Ж. Боконбаев - Периште
Периште
Түн жармында учту асманга периште,
Акырын гана таттуу ырын ырдады,
Ай-жылдыздар, топтолушкан булуттар
Касиеттин айткан ырын тыңдады.
Ал ырдады күнөөсүздүн жыргалын,
Сайран курган бейиштеги бактагы.
Түркүн-түркүн дүнүйөнү жараткан,
Амалы чоң бир кудайды мактады.
Кайгы менен муңга салып асманды,
Кучагына кысып жүрдү жаш жанды.
Созолонгон ырдын күүсүн уккандын
Үнсүз, сөзсүз жүрөгүнө так калды.
Далай жылы тирүүсүндө зарыккан,
Тилек тилеп көрүү үчүн курбалын.
Асмандагы таттуу күүнү угам деп
Жерип кеткен жердин кайгы ырларын.
- Мидин Алыбаев. Насирдин Байтемировго
- Барпы Алыкулов. Ак кымкаптан тон албайм
- Жусуп Баласагын. Дыйкандарга карата мамиле
- Күзгү жалбырактар
- Туулган жерим
Ой-пикирлер