Кирүү

Насирдин Байтемиров. Тынышбек боорум

1986-жылдын төртүнчү август күнү Сокулук районундагы "Рассвет" колхозунун башкы чабаны Асылбек уулу Тынышбек кадимки эле байыркы Кожожаштын жылчыксыз тагдырына туш келип, катуу кырсыкка кириптер болду. Сөз так ошо көзгө атар мерген жөнүндө болмокчу.

Жомоктоп айтат жакшыны, боорум,
Жоголсо кайткыс бактыны, боорум.

Улама айтат жакшыны, боорум,
Уланып кетээр бактыны, боорум.

Эл ичи кенен жомокко, боорум,
Жомоктун чыны болотко, боорум.

Жомок да эмес, чынды айтам, боорум,
Тынышбек эмес, кимди айтам, боорум?

Отуз төрт жашың–бир Долон, боорум,
Ортодон кетпес ойлогом, боорум.

Кырчын тал кезиң миң Долон, боорум,
Кыйыша койбос ойлогом, боорум.

Тамырың жайган беш балаң, боорум,
Тамырга үлгү деп калам, боорум.

Атанын уулу дедирдиң, боорум,
Ак толкун болуп көбүрдүң, боорум.

Эненин уулу дедирдиң, боорум,
Эш болуп журтка чегилдиң, боорум.

Төрт эле жылы окуган, боорум,
Төрт сынып бүттүң окуудан, боорум.

Атанын жолун уладың, боорум,
Жардамчы кыл деп сурадың, боорум.

Койчулук кесип жактадың, боорум,
Колтойгон оюң актадың, боорум.

Кубуша ойноп жел менен, боорум,
Көз ачтың чыны мал менен, боорум.

Жырткандай болдуң биерди, боорум,
Жыңайлак кечтиң шиберди, боорум.

Абайга албай жерди да, боорум,
Аралай чаптың черди да, боорум.

Ат кылып миндиң асканы, боорум,
Аска да сени какпады, боорум.

Кучактап жаттың төштү да, боорум,
Кумарың журтка өстү да боорум.

Сарымсак жулдуң тикенден, боорум,
Санагы бүтпөс дүкөндөн, боорум.

Ырыска жарар кез келген, боорум,
Ышкынды тердиң беттерден, боорум.

Апаңдай болуп сагынып боорум,
Аткулак жаттың жамынып, боорум.

Чиелүү боордун чиесин, боорум,
Чытырман жерин билесиң, боорум.

Чытырман этиң тыткан жок, боорум,
Чыдамың сенин кеткен жок, боорум.

Колоттуу жердин жомогу, боорум,
Кожогат ээрдиң боеду, боорум.

Калдайган чердин жомогу, боорум,
Карагат колуң боеду, боорум.

Таманың ташка такалап, боорум,
Бүлдүркөн тердиң чакалап, боорум.

Долоно болуп жаркылдап, боорум,
Долоно жаттың салкындап, боорум.

Карагай канат сермеген, боорум,
Карасаң сени "кел!" деген, боорум.

Жапалак арча жамындың, боорум,
Жайкысын жытын сагындың, боорум.

Алмалуу-Булак күздөдүң, боорум,
Ашепке жемиш үзбөдүң, боорум.

Жийделүү-Булак жайладың, боорум,
Жергенин көркүн сыйладың, боорум.

Балтыркан жулдуң өр бойлоп, боорум,
Балапан алдың жар бойлоп, боорум.

Кыргыйды таптап салдың ээ, боорум,
Кынуусун анын алдың ээ, боорум?

Таанды да бактың "каалатып" боорум,
Үйрөттүң үкү дуулатып, боорум.

Тоо эчки бактың улагын, боорум,
Эчкидей зоодон чурадың, боорум.

Көгүчкөн бактың үйрөтүп, боорум,
Көрүнсөң тилин сүйлөтүп, боорум.

Көпөлөк дагы дос болду, боорум,
Турумтай сага жоош болду, боорум.

Тор жайып күйдүң кушту да, боорум,
Торуңа бүркүт түштү да, боорум.

Бүркүт да таптап салдырдың, боорум,
Бөрүдөн көкжал алдырдың, боорум.

Ак шумкар салдың жел канат, боорум,
Акыйды туштан эл карап, боорум.

Куукумпай таптап үндөдүң, боорум,
Күйүгүү жайын билбедиң, боорум.

