Кирүү

Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы 3-бөлүк

Атка минип толгонуп,
Арстандай комдонуп,
Айкөлүн Манас турганда,
Баякы кара сурдун сулуусу,
Ургаачынын нурдуусу,
Он эки кыздын кенжеси,
Темиркандын эркеси
Алтындан кемер курчанып,
Айдай гана бетин нур чалып,
Айкөлүңдүн алдынан
Байкуш Каныкей чыкты сумсайып.
Берендин жүзүн көргөндө
Мелтиреген бейбагын
Адам, бет алышкан жери ошол.
Барса келбес чоң Бээжин,
Падышам аман-эсен келдиңби?
Атышка салса ак жолтой,
Берендердин баарысын,
Сен Бээжинге белек бердиңби?
Падышам, жылкыдан жылма күрөн кер да өткөн,
Баатыр ушундай болот дүйнө чок,
Өлгөнгө өксөгөн менен пайда жок!
Кайрылып Манас тарткан соң,
Атышкан айымы кайрат айткан соң:
Долум бөлүнтпө гана менин санаамды,
Алып келчи бер жакка
Өлгөндө көргөн баламды!
Боз ала туйгун болпонду,
Алып келчи бер жакка
Боз карчыга чолпонду!
Оозумду ачып өпкөндү,
Көзүмдү ачып көргөндү!
Сөз салса бейбак көнгөн жок,
Баласын баатыр шерге берген жок.
Кундактагы баланы
Кымтып турат көргөзбөй,
Көргөзбөгөн себеби
Телегейи тең болчу,
Баатырын шай колдогон шер болчу,
Ичин карап отурсаң,
Жер жүзүнөн кен болчу.
Караганы аман калчу эмес,
Падышасы Манас кан
Баланы сүйөр жан эмес.
Баланы сүйбөс себеби
Караган аман калчу эмес,
Көзүндө кара калы бар,
Жүзүндө жаман заары бар.
Сырын билген Каныкей
Сырттанга бербейт чыркырап,
Көзү канык Каныкей
Көк жалга бербейт буркурап.
Көп айласы кеткенде
Манас кан тайган салды керекке,
Көп сагынган балага
Баатыр камчысын берди белекке!
Баатыр камчысын сунуп турганда
Камчысын кармап билгизип,
Семетейдин чекесине тийгизип,
Чекеге тийген камчыны,
Кур гана кур-кур кур жыттап,
Кубат эле кылат курган кан,
Кудайым берген деп жыттап.
Жакыныраак калганда
Таластын чети көрүнүп,
Алмамбет, Чубак асыл деп,
Кабыландын көңүлү гана жаман бөлүнүп,
Баатырын баатыр Манас атанып,
Ителгидей кайран көз
Ирмебей-көзгө жаш алып,
Калдайды чапкан кол курап,
Каңырыгы бек түтөп,
Баатырын жашып эле кетти коңгурап.
Алтын жаак айбалта
Алкымдан кармап имерип,
Баатыр бөйрөккө таяп жиберип,
Баатырын коңгурап үндү салды эми,
Алмамбет, Чубак ордого
Баатырын өкүрүп жатып калды эми:
Аккула окко учурдум аяш,
Алтын айдар, чок белбоо, аяш,
Азизкандын гана жалгызы, аяш,
Алмамбет шейит кечирдим, аяш!
Канатымдан кайрылдым, аяш,
Кара кылып отурган
Кан Чубактан айрылдым, аяш!
Мен Бээжинди чаптым, көп алдым, аяш
Бээлесе жанга табылбас,
Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!
Мен канатым окко жулдурдум, аяш,
Кабыландан айрылып
Мен карангүн жанды тындырдым, аяш!
Сулайман жеткиз Бээжинден, аяш,
Сурагын гана сууруп мен алдым, аяш,
Сурагын сурайм деп туруп, аяш,
Мен эгиздерди жеп алдым, аяш!
Мен Бээжинге кирдим, кайрылдым, аяш
Мен берендерден айрылдым, аяш!
Мен канатым гана өрткө чалдырдым, аяш,
Кабыландын баарысын
Мен Каканчынга алдырдым, аяш!
Эгиз козу түгөйүм, аяш,
Экөөнү катар жеп алып
Мен өлбөй гана кантип жүрөмүн, аяш!
