Кирүү

Гүлчоронун кайгуулга барышы

Алмамбеттин Гүлчоро
Буурулду сурап мингенде,
Буулумду чороң кийгенде.
Үпчүлүгүн бир тогуз,
Үпчүлөнүп алды эми.
Топчулугун бир тогуз,
Топчуланып алды эми.
Кийинки кашы чылк күмүш,
Алдыңкы кашы карк алтын,
Адистер чапкан аккаңкы ээр.
Чеберлер чапкан аккаңкы ээр.
Эки каптал эн темир,
Тайбуурулга чак каңкы ээр.
Качкан элик чокулуу,
Тайбуурулга токулуу.
Куюшканы куйма алтын,
Куюштуруп токуган.
Олоңдору оймо алтын,
Оюштуруп токуган.
Көмөлдүрүк баары алтын,
Тумарчасы сары алтын.
Күн чагылып жаркылдап,
Күнгө келсе жалтылдап,
Жагоолору сап алтын.
Куйма таман үзөнгү,
Теппей ыргып минди эми.

Бура тартып эрениң,
Буйдалбай жолго кирди эми.
Көргөн киши баланын,
Көркүнө көңүл бургундай.
Капыс чыгып жолунан,
Карактап алса тунгундай.
Семетей туруп муну айтат.
Кашка тишин кылайтат:
"Кагылайын, карагым,
Карагым мени карагын.
Ат арытып мине элек,
Ат кадырын биле элек,
Тон тоздуруп кие элек,
Тон кадырын биле элек.
Кыйгактуу найза сая элек,
Кыйкырып жоого бара элек,
Жарактын жайын биле элек,
Жалаңдап жоого тие элек.
Атамдан калган айбалта,
Тийген жери кан балта.
Бурама темир сом балта,
Буруп соккон айбалта.
Жонуна темир кырдаган,
Жомокчулар ырдаган.
Тийген жери ырбаган,
Тамсилдеп ырчы ырдаган.
Чапкан жери аң болуп,
Алжайгандан малжайган.
Ай-ааламга жар болуп,
Кандап канча баш жарган.
Көк темирден сомдогон,
Көтөргөн адам оңбогон.
Анын ыргай сабына,
Пил терисин орогон.
Сугатына чыдабай,
Көлдүн баары соолуган.
Көөрүгүнө чыдабай,
Көп букалар союлган.
Көмүрүнө чыдабай,
Көөнө токой жоюлган.
Барсканына чыдабай,
Чандан уста кырылган.
Айта берсем түгөнбөйт,
Ашагандан-машаган.
Төкөр уста Бөлөкбай,

Жайы-кышы жасаган.
Көрүүгө сонун көркөмдөп,
Сыртына алтын чөгөргөн.
Жоолуу күнү Ажыбай,
Жоболоң тартып өңөргөн.
Эмишкен эмчек эр чором,
Муну алгын колуңа.
Кас душманды кандагын,
Каргаша болгон жолуңа.
Атамдан калган сыр найза,
Атакталуу ыр найза.
Анын жайын айтайын,
Ааламга салган чыр найза.
Уңгусу болот, учу курч.
Учуна салган кара курч.
Жердиги болот, теги курч,
Жээгине салган кызыл курч.
Учу ак болоттун кыймасы,
Сабы ак кайыңдын сыйдасы.
Көк болоттун кыймасы.
Көк карагай сыйдасы,
Чиркейдин тумшугунан кураткан.
Чочконун сийдигине сугарткан.
Он эки порум кырдаган,
Отуз түрлүү сырдаган.
Колдон тайма болот — деп,
Коло менен чырмаган.
Шамал тийсе ырдаган,
Тийген жери ырбаган.
Кышта жылуу болсун деп,
Кой макмал менен каптаган.
Ташка сайса тайбаган,
Талкан кылбай калбаган.
Көгүчкөндүн канатын,
Сыйрып алып чаптаган.
Жара желим токтотуп,
Жибек менен чырмаган.
Төкөр уста Бөлөкбай,
Чебердик менен жасаган,
Муну алгын колуңа.
Кас душманды кандагын,
Каргаша болгон жолуңа.
Атакталуу ак албарс,
Мунун жайын айтайын.
Жалманган өткүр маш албарс,

