Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Ой багыты

О табият, ачып мага жүрөгүн
Биосфера тартибине үйрөткөн,
Таң сөгүлүп, түн этегин түргөнүн
Жылдыздардын тили менен сүйлөткөн!
Адамзатка, тоо-талаага ичүүгө,
Кулдук урам сенин улуу күчүңө,
Те байыртан тартып, мына бул күнгө.
Бар өмүрүм өттү сенин үлгүңдө.
Сага умтулган кумар күчү кандагы,
Канаат кылып, кана тыным алганы?
Азыр мына, асмандын да кыйрынан
Түбөлүккө мага насип буйруган.

Адам, жер, суу, ава–менин поэмам,
Жаа сындуу жиберилген мезгилге
Сабыры жок ойдон жулуп ой алам.
Эртеңкилер бүгүнкүгө үн кошуп
Келип турса күн соңунан күн жоошуп,
Ошол менин сыйкырдуу бой тумарым,
Анда өчпөгөн оту жанат кумардын.
Бирок мезгил каардуу да, катуу да,
Жанды апкелип жанга жакындатууга
Эмне керек? Жашоо сырын жашыруун
Ачкандарга келет бүгүн баш ургум.
Угуш үчүн келечектин кабарын,
Бул дүйнөнүн адалын да арамын
Бирдей жууган адилет деп, калыс деп,
Алгач чуркап аккан сууга барамын.
Кайдагы бир коболоңду сезгенсип,
Ал үн катпай, карайт мезгил кабагын...

Болсо дагы түн мээримдүү, түн куттуу,
Бир окуя кирет дайым түшүмө:
Күтпөс жерден куян алып турмушту,
Көккө чыгат... Аны жерге түшүрө
Албай жатып, кыйналганда ойгонуп,
Мен кылымга бербейм анча түшүнө.
Биз түшүндүк эмне менен бүтөрүн,
Табиятка адам эрки таңылса.
Ээлери чын дүйнө бетин бүт өлүм.
Эгер кылым акыл-эстен жаңылса...

Бул жөнүндө бүгүн менин поэмам,
Асман, жерди тагдыр бизге кой аман!
Кайталанчу муундардан муунга,
Даңазалуу эрдиктерден ой алам,
Күн кылкылдап келет анын туунда...
Алдас урчу, акырына биз күтпөй,
Эмес бул бир жан умтулган жөн кумар,
Эски дыңга жаңы айдалган күздүктөй,
Ырдын терең кыртышында өңгүм бар.

Ар кыл башка континентте турушкан
Адамдардын баары мага туушкан.
Бул туугандык бизге кокус келбеген,
Асман, жердин бирдигинен жугушкан.
Тараганбыз эки гана денеден,
Адам–Ата, анан Ева–Энеден...

Мезгил, турмуш–бүгүн менин поэмам,
Мен ал өчүн жолдо кетип баратып,
Соккон желден, жаткан таштан ой алам,
Кыймылдууну, кыймылсызды жаратып.
Ойлоп күрсөк, биз билгенден, билбеген
Канча дагы!
Менин эски доорумун
Жаңы дарты–АЭС, Чернобыль менен
Поэзиям болду сары оорулуу...

Бул турмуштун кыйма-чийме жолунда,
Көз ирмемде зып деп учуп өтчүнү,
Же былк этпей жатчуну бир орунда,
Мейли канча соксо мезгил өткүнү,
Өмүрлөрдү, даңазалуу жашаган,
Шайкеш келип ар кими өз дооруна,
Наадандарды тагдыр чала жасаган,
Адам жанын ыйлуу жана күлкүлүү,
Жер бетинде кубулушту миң түрлүү
Келет бүгүн ачып кайра карагым,

Аңтаргандай эски китеп барагын.
Бүткөндөрдү ач көздүктүн илимин
Келет кууп акыл-эске кийригим.
Жулуп атом коркунучу астынан
Ушул жерди жаны бирге биз менен,
Жонго салып кең арыштап баскым бар,
Бейпилдикке барчу жалгыз из менен.

Ой-пикирлер