Токтосун Самудинов. Жарма
Балдар менен жүргөмүн
Балык уулап өзөндөн.
Абамдарга кабылдым
Айры,чалгы көтөргөн.
Саратандын күнүндө
Чарчашыптыр байкасам.
Алар айтты: Жутуп ал
Жармабыздан, чаңкасаң.
Жерге салып башымды,
Чеке терим чыгардым.
Жарым үймөк чөп үйбөй,
Жарма ичкенден уялдым.
- Сулуулар деген канча бар
- Сүйүнбай Эралиев. Кузьменконун сүйгөнүнө жазган катынан
- Акыш менен сулайман
- Жеңижок (Өтө көкө уулу). Үй–бүлө
- Аман Токтогулов. Кондиционер
Ой-пикирлер