Кара гана Бээжин, Каканчын, аяш,
Мен камаганда өлбөдүм, аяш,
Мен Кара кан, шибээ, Ылама, аяш,
Ошону сабаганда өлбөдүм, аяш!
Ач арстан, ары шер
Жардыгында өлбөдүм, аяш,
Алмамбет, Чубак, Сыргак шер
Бардыгында өлбөдүм, аяш!
Мен Бээжинге гана бейпай салдырдым, аяш,
Бек дүйнөгө кызыгып,
Мен берендерден айрылдым, аяш!
Кан Манас минтип барганда
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Ошондо калайык журттун баары ыйлап.
Кызыл кырчын кыз балдар
Кызылдан кара кийишип,
Карк токтогон катындар
Карадан кара кийишип.
Жылкыда тулпар ала баш,
Баатыр аргын; кыргыз аралаш,
Токсондогу чал ыйлап,
Толгон журттун баары ыйлап,
Боору жетик эр ыйлап,
Манас кандын кырк кырааны тең ыйлап
Ошондо Алмамбет зайбы Арууке
Алмамбеттин зайыбы:
Тоодогу жылкы тогуз сан,
Тобурчак буудан аралаш,
Тозуп алар жаман ат,
Томсортуп жанды кууратпай,
Тоодоюм төрөм ала жат!
Падышам, бармактайда баш кошкон,
Ошо же биттей кезде бириккен,
Канжыгаңа чала кет,
Караандаша кеткенге
Кабылан, мен чиркинди ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай бейбакты,
Кабылан, тарта кетчи койнуна!
Отуз дайра бириксе,
Шар жериндей падышам,
Отуз-тоо бириксе
Ошондо тар жериндей падышам!
Кошок айтып чыркырап,
Ошондо Алмамбет зайбы Арууке,
Чубактын зайбы Бирмыскал,
Эсенкан кызы Бурулча
Ошондо кан Манастын алдына
Кайгырып ыйлап чыркырап.
Падышандын алдынан
Үч айым чыкты буркурап.
Үчөөнүн кандуу бети жыртылуу,
Кара гана чачы жайылуу,
Ай чырайлуу нур беттен
Ошондо арык-арык кан кетип,
Карагаттай кайран көз
Камчы бою жаш кетип,
Бөдөнөдөй кайран көз
Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Караса бети бөлүнүп,
Кан аралаш кандуу жаш
Арык бою төгүлүп:
Аяш жан, ай караңгы болгондо
Түндү эмине кылабыз?
Асылдардан аркада эркек бала жок,
Дегеле күндү эмине кылабыз?
Тоодогу жылкы тогуз миң,
Муну тосуп коер ээси жок.
Кудайдын салган ишине
Баатыр ай, көтөрбөскө чара жок,
Алдейлеп кармап турганга
Баатыр ай, колдогу эркек бала жок!
Баатыр ай, абайлабай чалдырдың,
Алмамбет, Чубак шериңди.
Баатыр ай, кытайга белек алдырдың.
Баатыр ай, кыймалуу жагын көрдүңбү,
Аяш жан, кыйналбай эсен келдиңби?
Кызырдуу шердин баарысын
Аяш жан, кытайга белек бердиңби?!
Кыймалуу жактан чалдырып,
Кыраандардын баарысын,
Аяш, кытайга белек алдырып,
Сак-саламат келдиңби?
Белиңе таңуу беренди,
Бел тутуп жүргөн көсөлдү
Баатыр ай, белекке кармап бердиңби?
Алтынды тактын желекке,
Асылдардын баарысын
Аяш жан, алдырып келдиң белекке.
Аяш жан, Бээжинден эсен келдиңби,
Аяш, бейлебей алты ай салышып,
Берендердин баарысын,
Аяш, белекке кармап бердиңби?
Безилдеп каралуу катын турганда,
Кан Манаска ушундай жооп кылганда,
Баатыр тил сүйлөбөй алайып,
Аяштар минтип турганда
Баатыр тилден бир калды шалайып.
Аяштын сөзү күчөдү,
Арман кылып кан Манас
Ошондо каңырыгы түтөдү:
Алмамбет астыга жүрсө ак жолум,
Чубагым артымда жүрсө сан колум.
