Кирүү

Жусуп Баласагын. Дыйкандарга карата мамиле

Эми айтамын дыйкандар туурасында,
Эң керектүү адамдар, ишен буга.

Аралаш, мамиле түз-ушул кеңеш,
Сен болсоң кардың ток, кырсыксыз эч.

Алардан адам көрөт сый-ырахат,
Ичер суусун, жээр аш андан алат.

Тирүүлөрдү тойгузат ичкен тамак,
Колду кароо оозантар тирүүгө адат.

Сыйынан дыйкандардын четте эмессиң,
Эмгегинен алардын ичип, жейсиң.

Дос болгун алар менен-тазарасың,
Жетиштүү дайым болот алдыңда ашың.

Угуп ал кадыр-барктуу адам сөзүн,
Көп нерсени акылга түйгүн өзүң:

"Ак жол менен жүрөмүн деген киши,
Алкымын адал тутсун ошол өзү.

А эгер кылам деген такыба өзүн,
Барды кийип, болгонду танбай жесин.

Дегендер кедей болбой бай болоюн,
Бузбастан таза- тутсун ишин, оюн.

Жакшы аттуу болоюн өзүм десең,
Жаман ишке кошулбай жүргүнүң сен!"

Бузуктук бардык ишти булгап салат,
Бузуктарга оң баспоо болгон адат.

Бузуктар келген кутту кууйт тура,
Май куюп жамандыктын чырагына.

Жүзү жарык түз киши жакшы айткан,
Билим менен ишинин көзүн тапкан:

"Бузуктан оолактаган жакшы болот,
Бузуктар сени кошо булгап коет.
Бузуктардан дөөлөт-бак качып турат,
Келсе да, бир түнөөрлүк кетчү конок!"

Дыйканда колу ачыктык, жоомарт сапат,
Теңир берген кенендик бүткөн адат.

Кыбыр эткен жердеги тирүү жанга,
Элге- тамак, кушка- дан, баары анда.

Булар менен баарлаш, кошула жүр,
Ачык сүйлөп, ак дилден мамиле кыл.

Ой-пикирлер