Тайгандын табын жаспадың, боорум,
Тааныттың жайын асканын, боорум.

Эсепсиз болуп оюну, боорум,
Эчкини зоого коруду, боорум.

Теңдешсиз болуп жоругу, боорум,
Текени ташка коруду, боорум.

Бааласа баага толгонсуң, боорум,
Баладан башка болгонсуң боорум.

Сынаса сынга толгонсуң, боорум,
Жигиттен бөтөн болгонсуң, боорум.

Балалык кезиң бир нуска, боорум,
Башкача туулдуң кыргызда, боорум.

Ышкырсаң булбул үндөштү, боорум,
Ышкысы артып сүйлөштү, боорум.

Арбашсаң жылан солуду, боорум,
Айбатыңан коруду боорум.

Каргаша болбой өрүңдөн, боорум,
Карааның калкка көрүнгөн, боорум.

Үзүлбөй үйдөн досторуң, боорум,
Үйдөгү базар окшодуң, боорум.

Жыйылбай дасмал төрүңдөн, боорум,
Жыргалың кенен төгүлгөн, боорум.

Келбесе мейман умсундуң, боорум,
Келишсе жыргап туйтундуң, боорум.

Самооруң өчпөй кайнады, боорум,
Самоордун чогу жайнады, боорум.

Очоктон түшпөй казаның, боорум,
Оролун чача жашадың, боорум.

Барчу жер оңун жат билип, боорум,
Бастырып чыксаң ат минип, боорум.

Атың да сени алдабас, боорум,
Алагды кылып кармабас, боорум.

Бастырсаң мамык төшөлүп, боорум,
Баратса сени көтөрүп, боорум.

Чү койсоң учуп жел канат, боорум,
Чыдамсыз сүйчүү эл карап, боорум.

Жамбаштап жатсаң ташка да, боорум,
Чаркыңды кыйбай башкага боорум.

Жаныңдан атың кетчү эмес, боорум,
Жашыса ачка сезчү эмес, боорум.

Айттырбай сөздүн жүйөөсүн боорум,
Атың да билчү мүнөзүң, боорум.

Ойдо жок жорук кезигет, боорум,
Ойдо жок өңдүү сезилет, боорум.

Табышмак нерсе кезигет, боорум,
Табышмак болуп сезилет, боорум.

Табышмак эмес, себептир, боорум,
Ошондой болуш керектир, боорум.

Сен жокто үйгө сыр келди, боорум,
Сыр менен кошо чыр келди, боорум.

Кашкулак келди балалуу, боорум,
Кайгыдан башы жаралуу, боорум.

Айгырын анын атыпсың, боорум,
Азапка жанын матапсың, боорум.

Атасыз бала жетим ээ, боорум,
Айдаган туюк сезим ээ, боорум?

Атанын жыты жетелеп, боорум,
Айлыңа келген төтөлөп, боорум.

Үйрүнүн жыты азгырып, боорум,
Үйүңө келген качырып, боорум.

Текчеге тыгып коюлган, боорум,
Терини тааптыр союлган, боорум.

Терини жыттап ыйлаптыр, боорум,
Тепсеңер дагы туйбаптыр, боорум.

Теринин жыты–ата ээ, боорум,
Атаны атыш ката ээ, боорум?

Экини жалгыз таштадың, боорум,
Эсепсиз жорук баштадың, боорум.

Балдары тери талашты, боорум,
Баш албай жыттап карашты, боорум.

Талпагы калып, өзү жок, боорум,
Талпайып жатты көзү жок, боорум.

Кашкулак каары ашынды, боорум,
Үйдөгүлөрдү качырды, боорум.

Балдарды жүккө чыгарып, боорум,
Зайыбың турду кубарып, боорум.

Артылта серпип таягын, боорум,
Алдастап калды аялың, боорум.

Таякты дагы сезген жок, боорум,
Таяктын уусу жеткен жок, боорум.

Дуңкулдап үйдө жүгүрдү, боорум,
Оонады, кайра күбүндү, боорум.

Аз убак үйдөн кетпеди, боорум,
Адамдын жытын жектеди, боорум.

Кашкулак каарын чачты эле, боорум,
Кайгысы ашып-ташты эле, боорум.

Ашкана жакты чаңдатты, боорум,
Абыдан жинин кайнатты, боорум.