Кечээ кара болот зулпукор
Кыңдап жаткан кезимде,
Он сегиз миң ааламды
Сындап жаткан кезимде,
Калдайган шаардын баарысын
Камап турган кезимде,
Каяшаяк бергенди
Карсылдатып моминтип
Сабап турган кезимде,
Кең дүйнөнүн тарында,
Алакемдин барында
Мында өлбөй не болдум?!
Алдырып ийдим жаман ат,
Алмамбет, Чубак ала жат!
Ак маралды кубалап,
Уй кылганда өлбөдүм,
Ааламдын баарын токмоктоп,
Мен буй кылганда өлбөдүм!
Алмамбет менен Чубакты
Дөө кылганда өлбөдүм,
Кытай турмак кылымды
Кыйратып сайып баарысын
Ошондо, жөө кылганда өлбөдүм.
Кара Бээжин, Камбылын
Камаганда өлсөмчү,
Калдай менен солоонду
Сабаганда өлсөмчү.
Кырк кез салган дубалын
Жол кылганда өлбөдүм.
Кызыл алтын дилдесин
Той кылганда өлбөдүм.
Каканчылуу Бээжинди
Камаган жылы өлбөдүм.
Калың алтын, дилдесин
Талаган жылы өлбөдүм.
Өлбөй бир өксүй бердимби?
Бээлесе колго тийбеген,
Берендердин баарысын
Капырай, Бээжинге кармап бердимби
Алдырып кайттым жаман ат,
Эми, Алмамбет, Чубак ала жат!
Кечээ Жылгындуунун оюнда
Жаяны кесип жечү элем,
Жанаша болсо Алмамбет
Мен жаңжуңду бузам дечү элем.
Мен казыны кесип жечү элем,
Курдашым Чубак турганда
Кытай турмак кылымды
Мен кыйратып ием дечү элем.
Ок өтпөгөн суп көйнөк
Кийишермин дечү элем.
Ойронум Алмам барында
Он сегиз миң, ааламга
Мен сүрүшөрмүн дечү элем.
Кара болот зулпукор
Мен көөлөшөрмүн дечү элем.
Каным Чубак жан бирге,
Караан болсо жаныма
Он сегиз миң, ааламга
Мен жөөлөшөрмүн дечү элем.
Кармаган туум сындыбы,
Адам, касташкан жан тындыбы?
Чалкар кол баткак болдубу,
Алмамбет менен Чубагым,
Атаганат Сыргагым
Шум кара жер сордубу?
Кайгыга кирип кайрылган,
Мендей шордуу бар бекен
Алмамбет, Чубак эки кан
Үч беренден айрылган!
Найза муштап заңгырап,
Баатырын, өкүрүп алган аңгырап.
Баягы чогулган эли тарабайт,
Чоңдугун көрчү Манастын,
Бирөө кой дегенге жарабайт.
Баягы кайран долу Каныкей
Падышанын алдына
Басып келди сумсайып,
Баса түшүп жаркылдап,
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Омуроодо жаркылдап:
Баатыр, айтса арман арылбайт,
Баатыр, акырет кеткен эгиздер,
Баатыр, арман кылсаң табылбайт.
Телегейден тең өткөн,
Теңизиң Алмамбет, Чубак эр эмес,
Баатыр, телегей журтуң көп өткөн.
Өкүрсөң оозун, жабылбайт,
О дүйнө кеткен эгиздер,
Баатыр ай, өпкөлөсөң табылбайт.
Телегейи тең да өткөн,
Он сегиз миң ааламдан
Баатыр, ааламды гана бузган шер да өткөн.
Кайгырса жүрөк камыгат,
Капаланба, султаным,
Кайрандар кайдан табылат?
Каның Алмаң жалгызың
Табылгылуу колотуң.
Султаным, талыккан менен айла жок,
Султаным, Акбалтанын Чубагы
Таптап эле койгон болотуң.
Улаккандын Сыргагы
Алтындан кылган сом балтаң.
Аларга өксөгөн менен айла жок,
Өлүк менен тириктин
Куран жүрөт арага,
Өткөндөргө көп өксөп,
Баатыр ай, жолукпа чердүү балаага.
Эчен бир дөбө жер өткөн,
Баатыр ай, ал эмес атабыз Адам тең өткөн.
Эчен бир сендей кан өткөн,
Өткөнгө өксөгөн менен айла жок,
Кеткендерге кейиген менен пайда жок.
