Кирүү

Манас. Чет-бээжин

Чет-бээжин
Тал-Чоку Аттанарда жоону беттеп
Түмөн кол "айгайлаган" жер дүңгүрөп.
Жок дабаа жазмышына тагдыр жазган,
Жоосунан колдун көбү кыргын тапкан.
Өлүшүп, белдүүлөрдөн калбай бири,
Өрттөнүп турган кези Айкөл тирүү.
Мунарык бүлбүлдөгөн Ала-Тоого
Муңайым тиктеп Айкөл батты ойго:
Ак мөңгү аскар тоонун торпусунда
Алманбет, Сыргак, Чубак туруп жанда:
"Алышаар жоонун жери тигине" деп,
Айтканын Алманбеттин турду эстеп.
Кыйышпай бирин-бири туруп көпкө,
Кыйлада бөлүнүшүп туу белесте,
Алманбет менен Сыргак чыгып жолго
Айкөл шер, Чубак экөө кайткан колго.
Арадан өтүп анан алты апта,
Айкөл Шер чочуп туруп таң алдында,
Жаңыртып өрөөн ичин кулак тунган,
Жер силкип дүбүрттөгөн добуш уккан.
Эмеле көргөн түшүн көз алдынан
Элестеп чубатууда кайра баштан
Алманбет, Чет-Бээжинде, Сыргак менен,
Аралап өз үйүндөй жүргөн экен.
Кыязы хан тукумдун дал өзүнөн,
Алманбет нээттешин тапкан белем
Көмүскө капка эшигин ачтырып кең,
Көйкашка буудандардын баарысын тең,
Айдатып Карткүрөңгө, күтүп жаткан,
Аскерге жеткиргин деп жолго салган.
Калышып Сыргак экөө жоо жеринде,
Кыргынды салган кези аскерине.
"Аттанаар кезиң келди, Айкөл Шер!" деп,
Алманбет колун булгап белги берет.
Аңгыча добушту угуп дүбүрттөгөн
Айкөл шер уйкусунан чочуп кеткен.
Дал келип көргөн түшү, Карткүрөңдүн
Дүбүртүн даана тааныйт Айкөл Шерим.
Ошондо уйкудагы Эр Чубакты
Ойготуп Айкөл минтип добуш салды:
— Жоо беттеп чыккандыгың чыгып эстен
Жатасың камырабай, Чубак Берен.
Эч кимди жаныма албай сенден бөлөк,
Эрлерден кабар-атар болобу деп,
Атайы өрдөшүндө Жол-Колоттун,
Алманбет, Сыргактардын жолун тостум.
Түш көрдүм аян-сырдуу таң алдында,
Тур, Чубак, чыкпай калдым аягына.
Түмөн кол келаткандай каптап кирип,
Түшүмдөн чочуттурду чыккан дүбүрт.
Кишенеп, жерди чапчып белги берген,
Колдогон Камбар-Ата — Карткүрөң бейм?!
Алманбет капилеттен каңгайларга,
Айгайды салган белем таап айла?
Түшүмдүн чыкпай калдым аягына,
Тигилер кабылбасын бир балээге.
Кайрылбай артта кошко, ушул жерден
Каңгайды көздөй кеттик, Чубак Берен! —
Таңдагы таттуу уйкудан талыкшыткан
Талмоорсуп көзүн ачат Чубак кыраан.
Чубакты таң калтырган мына шондо,
Чиркин ай! Калың жылкы күңгөй толо.
Айбанбоз, Көк Тулпарды коштой кармап,
Аттанмак болуп Айкөл күтүп турат.
Теңирдин мунусуна Чубак берен,
Там берип, кулдук уруп "Тобо" деген!
Айкөлгө шашып жетип, Айбанбозго
Атказмак болуп Чубак кол созгондо
Карткүрөң оюн туюп, андан озуп
Келиптир Айкөл Шерге жонун тосуп:
"Дүрбөлөң түшүп жаткан каңгайларга
Дүмөктү салгың келсе демек, анда,
Айбанбоз чабалыраак, жолдо калба,
Айкөл Шер, токум салып мингин мага!"
Журттан кут кетеринде, арман дүйнө,
Жаңылыш кетет тура үстү-үстүнө!
Айкөл Шер Карткүрөңдүн жосунунан,
Айткысы келген оюн жазбай туйган.
А бирок "алдыраарда — жаздыраар" деп,
Айкөл Шер жалын сылап сүйлөдү кеп:
— Колдогон Камбар-Ата, жаныбарым!
Көөнүңдө оюңдан кайт, мине албаймын!
