Кирүү

Абзий Кадыров. Кадыбай менен Адыбай

Кадыбай менен Адыбай
Коңшу жашап турушат,
Бир конфетти бөлөт жейт,
Бирок бат-бат урушат,

Ашкабак баш Адыбай,
Мадыбай, Чадыбай,
Ыйлактаган бүтүк көз
Деп сөгөт Кадыбай.

Адыбай карап турабы,
Кызара түшөт кулагы.
Эмне келсе оозуна
Айдатып калат бу дагы.

Ушинтип экөө "арбашат",
Аздан кийин "кармашат".
Бирин бири жамандап
Үйлөрүнө далбашат.

Эң чатаксың сен дешет,
Жолобоймун мен дешет.
Беш минутта кайрадан,
Ойнойбуз, ой, кел дешет.

Кыздардан коюп калысты,
Бир күнү экөө жарышты.
Алдыга келди Адыбай,
Аябай керип арышты.

Акактап жетип Кадыбай:
–Матанып калган белем,–дейт,
Кара шапкем болгондо
Караандатпайт элем,–дейт.

Кадыбайга калыстар:
–Айтканга жөн көн дешти.
Анык болсо озоруң,
Шапкеңди кийип кел дешти.

Тепейтип кара шапкесин,
Экинчи ирет жарышты
Жеткизбей келди Адыбай,
Жепжеңил шилтеп арышты.

Калп жөтөлүп Кадыбай,
–Мактанбагын мага,–дейт.
Желкем ооруп кетпесе,
Жеткизбейт элем сага–дейт.

Ушундай бул эки дос,
Урушат да табышат.
"Инженербиз" биз дешип,
Биригип канал чабышат.

Инженер болот экөө тең
Урушпай жөн жүрүшсө.
Тилин алып ар дайым,
Эне-атасын сүйүшсө.

Ой-пикирлер