Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Кесир инсан

Ооба, адамзат XX кылымда илим, билим жагынан мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрлдү. Илимий-техникалык революциянын жаңы секириктери бүт дүйнөнү таң калтырды. Космоско адам учту, учканда да топ-тобу менен учуп, көп айлар бою космосту, жерди изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мурда пайда болгон атом куралынан алда канча күчтүү куралдар жаралууда. Адам баласы эми акылга келбесе, ошол куралдар колдонула турган согуштук кырдаал түзүлсө, адамдар тып-тыйпыл кырылып, атүгүл жер планетасы өзүнүн огунан чыгып, метеорит сыяктуу күйүп кете турган абалга да келип жеттик.

Чернобыль авариясында айлана-чөйрөгө тараган нур оорусуна кабылтуучу уу заттардын жел, шамал менен ырааккы жерлерге чейин жетип, айлана-чөйрөнү (чөптү, сууну, абаны, бардык предметтерди, жандуу организмдерди) уулап, нур оорусуна чалдыктырып кыйнап өлтүрүшүн бүткүл адамзат өз көздөрү менен көрдү.

АЭСтен агытылган жырткыч окшоп,
Ал кезде сайран салып Атом жүрдү -

деп элестетти аны С. Эралиев, поэмасынын баш жагында. Анан акын Чернобыль атом электростанциясындагы авариянын ажал бүрккөн күчүн мындайча сүрөттөдү:

Мында тек төгүлбөйт кан. атылбайт ок,
Бетме-бет келип турган душман да жок.
Сен аны жерден күтсөң, көктө жүрөт,
Сен аны тыштан күтсөң, үйгө кирет.
Ал - өлүм, синип алган соккон желге.
Ал чөптө, сууда, ташта - бардык жерде.

Ырасында да, Чернобыль алааматы болгон кезде ал аварияны токтотуп, жарылган агрегатты кайра ондоп, мурдагы калыбына келтириш үчүн адамдардын, адистердин кара жанынан кечип, шумдуктай эрдик менен күрөш жүргүзгөндөрүн, ал жерде жашоочу элди бүт бойдон башка жакка көчүрүп, эч бир буюмга кол тийгизбей, үйдөн эч нерсени алдырбай, кой, эчки, уй, жылкы, иттерди турган жеринде өлтүрүп, көөмп, өрттөп, адамдарды, адегенде бүт чечиндирип, башка таэа кийим кийгизип, анан поездге түшүрүп алып кетип жатканын радиодон угуп, телевизордон көрүп, гезиттерден окуп жатканыбызды кантип унуталык...

С. Эралиевдин поэмасында авариянын кыйраткыч күчүн конкреттүүрөөк, тагыраак ачып, адамдар кандай күнгө дуушар болгонун даана элестетүүгө аракет кылган. Ушул максатта Чернобыль атом электростанциясынан качып жолдо келатканда лирикалык каармандын дуушар болгон абалын акын мындайча элестетет:

Күн аптап, келем суусап, каным катып,
Жанымда тең жарыша аккан дайра.
Кангыча жутсам деймин, кулап жатып,
А кокус ажал болсо?.., - Качам кайра.

Ар жагым, бер жагымда алча батпайт
Тизилип сабагында мөмөлөрү
Алар - уу. Аларды эми адам татпайт,
Ачык иш - жылда бышып жөн өлөрү.

Анан да гүлдөр батпайт - жашыл, кызыл,
Уккаксыйм: «Кел, кайрыла кет?» - дешкенин.
Же күлө карашканын, көзүн кысып,
А мага күнөө өндөнөт - беттешкеним.

Жададым... Кагылайын, о, тууган жер,
Мен эми сенден безип барам кайда?
Мейли эле жылдыздан жер табылса эгер,
Бирок жок... Барбы башка табар айла?