Талкалап казан-аякты, боорум,
Таламын катуу талашты, боорум.

Чапса да жонго күчөдү, боорум,
Чатагы катуу кычады, боорум.

Очоктун күлүн чаңдатты, боорум,
Ошончо канын кайнатты, боорум.

Кубалап чыгып балдарды, боорум,
Дуңкулдап үйдү айланды, боорум.

Айбанда дагы эс бар ээ, боорум,
Аянбай турган кез бар ээ, боорум?

Кантсе да андан пайда жок, боорум,
Айгыры келбейт айла жок, боорум.

Айгырдан үзүп үмүтүн, боорум,
Артылтып ички күйүтүн, боорум.

Көкөйдөн жаман өттү да, боорум,
Көзүнүн жашын төктү да, боорум.

"Болуп кал мендей?!"–деди го, боорум,
Солуп кал мендей?!–деди го, боорум.

"Атасыз калсын балдарың, боорум,
Акыйып мендей зарлагын, боорум?!

Жашыңдан жесир, тул болгун, боорум?!
Жапаага дайым кул болгун, боорум?!–

Дегендей болду калыбы, боорум,
Денеси солуп талыды, боорум.

Үмүтүн үзүп акыры, боорум,
Үзүлө жаздап жашыды, боорум.

Кашкулак кетти балалуу, боорум,
Караган көзгө аялуу, боорум.

Кашкулак сезет күйүттү, боорум,
Калтырбай ички үмүттү, боорум.

Кыйналса дагы шартына, боорум,
Кылчактап карайт артына, боорум.

Кечсе да өртүн кайгынын, боорум,
Келеби дейби айгырын, боорум.

Шимшилейт жерден жыт искеп, боорум,
Жол боюн койбой бүт издеп, боорум.

Айгыры жытын тааныйт да, боорум,
Ансайын күйүп наалыйт да, боорум.

Тынышбек үйү түнөрдү, боорум,
Үрпөйүп арга түгөндү, боорум.

Балдары калды чурулдап, боорум,
Баарынын сөөгү зырылдап, боорум.

Аялы калды калтырап, боорум,
Ачалбай оозун жалдырап, боорум.

Тынышбек койдо тоодо эле, боорум,
Кашкулакка да жоо беле, боорум?

Балалуу жагын сезбеген, боорум,
Бүлүктүү күнгө кептеген, боорум.

Ашынтып аңчы кумарды, боорум,
Аңдаган эмес убалды, боорум.

Көрүнсө көзгө бирдеме, боорум,
Серейте атып жүрдү эле, боорум.

Ошонун бири–бул жорук, боорум,
Уккандар калды ойлонуп, боорум.

Айылда арбын кеп болду, боорум,
Кашкулак кеби көп болду, боорум.

Карылар айтты билгенин, боорум,
Калк жыртып өлбөй жүргөнүн, боорум.

Кашкулак катуу каргышы, боорум,
Каарланса келбейт, жангысы, боорум.

Суурдун да катуу каргышы, боорум,
Сурасаң келбейт жангысы, боорум.

Тынышбек жөнү көп болду, боорум,
Түрлүүчө айткан кеп болду, боорум.

Айылдан айыл кеп кетти, боорум,
Ар түркүн шумдук эстетти, боорум.

"Дейт-дейттин" арты көбөйдү, боорум,
Биринен бири төрөлдү, боорум.

"Акыры жаман" дешти ээ, боорум?
Тынышбек кайгы жешти ээ, боорум?

"Кайгыга башың салдың ээ, боорум?
Кайтпаган дартка калдың ээ, боорум?

Мындан да мурун сыр көрдүң, боорум,
Ыйлаган улак бир көрдүң, боорум.

Сыр көргөн кезде кой дедик, боорум,
Тизгиниң бир аз жый дедик, боорум.

Эсепсиз кырдың кайыпты, боорум,
Ээлиге чоюп жайытты, боорум.

Абайга албай жашын да, боорум,
Аяган жоксуң башын да, боорум.

Сур эчки атсаң беш жолу, боорум,
Турган ээ оңко үч жолу, боорум?

Жышаана ошол эскерүү боорум,
Кандын да каны чектелүү боорум.

Ченемсиз буйгат из жаман, боорум,
Чегинен ашкан иш жаман, боорум.

Чегинен аштың кой дешти, боорум,
Чылбырың тарта жый дешти, боорум.

