Кирүү

"Семетей" эпосунан үзүндүлөр Семетейдин сары тазга жолугушу

Бээжиндеги Коңурбай,
Берен атаңды кайсап таштаган,
Ошондон кунун кууп ал!
Бу токой Бээин жери эмес,
Аяш атаң Алмамбет
Аңдып атып таштаган
Кожожаш кытай мен эмес.
Таласта кыргыз көчүңдү ал,
Тамтаңдаган жетим кул
Берендерин кайсаган
Бээжиндеги кытай журт,
Ошондон барып өчүңдү ал!
Өз тууганың кас болуп,
Өзүң мендей болуп кал.
Атаң Манас эр эле,
Ааламды бузган шер эле.
Көк жал атаң өлгөндө,
Көп зордукту Таласта
Энекең шордуу көргөндө.
Абыке, Көбөш жоо болуп,
Атаңдан калган дүнүйөң
Камчыга ченеп бөлгөндө,
Кыйналып тентип сен энең
Букарага качып келгенде,
Алдасам тирүү калат деп,
Кыркып ийип чыбыгын,
Калып берген ырымын
Дегенине көндү эле,
Ысмайылга берди эле.
Таласта кыргыз эл кандай?
Кан атаңды тааныбай,
Тентип жүргөн сен кандай?
Кашатка тиккен тал кандай?
Канзаданын баласы
Качып жүргөн жөн кандай?
Жетим, кул тентектик кылар жөн кандай?
Теги жетим угуп көр
Тегиз кыргыз эл кайда?
Буудан Манас уулу элең
Букарга тентип конупсуң,
Жашың он экиге келгенче,
Таятаң Темиркандай митаамдын
Дене кулу болупсуң.
Бу Букардын шаарына
Тели куш этин жедирген
Арсыз сендей бар бекен,
Энекеси долуну
Тентиген катын дедирген.
Толуп жаткан букарлык
Бу Букар саа жер болбойт,
Токсон жыл жүргүн дене кул,
Бул тажик саа эл болбойт.
Ал кыргыз сенин айлыңдыр,
Акун кан сенин кайныңдыр,
Айчүрөк сенин зайбыңдыр.
Атаң сенин башкадыр,
Кан Манас атаң төрө деп,
Качып жүргөн Каныкей
Карабет саа эне деп.
Шамал жокто темирген,
Сендей байкуш бар бекен?
Энесин эжем деп жүргөн?
Сендей байкуш бар бекен?
Укумунан тукумун
Укуй айтты Сары таз.
Олокойдун баарысын
Чукуй айтты Сары таз.
Өткөн менен кеткенди
Ойлой айтты Сары таз.
Ата менен баласын
Койбой айтты Сары таз.
Көмүрчү таздан кеп угуп,
Эли бөлөк деп угуп,
Талас мунун жери деп,
Кечикпестен кеп угуп,
Кыямат кеткен эр Манас
Атасы экен деп угуп.
Угуп алып сабылып,
Көзүнүн жашы он талаа
Сары тазга жалынып:
Кагылайын, Сары аба,
Билбестен чаап жибердим
Актулпар тартуу, мен тартуу,
Кагылайын, кан аба.

Ой-пикирлер