Кирүү

Белек Солтоноевдин "Румкан" казалынан үзүндү

Туягы бүтүн тулпар жок,
Тумшугу бүтүн шумкар жок.
Жалдыратып айрыган
Өлүм сенден канкор жок.
Акырындап алдаган
Ажал сенден анткор жок.
Ажалдан сактап каларга
Ай-ааламда камкор жок.

Колумда алмаз болоттон
Кармап кадап орноткон,
Ок өтпөс кылып нылдаткан
Калканымдан айрылдым.
Илим менен таанышкан
Билим менен жанашкан
Акылга жетип даанышман
Дарканымдан айрылдым.
Арканы чылк жибектен
Эриши була ийриткен
Жоо бетине кийинткен
Олпогумдан айрылдым.
Сууган боюм жылыткан
Бүткөн боюм эриткен
Күн тийгендей сүйүнткөн
Чолпонумдан айрылдым.
Жагып койгон чырагым
Жагоосу күмүш тынарым
Саялаган чынарым
Түркөгүмдөн айрылдым.
Уа... Курган жан, курган жан,
Качан болсо ооруда
Ажал зарыл жолунда
Даярданып турган жан.
Уа... Курган жан, курган жан,
Карык болор кемедей
Сабагы жок мөмөдөй
Соло жаздап турган жан.
Уа... Курган жан, курган жан,
Чирик жипке байланып
Зоо башында айланып
Учаарын билбей турган жан.
Уа... Кайран жан, кайран жан,
Бир аягы көр асты
Бир аягы жер үстү
Калт-култ этип турган жан.

Тиричилик буу, мунарык
Карматпаган закымдап.
Адам канбас кумары
Жетемин деп такылдап.
Тилегине тиктеген.
Келе калсаң жакындап.
Кайгы-капа кесел-дарт
Кошо келет какылдап.
Алсыратып курутат
Жакадан алып алкымдап.
Самаганга жете албай
Өмүрүң өтөт шалкылдап.
Ажал күлүк баарыдан
Артынан калбайт такымдап.
Алдаган дүйнө ар кимди
Кылганыңды макул деп,
Акыры ажал талкалайт.
Тозоң кылган күкүмдөп,
Кедир өмүр, кер өмүр
Кетенчиктүү түгөнгүр.
Бүгүн, эртең жетем деп,
Өтүп кеткен жел өмүр.
Өлүм кежир, тил албас
Көздөгөнү кара жер.
Кара жерге тыгылган
Бизден мурун өткөндөр.
Өлүм улук өзгөчө.

Өкүмүндө асман, жер.
Өңгө жандан башкача
Адам кылат текебер.
Табалбастан арача
Бир күнү болот жер менен жер.
Жер болсо да айланган
Табиятка баш ийет.

Жарым болуп калган жан
Кайгы менен жеңилдим.
Капалыктан кайран баш
Куу жыгачка теңелдим.
Карылыкка келген жаш
Кыскартылып ченелдим.

Менин атым каңгы баш,
Өлбөй туруп көмүлдүм,
Заманы бар кайчылаш
Угар болсоң жөнүмдү
Жашы катар жан курдаш,
Жапалыкка чөмүлдүм.
Мурунку жок акыл-эс
Күйүп бүткөн көмүрмүн.

Ой-пикирлер



2021-11-08
Сапаргул
Маанисине анча деле түшүнө алган жокмун.Эмне учун баласынын атын Румкан койгонун билгим келет!
2021-11-16
Нуржигит
Бул чыгарма куйут учурунда жазылгандыгы учун ыраттуулугу жок жазылып калган.
2021-01-19
Кумушай
Журокту сыздаткан саптар жакшы жазылган
2020-10-27
Мээрим
Жакшы
2020-10-07
Айданек
Макал сонун жазышкан