Кирүү

Барпы Алыкулов. Балдарга насыят

Ыраскыны бекерге
Төкпөгүлө, балдар ай,
Акарат кылып бирөөнү
Сөкпөгүлө, балдар ай
Мурдуңду бөөдө көтөрүп,
Көппөгүлө, балдар ай.

Эс токтотуп бир ишти
Аңдагыла, балдар ай,
Көңүлү туура теңтушту
Жандагыла, балдар ай.

Бирөөнүн болсо, буюмун
Албагыла, балдар ай.
Жаманатты, наалатка
Калбагыла, балдар ай.

Минип турган атыңды
Чаппагыла, балдар ай.
Киши билбестиктен сүйлөсө,
Какпагыла, балдар ай.

Үйүңдү таштап, талаага
Жатпагыла, балдар ай.
Жалган сөздү "ырас" –деп,
Айтпагыла, балдар ай.

Бирөөнүн "тону жакшы" деп,
Кийбегиле, балдар ай.
Бирөөнүн "аты семиз" –деп,
Минбегиле, балдар ай.
Адебиңдин пайдасын
Ойлогула, балдар ай.
Кеп бербеген такымчы
Болбогула, балдар ай.

Атка менсиң, сылантып
Токугула, балдар ай.
Илим-билим пайдалуу,
Окугула, балдар ай,

Жаш булбулдай үн салып
Сайрагыла, балдар ай.
Кеңири заман, тең жыргал,
Ойногула, балдар ай.
Түбөлүк теңдик болгонун
Ойлогула, балдар ай.

Бирөөнүн жолун адепсиз
Тоспогула, балдар ай.
Мөндүрдөй жаап ок түшсө,
Коркпогула, балдар ай.

Тоодон түшкөн ташка окшоп
Күүлөнгүлө, балдар ай.
Күндөн-күнгө чыңалып
Бүрдөгүлө, балдар ай.
Душманыңа сыр бербей,
Сурдангыла, балдар ай.

Ата турган мылтыкты
Маш кылгыла, балдар ай.
Душманды жерге киргизип,
Таш кылгыла, балдар ай.

Алды, артыңды ар дайым,
Эстегиле, балдар ай.
Орундатпай ишиңди,
Кетпегиле, балдар ай.

Кармашканга кол бербей,
Коисом деңер, балдар ай.
Кара көңүл душманды
Сойсом деңер, балдар ай.

Партиянын сөзүнө
Бекем тургун, балдар ай.
Көпчүлүккө жакшылык
Нечен кылган, балдар ай.

Ой-пикирлер