Чынында да космосто, жылдыздар дуйнөсүндө жердегидей жашоо бар экендиги жөнүндө азырынча илимий маалыматтар жок. Андай болгондон кийин жерден башка барып баш калкалар планета деген жок. А жер болсо, биз үчүн жалгыз... бирөө гана... Ал эми, Жер планетасында Чернобылдагыдай жашоого мүмкүн болбогон абал түзүлсө, анда адамдардын көргөн күнү не болмок? Бул суроого С. Эралиев поэмада эки-үч адамдын көргөн күнүн, турган турпатын, образын аз болсо да конкреттүү сүрөттөп көрсөтүү мекен жооп берген. Авария учурунда атомдук ууга чалдыккан оорулуу адамдар менен акын ооруканага кирип жолугушат. Биринчи палатада жаткан өрт өчүргүч Владимир Михайлов чынында илимдин адамы, атом электростанциясындагы аварияны токтотуунун жолун билген адис. Ал өзүнүн денесине сиңирилген алты жүз рентгендик нур бар экенин, эч качан айыгууга мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөт. Ошондой көп өлчөмдө ууланган Михайлов бир эсине келип, бир эсин жоготуп жөөлүп жатса да, энесин эстеп, аны бир көрүп калууну ойлоп, үйүнө кетүүгө уруксат сурайт. Башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүн курман кылып, аварияны токтотууга башын байлап кирген илимпоз адис Владимир Михайловдун образы көп адамдарды ойлонтот. Анткени, ал илимдин жетишкендигинин ушундай зыяны кимге керек деген маселени күн тартибине курч коюп отурат.

Экинчи палатадагы аппаратчы кызматында жүрүп ууланган Виктор Соколовдун абалы Михайловдукунан да оор. Сестра менен болгон маегинде ал аялы бар экенин, ал кош бойлуу болуп калганын эскертип, бирок баланын төрөлүшүнүн эртеңи күңүрт экенин ойлоп, кыжаалат болот. Сестра кетери менен турам деп көзү караңгылап керебетинен кулап, көпкө жатып, анан кайра эптеп туруп, жарыкты көргүсү келип, тамдын боорун кармалап терезеге жетип, сырттагы кең дүйнөгө, жаратылышка, кыймыл-тиричиликке көз чаптырып, кайра эси оой турган болгондо эптеп керебетине келип жыгылган Соколов, кирип келип ал сураган башкы врачка бир өтүнүч менен кайрылат.

Кечириниз, Сизден менин өтүнүчүм:
Мага дары беришпесин... айтсаныз?
Аны айыгып кетчүүлөргө беришсин.
А мен болсом...
Турасыз да сиз өзүңүз түшүнүп.

Кандай аянычтуу, кандай чечкиндүү өтүнүч! Атом менен эпсиз ууланган өмүрдөн биротоло үмүт үзүп, аз убакыт болсо да башкалар жөнүндө кам көргөн өтүнүч! Эмне деген эрдик?!

Ал эми үчүнчү палатага киргендер трагедиянын үстүнөн чыгат. Өрт өчүргүч Кузьменконун үзүлүп кеткенине он минутча гана болгондугу эскертилет. Кыйналып жаны чыга албай жатканда да Кузьменконун бир кын этип койбой көз жумганын айтып, сестра кыз таң калат. Столдо турган кагазды карашса, ал Куэьменконун сүйгөн кызына жазган каты экен. Турмуштун эч нерсесин көрө элек жапжаш жигит Кузьменконун ченемсиз эрдигин адамдарга от алып берип, өзү өлүм жазасына кабылган Прометейдин эрдигине салыштырат акын.

Чернобыль аймагындагы адамдардын баарын тен башка жакка көчүрүп жатканда Пелагея деген бир кемпир: «өлсөм өлөм, бирок барбайм эч кайда!» - деп, эч кимге таптырбай, жер кепенин бир коңулуна кирип жашынып жатып алат. Акыры издеп жүрүшүп кемпирди бир жумадан кийин араң табышат. Бирок кемпир «эч жакка кетпейм» - деп, такыр болбой койгон сон, аны зордоп көчүрмөкчү болушат. Ошондо айласы кеткен Пелагея макул экенин билдирет.

Берилбесин билип убак көп буга,
Боздоп ыйлап үйүн чыкты айланып.
Жетип барып, маңдайынан өптү да,
Агытты итин турган ары байланып.

