Кирүү

Акыш менен сулайман

Акыш менен Сулайман,
Айтканын уккан калыстын.
Кектешип жүргөн немедей
Далай жерге барыштың.
Жаз кезден берки сөздү айтып
Жакалашып калыштың.
Арачылык кылууга
Айлыңда эмес, алысмын.
Чыкканың ал дээр байге жок,
Чырдашпай энди табышкын!

Туура көрдүм келинди.
"Көрөйүн" деп келиптир
Токтогул деген жөнүмдү.
Айтышканда, Сулайман
Жеңе албайсың келинди.
Чекчеңдей бербе куру эле,
Чекилик сенде көрүндү.
Алды менен Акыштын
Айыбын айттың, туура эмес
"Чу" деген жерден адаштың,
Бул айтканың ыр эмес,
Аялды дайым сыйлай бил.
Сага айткан акыл, бир кеңеш
Байкап ырда, Сулайман
Басынып калчу неме эмес.
Алдыңдагы Акыштан
Акындыгың өйдө эмес.
Айтканын байкап олтурдум
Аялдан чыккан ырчы эле,

Акыш да, Чата кыздан кем эмес.

Жактырдым, келин өзүңдү
Жакшы экен, уктум сөзүңдү.
Жарыкка сөзүң чыгарбай
Күйөөбүң кылса кесирди.
Кулак салгын, Сулайман
Дайындады Током деп
Менден салам айтып кой
Акышты алган иниме.
Сайрай турган булбулду
Жайкалган бактын гүлүнө
Саргайтып камап жүрүптүр
Чүнчүбөйбү бул келин
Жаңжал кылса күнүгө?

Тоскоол болуп тоспосун,
Торгойдун ширин тилине.
Баарын айтып кетүүгө
Бара албай калдым үйүнө.
Айлыбыз алыс, келе албайм
Аралаш болуп жүрүүгө
Дайындап кетем, Акыш жан,
Сулайман ырчы иниме,
Барып айткын, Сулайман
Акыш менен күйөөбүн
Баш коштуруп үйүндө.
Кара жер бетин суу кылат,
Кары эрисе мөңгүнүн.
Жардамы болбойт эгинге
Жайында жааган мөндүрдүн.
Кашымдагы Сулайман
Каркырадай Акышка
Капталдашпай жөн жүргүлө!
"Токтогулдун сөзү деп,
Дайындап кетти өзү" деп,
Токмоктоп жүргөн күйөөбүн
Токтоолукка көндүргүн!

Ой-пикирлер