Жоомарт Бөкөнбаев. Кыргыздын ала - тоосу
Жайы-кышы кетпеген
Мөңгүсү бар Алатоо,
Асман менен тирешкен
Белгиси бар Алатоо.
Балдан ширин туп-тунук
Булагы бар Алатоо.
Тукабадай кулпунган
Тулаңы бар Алатоо.
Аскалардан ышкырган,
Улары бар Алатоо.
Ак пахтадай чубалган
Туманы бар Алатоо.
Ала барчын, курч текөөр
Бүркүтү бар Алатоо.
Таштан-ташка секирген
Түлкүсү бар Алатоо.
Арча, кайың, карагай
Четини бар Алатоо.
Асман тарап өстүргөн
Көкүлү бар Алатоо.
Алатоонун арасын
Айбандары жойлогон,
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Аралашып ойногон.
Чымчыктары сайраган,
Маралдары маараган,
Эчки, теке топтошуп
Ээн тоону жайлаган
Эмиресиң көргөндө
Эң тамаша айланаң.
Кекилиги, чилдери,
Кызыл-тазыл гүлдөрү,
Көңүлүңдү көтөрөт.
Куштун салган үндөрү.
Жаркыраган күмүштөй
Кары сонун Алатоо,
- Барпы Алыкулов. Өзү каар, тили заар кыз
- Анатай Өмүрканов. Сүйгөн жарга
- Темиркул Үмөталиев. Госпиталда
- Сагын Акматбекова. Күз ырлары
- Турар Кожомбердиев. Апа (поэма)
Ой-пикирлер
2021-02-28 Жумаида |
Мага жакты |