Кирүү

Жеңижок (Өтө көкө уулу). Үй–бүлө

Алганың жакшы болгон соң,
Кирсең үйүң ордодой,
Көңүлүңдү куш кылат,
Таза болот сымбаты,
Алганынын бир башы,
Айнектен артык талтаза,
Кармаган казан, тулгасы
Ачык болот кабагы
Барды, жокту байкатпайт,
Берекелүү берген тамагы.
Ал өңдөнгөн ургаачы,
Жаннатты болбой калабы?
Алганың жаман болгон соң,
Кирсең үйүң кепедей,
Тапканыңдын бардыгы,
Быркырап сынат көзөдөй.
Айыл десе кам урат,
Илекисин пар кылат.
Тарсылдатып элегин,
Башы-көзүн чаң кылат.
Уулуң жакшы болгон соң,
Кымбат баа жакут таш,
Кызыган базар коргондой.
Ар жыйында кеп урса,
Анын айткан сөзүнө,
Ар кандай пенде көнгөндөй,
Көңүлү ачык жаркырап,
Дабала жаркын мергендей.
Атасы менен энеси
Алладан жардык көргөндөй.
Уулуң жаман болгон соң,
Ачуусу тез арактай,
Ата безер ит болот,
Үйлөп койгон чаначтай.
Кишиге өзүн теңебейт,
Өзү үлкөн манаптай.
Уулум бар деп ойлонбо,
Мөмөсү жок дарактай.
Атадан артык туулган,
Андай перзент кай жактай.
Иниң жакшы болгон соң,
Кымбат баа жакут таш,
Кызыган шаар базардай.
Ар жерге барып кеп урса,
Айткан сөзү казалдай.
Жара сүйлөп жалындап,
Тараза жайы базаңдай.
Мындай иниң бар кезде,
Тартынбайсың ар кандай.
Жорго минип жылжытып,
Бейишке өзүң баргандай,
Жакшылыкты кудайым,
Башына өзү салгандай,
Жамааттын баарысы,
Жаркырап жайнап калгандай.
Жаркын тийип жаамыга
Жалгасын өзүн ар кандай.
Иниң жаман болгон соң,
Бак конбогон мазардай,
Кырмандан данын айырган,
Боолугу бош бакалдай.
Жан сактоосун кыла албайт,
Жамачылуу чапандай.
Иним бар деп ойлонбо,
Жата бер жалгыз жапандай.
Агаң жакшы болгон соң,
Аялак тиккен өргөөдөй,
Күндө кызык, күндө той,
Айлыңдан кетпейт топ жыйын.
Кандар курган ордодой.
Бактына болгон ага-ини,
Коёбу теги, колдобой.
Агаң жаман болгон соң,
Туурасы чыгат өгүздөй.
Тирүү эмес өлүктөй,
Ичинен маслаат кеп чыкпайт.

Муктажына жеткирбей,
Бергенин алат кемитпей.
Жакшы менен жаманды,
Жараткан тура эрикпей.
Үй-бүлөө жаман болгон соң,
Он сегиз болсо пайда жок.
Чуркураган көп иттей,
Жажалактап туш-туштан,
Талап кирет кемиктей.
Мындайлардын так өзүн
Дагы айтамын мен өзүм
Жараткан теңир эрикпей.

Ой-пикирлер