Деп ошентип Каныкей,
Манасты колтуктап аттан түшүрүп,
Төрт-Көлдүн төмөн жагында,
Төрө Манастын сайган багында,
Дарбазалуу коргондо,
Каныңыз Манас кандын ордого,
Кантты кардай томурган,
Сары майды омурган,
Бөлөкчө жорук баштаган,
Багылан козу, ширин баш,
Падышам келсе жесин деп,
Байкуш катын Каныкей,
Бор кайнатып таштаган.
Кара чайын шимиртип,
Казы кертип, жал берип,
Көк жалга жалан, каймак май берип,
Асылың жеңең сыйлап турганда
Арка моюн арасы,
Кабылдап калган кези экен
Баатырдын айбалта тийген жарасы.
Ошондо акылдашы зор Бакай,
Муздактын башы Муз-Жайлоо,
Ошондо бурулбай көчтү Каныкей.
Салкын жайга конду эми,
Ошондо кайран катын Каныкей,
Желбегей тон кийгизип,
Желмаянга мингизип,
Бурамалуу жез найдан
Бурчунан кармап имерди,
Буркурап ыйлап жеңекең,
Үзүктөй калпак эр Шуутуну жиберди.
Мысыр менен Багдатты
Катар муну чалдырды,
Үпү деген, бир дары,
Апы деген бир дары,
Төмөнкү кең Мысырдан алдырды.
Баягы берен катын Каныкей
Медийнаны чалдырып,
Мындан дары алдырып,
Желпиништи чалдырып,
Жеңекең мындан дары алдырып,
Кайнатма кара дарыдан
Баягы кайран катын Каныкей
Жарасына салды эми.
Ар чириктин баарысын
Кузгундатып тептирип,
Тышынан сууруп алды эми.
Кырма кызыл дарыны
Жеңең ичинен баса берди эми.
Ошондо ооруган жери басылып,
Кабылан султан каныңдын
Умачтай гана көзү ачылып.
Кубаттанып тирденип,
Ошондо куруган төрө ирденип.
Кайра көчүп Таласка,
Баатырын кең Талас бойлой конгондо,
Баштагыдан артыкча султан болгондо,
Касиеттүү жан болуп,
Ошондо кайран баатыр кан болуп,
Буудандын оозун бурганда,
Баатыр ай мурункудай турганда,
Бир күнү таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Падыша он жагына толгонуп,
Шашып намаз окунуп,
Короздой болгон кайран шер
Тайбуурулду токунуп,
Эрмендүүнүн жонунда,
Ач-Маралдын боюнда
Өлгөнбү десе тири арбак,
Баатыр ай, эрбейип караан көрүнөт.
Көрүнгөндө көрүнөт,
Көрүнбөсө Манастын
Көөнү ошондо бөлүнөт.
Баягы аманат кылып табыштап,
Жүктөп ийген Алмамбет,
Астындагы баягы,
Жүктөп ийген эмеспи,
Ай тийгендей жаркырап,
Сарала буудан көрүнөт.
Уй куймулчак Сарала
Көктөн көгала булут тутулуп,
Алмамбеттин сөөгүн
Айгайлаган сан колдон
Ошондо аман алып кутулуп.
Айтайын десе тили жок,
Айбандан эстүү жарыктык,
Кылт дегизип суу жутпайт,
Кырт этип чөптү чайнабайт,
Күндө тынып калбастан,
Күн мезгилин албастан,
Араандай оозу ачылып,
Оозунан көбүк чачылып,
Ошондо башын жерге салыптыр,
Айбан да болсо Сарала,
Айланса болот бууданга,
Жаныбар аса күтүп калыптыр.
Кен Таласты бет алып,
Жаныбар керилип качып алыптыр.
Жал-куйруктан айрылып,
Жаныбар, чолок атка конуптур.
Жайнап турган Сарала
Быйыл сарала чолок болуптур.
Эңкейген сайын эрди жоор,
Тырмактай жери таза эмес;,
Тердик салчуу жери жоор,
Бел этинин баары жоор,
Ээр салуучу жери жоор,
Эчен бир жерден бели жоор.
Ошондо уй куймулчак Сарала
Айбан да болсо жаныбар,
Ошондо убараны көп тарткан.
Алыстан сапар жол жүрүп,
Сарала арык болуп калыптыр.