Көөдөнгө урса баш жарган,
Жыгачка урса таш жарган.
Эки миздүү испиан,
Чапканын кеспей калбаган,
Эки жакка шилтесе,
Эки жүздөн башты алган.
Кынабына салганда,
Жети карыш кыскарган.
Кынаптан сууруп алганда,
Кырк аршынча узарган.
Төкөр уста Бөлөкбай,
Өрнөктөп артык узанган.
Сайы анын сап алтын,
Туткалары карк алтын.
Темиринен башкасы,
Тегерете сап алтын.
Ортосу калың өткүр миз,
Ойрон салган кандуу миз.
Учу кайкы мойну түз,
Баш алган канча кандуу миз.
Атамдан калган Аккелте,
Ай далыга чак келте.
Атканы жаздым болбогон,
Атагы элге даңк келте.
Төкөр уста Бөлөкбай
Бар енөрүн тундурган.
Камырдай жууруп темирди,
Адис менен куйдурган.
Оозундагы темири,
Ополдун кара кырымы.
Түбүндөгү темири,
Манас,
Эки ааламга даңк Манас.
Айкөл Манас баласы,
Ичинде жок аласы.
Башында суусар тебетей,
Кенебеген Семетей.
Семетейдин иниси,
Иниси эмей кимиси.
Жамандык кылган кишиге,
Жаалысы көмүр агарбас.
Жакшылык кылган кишиге,
Жанын аяп жалтанбас.
Азиз хандын Алмамбет,
Алтын айдар, чок белбоо.
Мен ошол Алмамбеттин тукуму,
Аныктап билгин ушуну.
Абакем, аламын — деп — аттанды,
Айчүрөк сиздей сулууну.
Акшуңкардын артынан,
Айчүрөк салган дартыңан.
Айдаганы он төрт ат,
Аттанып чыкты үч бекзат.
Арча тору бууданга,
Аяктай кебез байлатып.
Айчүрөк сага жетем — деп,
Абакем келет чаңдатып.
Калааңды камап тооруган,
Касыңа болсун күйүнчү.
Жерделип келген душманың,
Жеңеке, өзүңө болсун сүйүнчү!"
Анда Чүрөк муну айтат,
Агартып тишин кылайтат:
"Апей, бала, нээ дейсиң,
Айбыкпай, жеңе, сен дейсиң.
Семетей теңи мен эмес,
Менин теңим сен эмес,
Аташкан күйөөм Чынкожо,
Семетейден кем эмес.
Күмүштөн соккон ээрим бар,
Чынкожодой эрим бар.
Алтындан соккон ээрим бар,
Эр Толтойдой жээним бар.

Чынкожо оңой эр эмес,
Алуучу кызы Чүрөктү,
Алдырып койчу неме эмес.
Эр Толтой сенден кем эмес,
Таяежеси Чүрөктү.
Тарттырып ийчү неме эмес.
Толтойдон кордук көрөсүң,
Чынкожодон өлөсүң.
Артыңдан келер колуң жок,
Айчүрөк алар жолуң жок.
Ушул жерден кайтып кет,
Семетейге айтып кет!"
Гүлчоро анда кеп айтат,
"Күүлөнбө, Чүрөк — деп айтат.
Бул сөзүңдү укпаймын,
Бурулуп артка кайтпаймын.
Айтып барып абама,
Ажалыңды тартпаймын.
Акшуңкарын алдырып,
Абакем карап калчу эмес.
Чынкожо менен Толтойду,
Чыпалакка алчу эмес.
Атканын жазбас мерген бар,
Айтканы кабыл келген бар.
Чапканын жазбас балбан бар,
Далайга кыргын салган бар.
Аккелте огун атканда,
Ачуу үнүн чачканда,
Асман, жерди жаңыртып,
Кулагына батканда,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Чыдай турган жан бекен?
Тоз-тозу чыкпай Толтойдун,
Токтолор алы бар бекен?!
Абайсыз айткан кебиңди,
Абакем угуп калбасын.
Каары келип кокустан,
Хан чабуулун салбасын!"
Аны угуп Айчүрөк,
Айбыгып бою чөктү эми.
Сынагынан Чүрөктүн,
Сырдана чороң өттү эми.
Күлүңдөшүп кыз-келин,
Күлкү назын төктү эми.

Ой-пикирлер