Аялдап койбой убалга, боорум,
Алагды болдуң кумарга, боорум.

Айбандын сезбей убалын, боорум,
Аскадан аска чурадың, боорум.

Тайтуяк бутка тартпадың, боорум,
Тактеке болуп аттадың, боорум.

Күрткүлүү татаал жерден да, боорум,
Күйүккөн жоксуң өрдөн да, боорум.

Музга да жаттың муз болуп, боорум,
Ташка да жаттың таш болуп, боорум.

Муздун да суугу өткөн жок, боорум,
Ташты да этиң сезген жок, боорум.

Жаанда да калдың сыгылган, боорум,
Кышта да калдың чыңырган, боорум.

Туманда калдың көзү жок, боорум,
Туюкта калдың сөзү жок, боорум.

Мөндүр да сени сабады, боорум,
Тикен да этиң талады, боорум.

Бороонду жүрдүң оронуп, боорум,
Болжосуз шартта торолуп, боорум.

Ылбыта жанды кейиткен, боорум,
Ысыкта калдың эриткен, боорум.

Бороондо калсаң аскалуу, боорум,
Үңкүрлөр жаның сактады, боорум.

Алдырар күнү жаздырар, боорум,
Амалың кара таш кылар, боорум.

Кырсыктуу күндүн жолу көп, боорум,
Кетирбей чырмаар тору көп, боорум.

Кашкулак келип кеткен күн, боорум,
Кайгыга башың жеткен күн, боорум.

Жоргосун тартып атыңын, боорум,
Кой жайып чыктың акырын, боорум.

Жолуңдан шумдук көрүндү, боорум,
Жорутуп көпкө көңүлдү, боорум.

Керемет сага кез келди, боорум,
Жүрөгүң оозго кептелди, боорум.

Өзүңө-өзүң сыйбадың, боорум,
Өң, түшүңдү туйбадың, боорум.

Көзүңө өзүң таң болуп, боорум,
Көз албай турдуң маң болуп, боорум.

Туягы кара, сакалы ак, боорум,
Сакалы кара, туягы ак, боорум.

Сүбөөсүн улам кашынган, боорум,
Сур эчки көрдүң жакындан, боорум.

Сур эчки кетти жок болуп, боорум,
Зуу учкан күлүк ок болуп, боорум.

Калыптыр изи кумдагы, боорум,
Кайберен беле мындагы, боорум?

Беш жолу атсаң өлбөгөн, боорум,
Огуңа моюн бербеген, боорум.

Сур эчки ошол, түшүндүң, боорум,
Жылдызың чочуп түшүрдүң, боорум.

Элеңдей шашып карандың, боорум,
Эби жок ойго таландың, боорум.

Аңгыча улак маарады, боорум,
Жаңырык чуулдап жаалады, боорум.

Жаныңдан жакын угулду, боорум,
Жаңырык болуп кубулду, боорум.

Умтулуп алга кумарың, боорум,
Улактын үнүн уладың, боорум.

Какылдайт улак үн безеп, боорум,
Каргаша болду бул кезек, боорум.

Улактын үнү азгырды, боорум,
Уламдап өөдө шаштырды, боорум.

Караанын дагы көрбөдүң, боорум,
Капчыгай өөдө өрдөдүң, боорум.

Жылгага жылга ыкташып, боорум,
Жылгалар жатат жытташып, боорум.

Кырага кыра уланып, боорум,
Кыралар жатат чубалып, боорум.

Адырга адыр жамалып, боорум,
Адырлар жатат саналып, боорум.

Асканы аска атташып, боорум,
Аскалар жатат катташып, боорум.

Буйгаттан булак куюлуп, боорум,
Бурала чабат чубуруп, боорум.

Өзөнгө өзөн үндөшүп, боорум,
Өзүнчө жатат сүйлөшүп, боорум.

Карагай, кайың канатташ, боорум,
Качантан бери жамаатташ, боорум.

Ар кайсы жылга аты бар, боорум,
Ар түрдүү көркөм баты бар, боорум.

Барманын чачып кууланбай, боорум,
Бардыгы сага туугандай, боорум.

Жоо-Жүрөк жатат кебелбей, боорум,
"Улакпы, эмне?" дегендей, боорум.

Төө-Ашуу менен Тармал-Төр, боорум,
Борбодой аппак карган төр, боорум.