Алакеңди көтөрүп,
Бүткөн бойдон айрылып,
Ошондо карып болуп калыптыр.
Жал куйруктан айрылып
Чолок эле атка конуптур,
Ошол кезде Сарала
Жаман атты болуптур.
Ит-Өлбөстүн кайкаң кыр
Желген экен Сарала,
Айбан көрбөс кордукту,
Баатыр ай, көргөн экен Сарала.
Ээр белдей эчен бел,
Ашкан экен Сарала,
Эчен ашуу, таш жолду,
Баскан экен Сарала.
Төтө менен төп жүрүп,
Желген экен Сарала,
Төрө Манас ак жүзүн,
Ошондо көргөн экен Сарала.
Алмамбеттин сөөгүн
Аман-эсен жеткизип,
Төрө Бакай колуна
Ошондо берген экен Сарала.
Алмамбеттин сөөгүн
Алып жүрүп кайран шер,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Чалып жүрүп кайран шер
Ат-Башыга келгенде
Чеч-Дөбө жонун ойду дейт,
Азизкандын жалгызын
Чеч-Дөбөгө койду дейт.
Ошондо Сараланы сойду эми,
Чеч-Дөбөгө Алакеңди койду эми,
Муну менен Чеч-Дөбө,
Үлкөн мазар болду эми.
Сараланы сойгондо,
Ошондо Алакеңди койгондо,
Алмамбет жаңы өлгөнсүп,
Азапты жаңы көргөнсүп,
Достусу Манас кабылан
Токтобой ыйлап зарланып,
Алмамбеттин ордого
Өкүрүп келген чагы экен.
Эстен кетип эндиреп,
Манастын болбой калган табы экен.
Жекени белге курчанган,
Жети түмөн кол келсе
Желбегей кирип кол салган,
Алтын айдар, чок белбоо,
Алмамбет достум ала жат!
Колоттогу карагат,
Кол кармашып кеткенге,
Кокуй кун, Алмам ала жат!
Алакем, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт,
Каран кун түшкөн Бээжиндин
Кадимки жолун ким баштайт?!
Кызыл болот желегим,
Алмамбет кытайдан келген белегим!
Кызыталак башка кун түшсө,
Кысталыш жерде керегим.
Өөдө чыксам өбөгүм,
Өлбөй кантип турамын,
Кокуй кун, Алмам жөлөгүм!
Бек бекиткен чебимен,
Чын айрылып каламбы
Береним Алмам шеримден!
Азизкандын жалгызы,
Алакем, Сарала менен желгеним.
Атадан бирге тууган жок,
Алда таала бир кудай,
Кытайдан айдап бергеним!
Ташка салса тарткысым,
Алакем, жоодон кайра кайткысым!
Алакем көзү өткөн соң,
Тирүү карап турамбы,
Асыл Алмам шеримди,
Кара жерге кыямбы?!
Айлам кетти Бакай кан,
Менин абийирим кайдан жабылды,
Ыраазымын алдага
Бугун Алакем сөөгү табылды!
Ай сайын жүргөн аркырап,
Аскардуу шамал желдейим.
Эч жоодон кайра тартпаган,
Кара кулак шердейим.
Найзалашса өбөгүм,
Алмамбет менин жөлөгүм.
Асаланып көп ыйлап,
Алмамбеттин ордодо
Асылым Алмам деп ыйлап,
Ошондо өкүрүп Манас бүк түштү.
Мээ аралаш сары зил,
Кусуп ийип кан Манас,
Төбөсү менен тик түштү.
Ошондо кабылан энең Каныкей,
Ыйлап ийди чыркырап,
Баатырдын башын жөлөп буркурап:
Султаным мээ аралаш, сары зил,
Бейпайга салчу оору экен,
Баатыр, сенин белинде жараң бар беле?
Айым мен белимде жарам айтайын,
Кең Бээжиндин баткалда,
Намаз окуп жатканда,
Аргын кандын Ажыбай
Алыста уктап калганда,
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Мени керилип сайып салганда,
Найзанын учу короюп,
Белиме калып калганда,
Аргын кандын Ажыбай,
Бек тарткын десем бош тартып,
Найзаны буруп алды эле,
Болоттун учу корс этип,
Менин белимде сынып калды эле.

Ой-пикирлер