Кирүү

Көнүлүндө туракемди издейт кыргыз

Агылып мезги л дайра закымдарга,
Ала-Тоо ата өндөнүп аткан таңга.
Бири кем дүйнө чиркин толбой турат,
Бир келген Туракемдей асылдарга.
Каиыр ай ектем емүр неге өзгөчө,
Канаттуу ыр жараткан акындарга.
Керүнгөн жүз жылдарда сейрек жылдыз,
Көңүлдө Туракемди издейт Кыргыз.
Сары Өзөндүн а керсе биз "Саадисин",
Сактай албай аттиң ай калыптырбыз.
Өчпөйт бирок коломтоң Рух устатым,
Өлсөң сүйгөн артыңда урпак барбыз.
Жан дүйнөң наристедей тунук эле,
Жараткан берген менен балбан дене.
Куу чирен байлык тоитоп манчыркабай,
Кубанып эки сап ыр илхом келсе.
Өмүр шамын өйдөлөтүп алмак балким,
Өзгенү кой өзүм аман жүрсөм десе.
Баатырлар жоо чайкашта жеңилбеген,
Башка жол жок артында Ата-Мекен.
Айкөлдүгүң бол босо келдей тоодой,
Акындыгың шоона эшпес мактоо менен.
Тууган эл бар тулпарга тумар такчу,
Туу башында зал кардан Турар десем.
Жанар тооосу Лиранын көздөн учуп,
Жалпы окурман кусасын жашыралбай.
Жарыкчылык мыйзамы өчүп жаныи,
Жаркын өмүр казалда ырда калыи.
Кылым кечу кырды ашып бараткансыйт,
Кыргыз кумир Турарын эске салын.
Унутулар тебелдер хан сарайлар,
Улуу Мухит рух дастан улантылын.

Булак: Ырга айланган өмүр. Оролбай Бердигулов. 2009

Ой-пикирлер