Кишиней суусу кирген жок, боорум,
Келериң минтип билген жок, боорум.

Кең-Суунун ичи кебелбей, боорум,
"Келсең кел, мейлиң" дегендей, боорум.

Жаңырык улап угушту, боорум,
Жайыңды байкап турушту, боорум.

"Көрүнбөс улак сенби?!" деп, боорум,
"Көралбай калчу менби?!" деп боорум.

Ээрчиткен окшоп дубалап, боорум,
Ээлигип алдың кубалап, боорум.

Адырдан адыр арттың ээ, боорум,
Адырды билбей бастың ээ, боорум.

Аскадан аска аттадың, боорум,
Акыры артка кайтпадың, боорум.

Артыңда кыйла жол калды, боорум,
Адырмак, ашуу, бел калды, боорум.

Кыйнала карап шартыңа, боорум,
Кылчайган жоксуң артыңа, боорум.

Кулагың шуулдап, шамалдан, боорум,
Куруша кеттиң амалдан, боорум.

Тызылдап бетиң сууктан, боорум,
Чыйрыгып боюң ууккан, боорум.

Апачык асман чыртыйды, боорум,
Арбайып булут тултуйду, боорум.

Бирине-бири катталып, боорум,
Бир балаа кылар баштанып, боорум.

Кары да септи сампарлап, боорум,
Каратпай көздү аркандап, боорум.

Кароого болбойт кайданды, боорум,
Калтырак басты айлаңды, боорум.

Улактын үнү алдаптыр, боорум,
Укмуштай жерге байлаптыр, боорум.

Карасаң астың жар экен, боорум,
Тозоктой сүрдүү жай экен, боорум.

Астыңан кыроо жылт этти, боорум,
Аптыгып жүрөк зырп этти, боорум.

Кылт этсең аяк тайыгандай, боорум,
Кыямат жайга салгандай, боорум.

Туюкта кептеш туюк бар, боорум,
Туюкта кыйла буюк бар, боорум.

Апсыйып турат туман да, боорум,
Аңдабас, таш боор убалга, боорум.

Кийилип турат туман да, боорум,
Кейибей турган убалга, боорум.

Аңдабай алыс кетипсиң, боорум,
Айласыз жайга жетипсиң, боорум.

Аскада кептеш кеп болот, боорум,
Абайлап чалыш эп болот, боорум.

Абайын бүгүн унуттуң, боорум,
Айлаңды шонтип куруттуң, боорум.

Аскада туман көрдөй ээ, боорум?
Аргасыз түгөт чердей ээ, боорум?

Каран түн түшө баштаптыр, боорум,
Карайлап туман каптаптыр, боорум.

Жөө туман жылып басыптыр, боорум,
Жолуңду бөгөп жатыптыр, боорум.

Сур эчки изи өчүптүр, боорум,
Зыркырап жүрөк чочуптур, боорум.

Улактын үнү тынбаптыр, боорум,
Асканын баары ыйлаптыр, боорум.

Аска да, тоо да чурулдап, боорум,
Ан сайын кулак дуулдап, боорум.

Зындандай жерге камалдың, боорум,
Сыз зоого барып жамалдың, боорум.

Борчуктун астын пайладың, боорум,
Бозодой болуп кайнадың, боорум.

Жаныңдан кетпей так эле боорум,
Какылдайт улак дагеле, боорум.

Бир улак үнү миң болуп боорум,
Миң түркүн каргыш тил болуп, боорум.

Жаныңды жеди жабылып, боорум,
Жаагыңа катуу чабылып, боорум.

Бооруңду эзди мыжыгып, боорум,
Болбоду коюш тыныгып, боорум.

Угулат кээде сөз болуп, боорум,
Уюйсуң тыңшап нер болуп, боорум.

Атыңдан атайт бир туруп, боорум,
Атайы сага унчугуп, боорум.

Сур эчки шонтип азгырды, боорум,
Шайыңа койбой шаштырды, боорум.

Суук төргө барып кептеди, боорум,
Төгүлгөн канды кектеди, боорум.

Сулаган кайып көп эле, боорум,
Жазасын тартыш эп эле, боорум.

Суук төрдүн жолу тар эле, боорум,
Зыр коймо жагы бар эле, боорум.

Ачыла түштү жан жагың, боорум,
Астыңы эми байкадың, боорум.