Кайда көчөт? Жакын жерге? Алыска?
Кайра экинчи кайрылбасын түшүнөт.
Болбойт үйдөн буюм-тайым алышка
Короо-жайга жүгүндү да үч ирет.

Жөнөй берип... Үй-бүлөдөн өзү эле
Бир жыл ашкан, абышкадан айрылган.
Эки бирдей уулу - кара көзү эле,
Жоого аттанып, жок кайтара кайрылган.

Бир үйдө коколой жалгыз башы калган Пелагея үчүн өз үй, өлөң төшөгүнөн ажыроо баарынан кыйын азап эле. Өзгөчө өмүрүндө көп эч жакка чыкпай, өз айылында эле күн өткөргөн эски адамдар үчүн туулуп-өскөн, күн көрүп турган жеринен ажыроо эки жакта көп жүрүп башка жерлерге көнө түшкөн жаш адамдарга караганда он эсе, жүз эсе кыйын кыстоо болчу. Эгер мекенди сүйүү өз туулган жериңди сүйүүдөн башталса, анда ошол сезимге зордук кылып, боор этин менен бирге жуурулушкан жериңен ажыратып сыздатып жаткан күч кайсы? Мурда мындай күчтөр дайыма баскынчы душмандар болор эле. Азырчы? Азыр андай күч эч ок атпай, талкалап кыйратпай туруп эле өпкө-жүрөгүңө кол салган атом болуп жатпайбы. Мына ушул чындыкты так түшүнүүгө С. Эралиевдин бул поэмасынын көмөкчү болорун эстегенде чыгарманын күчтүү тарбиялык мааниси кашкайып көрүнө калары бышык. Адам баласы өз акылы менен тапкан илимий табылгасын өз турмушуна туура пайдалана алышы зарыл, эч убакта Чернобылдагыдай кайдыгерликке, жоопкерсиздикке жол бербей, согушуу деген түшүнүктү эстен чыгарып, атом, водород, ядролук, химиялык куралдарды биротоло жок кылып, жаратылышты аздектеп, бирин-бири урматташып, тынч жашоого үйрөнүшү керек. Поэмадагы негизги өзөктүк идея, башкы тыянак мына ушул. Поэманын аталышы да ушул ойго тыгыз байланышкан. Инсан өзүнө өзү кесир кылбашы керек. Өзүнө өзү сын көз менен карап, өзүн өзү ачып, өзүндөгү оң сапаттарды улантып, байытып, улам жаңы бийиктиктерге умтулуп, аракеттенип, ал эми терс сапаттарын көрө билип, алардан арыла билип, дайыма өзүн сергек алып жүрүп, магдыроого, манчыркоого, кайдыгерликке, адамгерчиликсиздикке жол бербей, барга көппөй, жокко чөкпөй жүрсө гана адам эч убакта өзүнө да, элге да кесирлүү иш жасабайт экен. Чернобыль трагедиясы - бул адамдардын өзүнө өзү жасаган эч качан кечирүүгө мүмкүн болбогон кесирлүү иши болуп калды. Поэманын «Кесир инсан» деген атынын биз байкаган жандырмагы ушундай.

Ой-пикирлер



2020-12-15
Нуриза
Ар бир инсан бул омурдо бир нерсе ден улгу алып жашайт бул чыгарма мен учун жашоонун дагы бир барагын а кандай эле болду бул чыгармада адамзаттын анык жузу кайгысы квбанычы чагылдырылыптыр бул чыгарманы окуганда жаратылыштын канчалык маанилуу экенин тушундум анткени чернобольдун суроттолушу буга эн негизги себептердин бири
2020-05-04
Гулдана
С. Эралиевдин "Кесир инсан " чыгармасы олуттуу идеяны которгон чыгарма
2020-01-15
Олмасхан
Жакшы жазылган экен дагыда ушундай акындар чыга берсин
2019-12-25
Жибек
Абдан жакшы
2019-12-25
Жалын
Кесир инсан ЭССЕ
2019-12-24
Амантур
Ваау
2019-12-23
Омурбек
Эссе
2019-12-22
Айданек
Дил баян
2019-12-22
Жакшы
Толук макала
2019-11-27
Өмүрбек кызы Гүлзар
Мыкты жазылган чыгарма