Карткүрең, минип кетсем сени жоого,
Кабарды берерим жок артта колго.
Ал эми кайрылууга убакыт тар,
Аккула келгичекти Айбанбоз бар.
Андан да башка себеп, жаныбарым,
Алтымыш тилди билген Ажыйбайдын
Алдынан өтпөй туруп минип кетсем,
Абыдан шагы сынып калат го дейм?!
Таарынба, минбеди деп, Асыл Буудан!
Тезирээк артта колго кабар кылсаң! —
Айкөл Шер ыйык жалдан Карткүрөңдү
Акырын сылай тарап айткан сөзү
Буудандын жүрөгүнөн түнөк таппай,
Буулугуп кабыл алды, түк жактырбай.
Канатсыз калтырганын каңгайларды,
Капарга албай Айкөл шашылганы,
Көңүлүн Карткүрөңдүн сыздаттырып,
Калтырып, жылкыларды кетти качып.
Айкөлдүн кетиргени, ошол тапта
Аңдабай таарынычты калганында.
Жоо беттеп Чубак экөө даван ашып,
Жардамга Алманбетке кетет шашып.
Каңгайлар ошол кезде Чет-Бээжинде,
Карбалас түшүп турган учур эле.
Анткени жоокерлердин мине турган,
Аттарын, саяпкерлер таптап баккан,
Бекемдеп салдырышкан капка-чептен,
Белгисиз бирөө түндөп айдап кеткен.
Айдаган ким экенин, кайдан келген?
Ачыгын айтып берер жан жок билген.
Аңгырап ээн калып капка-чеби,
Айтылып бүтпөчүдөй болжол кеби.
Ажосу Чет-Бээжиндин Эсенкан-хан
Арганы издеп жалгыз Бурканынан,
Алайын аян-белги деген ойдо,
Аттанат жалгыз өзү Кара-Тоого.
Жүгүнүп тооп кылып Таш-Бурканга,
Жайланып олтурган соң кара ташка,
Кош колдун бириктирип алаканын,
Койгон соң маңдайына кош бармагын,
Бар дилин Таш-Бурканга бурат түздөп,
Бүт тулку, таштай катып, жооп күтөт.
Ободон жарык түшүп, шоола ичинен
Ошондо добуш чыгат мындай деген:
— Бир кезде бейкам жаткан кырк уруу элди
Бүлүнтүп чапканыңар эсиңдеби?
Жазыксыз селдей аккан кандын эми,
Жазасын тарта турган учур келди!
Кор тутса пенде нени — дал ошонун
Кез келет тарта турган азап шорун.
А демек, калың каңгай кылган зордук
Азапты тарткан элден көрөт кордук!
Ошол эл болорунда тукум курут,
Ободо Көк-Теңирге кулдук уруп,
Түз буруп нээттерин баары тилеп,
"Туу болчу журтка тутка Эрен бер!" деп
Түз бурган нээттери, тилектери
Теңирге жете турган учур келди.
Бишарат — түбөлүктүү бир ат менен,
Бичикке52, эки Шердин аты түшкөн.
Экөөнү — бир мезгилде, бир ирмемде
Эки эне терөштү эле эки жерде
Эсиңден чыгарбаган болсоң эгер,
Ээлеген алтын кенди эң кенжеңер,
Кыраан Шер төрөп берчү аял издеп,
"Кытайда кыз-келинден калбасын" деп,
Капканын каалгасын ачтырып кең,
Кароодон өткөргөнүн билерсиң дейм?
Эсиңе салганымды эмнеликтен,
Эмесе көңүлүң бур, айтып берем:
Ошондо Соорундуктун Алтынайы,
Ободо Айдай толуп турган чагы.
Тартынбай, Улуу ханга келип өзү,
Деги бир, эстен кетпес, айткан сөзү!
Далилдеп бекемдигин ошол сөзгө,
Ыргыта хан таажысын аткан эле.
Сүйүүнү эли-жерин, атасынан
Сиңирген жүрөгүнө бала чактан.
Намысын, муңун, зарын шордуу элдин,
Наристе сезим менен тең бөлгөнүн,
Тагдыры танбастыгын кош дүйнөдө,
Там берип, Эсенкан хан, түй эсиңе!
Алтынай төрөп берген кыраан шерди,
Асырай албадыңар, кытай эли!
Ажырап энесинен, куугунтук жеп,
Адашкан эли-журтун кеткен издеп.
Алманбет таап алып түгөйлөшүн,
Алганы баарыңардан келди өчүн.
Эгерде элиң сактап калам десең,
Эсенкан, эрегишпе аны менен!
