абыке менен Көбөштүн
Бирөөнө каалап тийсин — деп,
Теңчиликке жиберди.
Абыке, Көбөш эки эрен,
Хан Манастан кем эмес.
Терең ойлоп жооп бергин,
Тийбей турган сен эмес.
Жылуу оордуң суутпай,
Сактап калгын кообуңду.
Кимисине тиесиң,
Ачык айткын жообуңду?
Баштакыдай Каныкей,
Биле албайсың тобуңду.
Кууп чыгат ордодон
Сен табасың жолуңду".
Абыке айтат: "Каныкей,
Айткан сөзгө кирбесе,
Көбөш айтат — кербез — деп,
Бирибизге тийбесе.
Кылабыз — дейт Каныкей,
Кыркмач байтал өзүңдү.
Чаап алып ордону,
Оёбуз — дейт,— көзүңдү".
Аны угуп Каныкей,
Кандуу жашы сел болуп.
Ханша башы көктөгү,
Паска түшүп жер болуп.

Кыргылчалга; "куу сакал,
Кылчайбастан кайт — деди.
Абыке менен Көбөшкө,
Төкпөй-чачпай айт" — деди —
"Эрен Манас өлгөндө.
Элчиге келчү сен белең?
Арбагы барда айкөлдүн,
Эрге тийчү мен белем?!
Кайнатамды алжыган,
Каарлуу көктүн сели урсун.
Абыке менен Көбөштү,
Ак топурак жер урсун.
Анттан безген Кыргылчал,
Сени кара жел урсун.
Өлсө дагы Манастын
Арбагынан танбаймын.
Сүйүүмдү берген айкөлгө,
Сүттөн аппак сактаймын.
Кошулган ага түбөлүк,
Койнумду жатка ачбаймын.
Абыке менен Көбөштү,
Алп Манастын өзү эмес,
Тырмагына албаймын.
Тиймек турсун аларды
Садагама чаппаймын.
Кылычтап башым кессе да,
Айтканыман жанбаймын".
Аны угуп Кыргылчал,
Кекерлеп сүйлөп чиренди:
"Тиесиң — деп — Көбөшкө",
Кезенип камчы имерди.
Ачуусу келген Каныкей,
Ак тинтени алганы.
"Кый сүбөнүн тушу" — деп,
Кыргылчалга салганы.
Кызыл-ала кан болуп,
Качып Кыргыл калганы.
Абыке, Көбөш, Жакыпка,
Айтып ыйлап барганы.
"Жеңеңе бардым жеме уктум,
Теги эле жаман кеп уктум.
Карчытыман канжар жеп,
Качып араң кутулдум.
Кызыл-ала кан болдум,
Чакчалекей чаң болдум".

"Өзүм жесир тул — деди,
Абыке, Көбөш кул — деди.
Энеңерди Чыйырды,
Жумшап келген күң —деди.
Абыке, Көбөш эки арам,
Тийишпесин тим — деди.
Каалабаймын, тийбейм — дейт,
Капас болуп жүрбөйм — дейт.
Хан Манастын өзү эмес,
Тырмагына албайм — дейт.
Абыке менен Көбөштү,
Садагама чаппайм" — дейт.
Ушул кепти укканда,
Оолугуп Жакып жатпады.
"Чапкыла!" деп долуну,
Кара калба баштады.
Абыке, Көбөш арданып
"Сени!" — деп оозун карманып.
"Какшатпасак долу — деп —
Хан ордоңду чаап алып.
"Кылбасак күң сени! —деп —
Казан-аяк карматып".
Көбөш менен Абыке,
Кырк чорону козгоду.
Калмакка чабуул салчудай —
Мылтыктарын октоду.
Түнү менен алашты,
Түгөл жыйып топтоду.
Таң саргарып атты эми,
Тараза жылдыз батты эми.
Доолбасын какты эми,
Черүүлөп кошун тартты эми.
Кайран Манас ордосун,
Кан майдан кылып басты эми.
Чыйырды менен Каныкей,
Чын эле жаман шашты эми.
Сарытазга жиберип,
Семетейди катты эми.
Абыке, Көбөш, Жакып хан,
Өрүштөгү малды алды.
Какыр бетин бербеген,
Калың кара нарды алды.
Казына толгон эсепсиз,
Канча дилде зарды алды.
Ойрон кылып ордону,

