Кирүү

Асан Жакшылыков. Дүнүйө

Өрт чалган, кайгы чалган
күүдөгү арман жалган–
жарыктан көзү өтсө да,
жаштыгы элде калган.

Бейити көл жээгинде,
гүлдөбөй жаз келгенде,
жибибейт күн нуруна
термелбейт соккон желге...

Касиеттүү Кара Молдо
күүлөрүң чексиз жолдо
комузуң өзүң бардай
күүлөнбөй чоочун колдо...

Бул комуз өмүр беле–
муңканат мынча неге!
Арманын черткиси бар
сөөк жаткан бейитинде.

Комузга толгоо табар.
Эл күүсүн улап алар!
Таланттын баркы өлбөсө,
тулпардан туяк калаар.

Ынанып турсам деле,
өлбөстүк бар дегенге,
толкуну жетпейт көлдүн
серпилип бейитиңе.

Ой-пикирлер