Кирүү

Акындардын Аксыдагы айтышы

ЖЕҢИЖОК:
Ташкенге барсаң бара бер,
Тайгандай чуркайт карагер.
Таалайыңа туш келди,
Тартынбай атың чаба бер?

КОРГОЛ:
Тайлагын коюп, Туратбек,
Тартайган төөнү мага бер?

ТОКТОГУЛ
Коконго барсаң бара бер,
Коёндой ыргыйт Карагер,
Кор кылбайт атың барында,
Коного байлап чаба бер!

КОРГОЛ
Колуң ачык Туратбек,
Коржойгон төөнү мага бер?

ЖЕҢИЖОК:
Букарга барсаң бара бер,
Буйдалбай чыгат Карагер.
Баш байгеси сечики,
Буюрганын ала бер?..

КОРГОЛ:
Булбулдар сайрап куру калсын,
Буйлалуу төөнү мага бер?

ТОКТОГУЛ
Алайга барсаң бара бер,
Арыштап чуркайт Карагер.
Айтылуу күлүк ат экен,
Ардактап багып ала бер?

КОРГОЛ:
Акындар ырдап албасын,
Атан төөнү мага бер?

ЖЕҢИЖОК:
Самаркан барсаң бара бер,
Сай күлүгүң чаба бер.
Саратанда курутпай,
Салкын жерде бага бер!

КОРГОЛ:
Сайрашып булар кур калсын,
Саксайган төөнү мага бер?

ТОКТОГУЛ:
Наманген барсаң бара бер,
Намыска чуркайт Карагер.
Нааразы болбойт Туратбек,
Нар жагын санап ала бер?

КОРГОЛ:
Намыстуулар албасын,
Нарбуураны мага бер?

ЖЕҢИЖОК:
Кашкарга барсаң бара бер,
Кадиксиз чуркайт Карагер.
Каалап берсе байгесин,
Калтырбастан ала бер?

КОРГОЛ:
Капа болбой Туратбек,
Каржайган төөнү мага бер?

ТОКТОГУЛ:
Маргалаң барсаң бара бер,
Маралдай чуркайт Карагер.
Маарага чыкса жаныбар,
Мааратпай коюн ала бер?

КОРГОЛ:
Мага бербесең Туратбек,
Мааратып алып кала бер!

ЖЕҢИЖОК
Куюндан бүткөн мал экен,
Куйрук, жалы төгүлгөн.
Канаттуу куштай зыпылдап,
Кайрыган жерден бөлүнгөн.

КОРГОЛ
Саяпкери жакшы экен,
Сактасын кудай өлүмдөн!

ТОКТОГУЛ:
Топ күлүктүн ичинен,
Тоо торудай көрүнгөн.
Топту жарып, байге алды,
Тоскоол-Ата көлүңдөн!

КОРГОЛ:
Толкуган элдин ичинде,
Тоссун кудай өлүмдөн!

ЖЕҢИЖОК:
Сай күлүктүн ичинен,
Сараладай көрунгөн.
Сактады деп намысты,
Саруу элим көбүргөн.

КОРГОЛ:
Сайрап мактап калдыңар,
Сактасын кудай өлүмдөн!

ТОКТОГУЛ:
Кайыңды, Шумкар, Кум-Белдин,
Капталын оттоп семирген.
Куп сууган кези экен,
Куландай болуп элирген.

КОРГОЛ:
Саяпкерлер көп чыгат,
Саруу, багыш элимден.

ЖЕҢИЖОК:
Өөдөгө салса ноюбас,
Өкүм күлүк сыягы.
Өзөнгө салса тайгылбас,
Өткүр экен туягы.

КОРГОЛ:
Өзгөчө мындай күлүктү,
Өзгөгө бирөө кыябы?

ТОКТОГУЛ:
Күнчүлүк жерге жеткирбес,
Күлүк экен чынында.
Куп келтирип ырдайлык,
Калсын деп аты кылымга!

КОРГОЛ:
Бизге байгесин берсе болгону,
Болсо дагы ырымга!

ЖЕҢИЖОК:
Аттын ээсин сурасаң:
Аксы болот турагы.
Үстүндөгү чабандес,
Ушул элдин чырагы.

КОРГОЛ:
Акылың бар, Туратбек,
Айласын кандай кылалы.
Алдыма жакын кел бери,
Акылдашып туралы.

ТОКТОГУЛ:
Жанымда турат чакчайып, ,
Жатындашы Нуралы.
Аркасында бар бекен,
Асырап баккан кунаны?

КОРГОЛ
Бар болгондо кунаны,
Буларың көңүл бурабы?

ЖЕҢИЖОК:
Өткөн жылы жайында,
Өзүм жүргөн айылда.
Ал кунанды мактаган,
Көздүү сынчы Шайылда.

ТОКТОГУЛ:
Аксылыктарга билгизбей
Албайсыңбы сатып тайында?

ЖЕҢИЖОК:
Сайрап турат жубарымбек,
Сага көрүп камылга.

КОРГОЛ:
Баарынан мурда жетесиң
Байгелүү болгон маалында.
Көрөгөндүк белгиси,
Көзүндүн турат агында!

КОРГОЛ:
Жеңижок менен Токтогул,
Жетпесе байге таарынба!

ТОКТОГУЛ:
Байгенин башын алам деп,
Бакылдап, балам, жулунба.
Уйку көрбөй таптаган,
Ушул төөнү сен алсаң,
Убал болор чынында!

КОРГОЛ::Эртеден бери кыйкырып,
Бекерге ырдап нетебиз.
Бербесе байге бербесин,
Токтогул жүргүн, кетебиз?

ЖЕҢИЖОК:
Ыгы жок сурап, пас болуп,
Ырчыларга бер десең,
Ыксыз болор мунун да.
Жаш кезиңден суранып,
Балам, жайсыз жерге урунба?!.

КОРГОЛ:
Короосун малга толтуруп,
Канча жолу байге алган,
Карагер чыккан мурун да.
Кыдыр даарыган Муратбек,
Кыйналбайт мындай чыгымга!..

ТОКТОГУЛ:
Айып көрбө, көпчүлүк,
Анча-мынча тамаша,
Акындардын ырында.
Каргадай болгон, Корголум,
Төөсү эмес, күлүктүн,
Төлөп берет кунун да!..

ЖЕҢИЖОК:
Такшалсын деп жүрөбүз,
Таланттуу өткүр баланы.
Жеңижок менен Токоңдой,
Жетилсе өсөт кадамы.

КОРГОЛ:
Эс тарткан кезден ээрчидим,
Эки бирдей аганы.
Кайда барсам бел болуп,
Кара тоодой карааны.
Алыска койсо марасын,
Аттардын чыкпайт жаманы.
Төөсүн берсе Туратбек,
Катыны туубай калабы?!.

ЖЕҢИЖОК
Аның ырас, Корголум,
Дүнүйөгө кызыгып,
Алкымдан кетчү болбогун.
Ач калат белең эл барда,
Алды, артыңды ойлогун.
Устаттык кылып кеп айттым,
Ушул жагын ойлогуң?!.

Ой-пикирлер