Чалдыбарын чыгарды.
Бак-дарагы кыйылып,
Чарбактын баары кыйрады.
Чыйырды менен Каныкей —
Чыңырып минтип ыйлады:
"Асылым Манас өлбөй кал,
Армандуу бизди бөлбөй кал!
Атаң менен иниңе,
Чаптырып көргө көмбөй кал!
Баатырым Манас өлбөй кал,
Бактысыз бизди бөлбөй кал!
Ордоңду каран чаптырып,
Оордуңа бизди көмбөй кал!
Каралдым Манас өлбөй кал,
Кайгыңа бизди бөлбөй кал!
Кан талоон кылып чаптырып,
Катыгүн көргө көмбөй кал!
Жолборсум Манас өлбөй кал!
Жоктотуп бизди бөлбөй кал!
Чоролорго чаптырып,
Чогултуп көргө көмбөй кал!"
Ал аңгыча болбоду,
Хан Жакып келди каркылдап.
Калмакты жеңип алгандай.
Кара күчкө баркылдап.
"Ай! Каныкей нээ дейсиң?
Айткан сөзгө кирбейсиң.
Көзү оюлган ит долу,
Көбөшкө нээ тийбейсиң?!"
Каныкей туруп салт менен,
Хан Жакыпка жүгүндү.
"Көбөшкө тий" — деп айтканга,
Көл болуп жашы күйүндү:
"Кайната, Манас барында,
Хан ордодо жаткансың.
Өлгөн уулуң барында,
Өзүң бек болуп жаткансың.
Арстандан калган белегиң,
Эки жашка толо элек.
Манас уулуң өлгөнү,
Толук он күн боло элек.
Манас өлдү сүйүндүң,
Кейибедиң балам — деп.
Эки арамың ээрчитип
Эми келдиң чабам — деп

Малды айдадым чарбакка,
Баарыңды койдум арбакка.
Чаңдатып чабуул салгандай,
Калмактын жокко ордосу?
Эл укса муну эмне дейт,
Эскерип ата ойлочу?!
Агар алтын зарды алдың,
Айры өркөч нарды алдың.
Ылайым ата оңбой кал,
Үй — үлкүмөт барды алдың.
Айтып эмне кылайын,
Аларды алып тынарсың.
Артындагы айкөлдүн,
Жалгызын кандай кыларсың?
Аны угуп Жакып айкырды:
"Абыке, Көбөш кайдасың?
Көргүлөчү күңдүн бул,
Медер кылып алыптыр,
Кечөөкү туулган баласын.
Көкбөрү кылып тарткыла,
Ала көзү карарсын.
Каз туруп али баласы,
Ордунан телчип кобо элек.
Телчип басып темтеңдеп,
Үч жашка анык толо элек.
Чолпондой көзүн жайнатып,
Булбулдай тилин сайратып,
Тирүү койчу бала эмес,
Тумчуктурбай жайратып.
Кезек бербей силерге,
Атасы жүрдү башында.
Кумдактан муну кутказбай,
Өлтүргүлө жашында.
Каныкей долу катынга,
Бир кылбагын, үч кылгын!
Кажыбаган кайратын,
Өз башына күч кылгын!"
Аны укканда күүлөнүп —
Абыке, Көбөш эки арам,
Токтоо кылып турган жок.
Бөрк ал десе баш алган,
Бул экөөндөй урган жок.
Бастырып үйгө барышты,
Бешикти эңип алышты.
"Балабы" — деп санабай,

Эчтекесин карабай.
Ала күү болуп аракка,
Канталап көзү мас болуп,
Андан бетер шаш болуп,
Көкбөрү тартып калышты.
Алып барып ыргытып,
Жардан сууга салышты.
Семетейди арамдар,
"Өлтүрдүк" — деп калышты.
Арага түшкөн Бакайды,
Айдап элден таарынтты.
Ынтымак, ыркты кетирип,
Ыдыратты калкты.
Бакай абаң ошентип,
Темир тоодо жатчу экен.
Байыркынын акмагы,
Баласын жоодой чапчу экен.
Муну кое туруңуз,
Семетейди Каныкей,
Алып качканын угуңуз.

Дагы сунуштайбыз