Астыңда жаңы кар экен, боорум,
Сур эчки изи бар экен, боорум.

Кар асты тайгак муз экен, боорум,
Кылычтай өткүр миз экен, боорум.

Караган жоксуң ага да, боорум,
Кылбады таасир сага да, боорум.

Кубалап изин бараттың, боорум,
Куюлма беттен адаштың, боорум.

Кең дүйнө сага тар болду, боорум,
Кептелген жериң жар болду боорум.

Апачык күнүң жабылды, боорум,
Азабың жолдон табылды, боорум.

Мылтыгың жондо октолуу, боорум,
Былк этсең даяр жок болду, боорум.

Аягың тушоо чидерде, боорум,
Айласыз турдуң биерде, боорум.

Колдоруң муздак кишенде, боорум,
Кордуктун сенде иши эмне, боорум?!

Кеңгиреп башың айланды, боорум,
Карайлап көзүң байланды, боорум.

Кайберен чалчуу жол кайда, боорум?
Кадырың билчүү эл кайда, боорум?

Кыйкырсаң үндөн кар көчөт, боорум,
Куюлма кызыл жар көчөт, боорум.

Жар көчсө кошо учарсың, боорум,
Жазмыштан кантип качарсың, боорум.

Санаалар келет сабалып, боорум,
Санаага башың таланып, боорум.

Элестер келет жабылып, боорум,
Элеске көзүң чабылып, боорум.

Беш балаң көзгө көрүнөт, боорум,
Беш жакка оюң бөлүнөт, боорум.

Туугандар көзгө көрүнөт, боорум,
Туттугуп санааң чөгүлөт, боорум.

Аялың Сайра элестеп, боорум,
Акыйган окшойт келет деп, боорум.

Көзүнүн жашын төккөнсүйт, боорум,
Көмүскө ойго чөккөнсүйт, боорум.

Мунара менен Элмира, боорум,
Таалимбек менен Зулфия, боорум.

Барылбек болуп дүрбөшүп, боорум,
Басынган окшойт сүйлөшүп, боорум.

"Аталап" солуп сөнгөнсүйт, боорум,
Арча оту мисал жангансыйт, боорум.

Аларды эске саласың боорум,
Айласын кантип табасың, боорум?

Учууга канат болсочу, боорум,
Зуу этип таштап койсочу, боорум.

Канатты кушка тараткан, боорум,
Адамга аяк жараткан, боорум.

Аягың жылбас болду го, боорум,
Ажалга кезек келди го, боорум.

Айланаң өзүң жүрчүү жер, боорум,
Айдыңдай эркин кирчүү жер, боорум.

Карагай-Булак ашкансың, боорум,
Кайкыдан кийик аткансың, боорум.

Жийделүү-Булак ашкансың, боорум,
Желкеден эчки аткансың, боорум.

Түшүңө кирип айттырган, боорум,
Чоң атаң жарак тапшырган, боорум.

Чоң атаң жолун уладың, боорум,
Чоң зоодон түздөй чурадың, боорум.

Кебелбей кеттиң пияда, боорум,
Кемериң калды кыяда, боорум.

Камы жок кеттиң пияда, боорум,
Калпагың калды кыяда, боорум.

Калпагың шамал айдады, боорум,
Каякка барып жайлады, боорум.

Калпагың чети тилинди, боорум,
Кабарың кантип билинди, боорум?..

Кемериң бели үзүлгөн, боорум,
Келет деп үйүң күтүнгөн, боорум.

Жол карап апаң акыйды, боорум,
Жоготуп эсин какыйды, боорум.

Камалып турган кезиңде, боорум,
Кыйлалар түштү эсиңе, боорум.

"Балдарым али жаш" дедиң, боорум,
Багынбас ойго иш дедиң, боорум.

"Аялым али жаш" дедиң, боорум,
"Айласыз болгон иш" дедиң, боорум.

Аялың кимге жамалат, боорум?
Алда бир кайып аманат, боорум.

Аңтарган атың ойдогу, боорум,
Агытуу арга болбоду, боорум.

Ооздугун чайнап, ооз канап, боорум,
Туягы менен жер сабап, боорум.

Оюн ким билсин атыңдын, боорум,
Окурана берди акырын, боорум.

Карады кеткен жагыңды, боорум,
Кабарың эңсеп сагынды, боорум.

