Кирүү

Мидин Алыбаев. Кыз жана гүл

Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,
Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.
Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,
Биле албадым гүлүн кимге арнаган?

Жыттап коет. Эки жагын каранат.
Жапжай басат аллеяны аралап.
Карындаштын колундагы кызыл гүл
Кимге буйруп, болсо керек аманат...

Кыз алдынан чыга келген бир жигит.
Токтой калды кызыкканын билдирип.
–Гүл жыттатчы–деди жигит шар айтты
Кыйын ишко, жаш кездеги жиндилик?!

–Койгун жигит, колтуктаба жанашпа!
Койгун жигит, колдон гүлдү талашпа!
Орой мүнөз одоно өскөн окшойсуң
Оозум барбайт сени теңтуш санашка!

Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,
"Өзү сонун, өңү сонун бул ким?" деп.
Шар айталбай көзүн тикти гүлүнө
Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.

Кыйгач басты кыз көңүлүн салбады.
Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.
"Бирөө орой, бирөө жеткен уяң" деп
Оолак басты оңдоп гүлүн кармады.

Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан.
Бирок гүллү сураган жок колунан.
Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:
–Албайм–деди–гүлүң эчак солуган...

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,
Кантип сенин кыялыңды табамын?
Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,
Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың...

Ой-пикирлер



2020-03-02
Самара
Бул ырдан мен жигит тандаган квзды тушундум