Кирүү

Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан

Урааным сенсиң – Кыргызстан

Чокулары колун сунуп - Улуу Көккө,
Керилгенин карачы кыргыз жердин.
Кере таштап жашоого кадамдарын,
Темингенин карачы кыргыз элдин.
Урааным – Кыргызстан,
Турагым – Кыргызстан.
Теңирим энчилеген,
Тумарым – Кыргызстан!

Берекеси төгүлгөн берешеним,
Бейишимдин бешигисиң – Кыргызстан.
Нечендеген мыктылар сенден чыккан,
Максатымдын эшигисиң – Кыргызстан.
Береним – Кыргызстан,
Белегим – Кыргызстан.
Намысты бийик туткан,
Желегим – Кыргызстан!

Ынтымагы элимдин бекем болуп,
Доордон доорду баскының Кыргызстан.
Калың журтум койнуңда эсен болуп,
Кылымдарды ашкының Кыргызстан.
Урааным – Кыргызстан,
Турагым – Кыргызстан.
Теңирим энчилеген,
Тумарым – Кыргызстан!

30. 10. 2013 – жыл.
Бишкек шаары.

Ырымдын обону сен – Кыргызстан

Сайра комуз, добушуңду коштоп сайра,
Мен ырдайм кылымдарга – Кыргызымды.
Кайсы элден көрө алдың, айтчы досум?!..
Кыргызстан, таңкы Чолпон жылдызымды.
Ырымдын обону сен – Кыргызстан,
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

Мен бийлейм, бар сырыңды бийге кошом,
Толкундап, ар бир таңда обон созом.
-Кыргызстан! Мекеним, алтын уям!
Сен энемсиң! Сен атамсың! Мен бир ботоң!!!
Ырымдын обону сен – Кыргызстан,
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

Доор айланып... Доорлорго кеткен кыргыз...
Сайра комуз, күүгө салгын кыргызымды!
Уксун Аалам, дагы кайрып бир шаңшыгын,
Кылымдарды таңданткан Чынгызымды!
Ырымдын обону сен – Кыргызстан,
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

30. 10. 2013 – жыл.
Бишкек шаары.
Автор: Ч. Калыбекова

Ой-пикирлер