Көзүнөн жашы буурчактап, боорум,
Көп эле күттү кылчактап, боорум.

Тиштигип тиши карышты, боорум,
Ачыгып жаны кайышты, боорум.

Ордунан бирок жылган жок боорум,
Орунсуз жорук кылган жок, боорум.

Келет деп күттү үмүттүү, боорум,
Кеталбай турду күйүттүү, боорум.

Келбедиң бирок күттүрүп, боорум,
Кесээртип алын кеттирип, боорум.

Жыгылды атың ал кетип, боорум,
Денеси муздап жан кетип, боорум.

Өлсө да өлдү күтүнүп, боорум,
Үмүтүн такыр бүтүрүп, боорум.

Койгонуң бойдон каңтарып, боорум,
Коктуда калды аркайып, боорум.

Күн өтсө дагы келбедиң, боорум,
Түн өтсө дагы келбедиң, боорум.

Айылды бүтүн дүрбөттүң, боорум,
Ар башка кепти сүйлөттүң, боорум.

Тоо жакты көздөй агылып, боорум,
Издешти элдер жабылып, боорум.

Ыйманбек иниң чапкылап, боорум,
Вертолет жүрдү тапкылап, боорум.

Вертолет келди, кечигип, боорум,
Бейпайлуу күнгө кезигип, боорум.

Алтынчач, Кымбат, Насыйпа, боорум,
Өмүрбек, Ыйман, Гүлнара, боорум.

Исланбек, Ырыс, Орозбек, боорум,
Ойлоппу мындай болот деп, боорум.

Бардыгы сага жатындаш, боорум,
Атадай сыйлап акылдаш, боорум.

Жылгадан жылга кыдырды, боорум,
Жигиңди таппай жыгылды, боорум.

Жалдырап тоону күзөдү, боорум,
Жандарын туман бүтөдү, боорум.

Айласын санаа бүлөдү, боорум,
Аскага калып түнөдү, боорум.

Буттарын шагыл тытты ээ, боорум,
Убайың жанга өттү ээ, боорум.

Ойлорун ойлор тепседи, боорум,
Үндөрү сага жетпеди, боорум.

Ар кимдер жүрдү таралып, боорум,
Ар жакка көздөр жамалып, боорум.

Бекилген жайың таппашты, боорум,
Беш күнү зарлап какшашты, боорум.

Сур эчки атчуу кезиң жок, боорум,
Сөөгүңдү тапты, өзүң жок, боорум.

Текелер атчуу кезиң жок, боорум,
Тарпыңды тапты, өзүң жок, боорум.

Айланып башың учупсуң, боорум,
Арсайган зоого түшүпсүң, боорум.

Кайберен эчки алдады, боорум,
Кайрылгыс жолуң тандады, боорум.

Тарады туман жарк этип, боорум,
Тоо башы муздар жалт этип, боорум.

Сур эчки көзгө чалынды, боорум,
Тынышбек изи табылды, боорум.

Жакындап барып турду да, боорум,
Бер жакка моюн бурду да, боорум.

Сур эчки кетти жок брлуп, боорум,
3уу эткен жалгыз ок болуп, боорум.

Айтпаса эчки өлүктү, боорум,
Жан адам аны көрүппү боорум?

Шагылга калган көмүлүп, боорум,
Бир жагы гана көрүнүп, боорум.

Күү этип күм-жам болуптур, боорум,
Күкүктөй өмүр солуптур, боорум.

Тынбаган аяк талыптыр, боорум,
Тамтыгы чыгып калыптыр, боорум.

Кийиктин шиши толуптур, боорум,
Кржожаш өңдүү болуптур, боорум.

Сен жүрчүү аска, бел калды, боорум,
Сыйлаган кыргыз эл калды, боорум.

Күпүлдөп өзөн суу калды боорум,
Күйүтү күчтүү чуу калды, боорум.

Ботодой боздоп балдарың, боорум,
Боортоктоп калды алганың, боорум.

Үч кемпир жерди чапчылап, боорум,
Үшкүрөт бетин аткылап, боорум.

Үчөө тең сага эне ээ боорум?
Убайга баткан эле ээ, боорум?

Жоктогон кайгы элдики, боорум,
Жоголгон өмүр сеники, боорум.

Кайнаган кайгы элдики, боорум,
Кайрылгыс өмүр сеники, боорум.

Ой-пикирлер