Баарынан тамчы каның Бурулчанын,
Билгиниң Алманбетти жактырарын.
Бөрүкөз53 Алманбеттен өлгөн кезде,
Бурулча бар болгону жетиде эле.
Экөөнүн атасы сен, бирок анан,
Ал экөө төрөлүшкөн эки аялдан.
Каны бир, уясы жат агасынан,
Кордукту секелек кыз далай тарткан.
Аталаш Бөрүкөздүн өлгөнүнө,
Арийне, кайгырбасы чындык эле.
А бирок кандашпыз деп билгендиктен,
Алмамбет чын дилинен кейип минткен:
— Арман ай, тирүүлүктө табышпай тил,
Аргам жок, кылганымды арбагың бил! —
Өкүнүп ой жоруган Алманбетке,
Өктөм кыз тартынбастан келип тике,
Жети жаш секелектин тили менен,
Улуу күч, Алманбетке, мындай деген:
— Ушинтип тосконуна агаларың,
Уяттан билбей турам не кыларым.
Кошомат кылды дебе коркконунан,
Көңүлдө калыс кебим айтып турам.
Жазмыштын буйруганы, демек ага
Жарабас капалануу, жаным аба.
Атабыз кара жанын арачалап,
Хандыгын, катын-бала, калкын таштап,
Кан ичер Коңурбайдын тили менен,
Кары хан агасына качып кеткен.
Жел өпкө, алаңгазар Бөрүкөзү,
Жазасын Улуу Күчтүн тартты өзү.
Өкүнбө, жаным ага, өлтүрдүм деп,
Өздөрү өздөрүнө алды тилеп.
Ободон кут төгүлгөн жерге гана,
Орнотот хан ордосун чындыгында.
Агажан, кур ооз кетпей куттуу жерден,
Арнаган насибимден татсаң дегем?! —
Төп келбес акылына жаш курагы,
Талтөөндөй секелектин колундагы,
Аяктан өзүң иччү асыл шарап,
Алманбет ырыскыңды ичкен шыпкап!
Эсенкан, окуяны өткөн небак,
Эскерип эстедиңби бирден чубап?
Алманбет артыңардан Чоң Бээжинге,
Аз өтпөй силерден соң барган эле.
Ошондо Алманбетти көргөн Хэ-Ган,
Опосуз жазмышына арман кылган.
Жылдызы маңдайында жанган шердин,
Журтунун, билген Хэ-Ган, жат экенин!
Көп өтпөй ошондон соң купуя сыр
Көбүңө дайын болуп, башталды чыр.
Бир гана Улуу-Хандан бөлөгүңөр,
Бурутка, Кут ооганын билбедиңер!
Аттиң! деп, өлбөй качып кеткенине,
Айгапта54 болуп баарың жаткан кезде,
"Чымындай жанын сактап кала көр!" -деп
Чыркырап Улуу күчтөн зарлап тилеп,
Өмүрүн Алманбеттин тилеген жан,
Өзүңдүн кызың болчу, Эсенкан хан.
Каны бир боордошбуз деген сезим,
Кол жеткис махабатка жол бергенин
Түшүнүп, акыл өкчөп, бергидей баа,
Туюмду буйрубаган, тагдыр сага!
Эл-жериң, энең-атаң, жарың-балаң,
Эч качан артык койбой өз башыңдан,
Баардыгын, тепселөөнү бут астыңда,
Буйругу тагдырдын деп, берген сага,
Көксөгөн зор бийликти сендей жанга,
Көңүлдүн оту бийик болсун кайда!
А демек Бурулчанын махабатын,
Алиге ошол үчүн аңдабадың.
Сезимин ээлеп алган шерди күтүп,
Сөз айтып келгендердин баарын түртүп,
Кыярып баратса да кыз курагы,
Күйөөгө узатканды каалабашы,
Ачууңа тиймек түгүл жагып сага,
Ал буйрук — жардамчысы болдуң кайра.
Аңгырап ээн калып ат сарайың,
Андагы буудандардын билбей дайнын,
"Кандайча табышмагың Улуу күч?" деп,
Келүүңө, ушул жерге, болду себеп.
Ачкычын аңдадыңбы табышмактын?
Ал иши, тамчы каның Бурулчанын.
Жазалайм десең аны — жаңылганың,
Жооңо жол табууга пайдалангын.
Айкөлү кыргыздардын — жообуз деген,
Ал көрөр азап-бакыт — айкөлдүктөн.
Таш эмес, тосуп алсаң ашың менен,
Тартууга берер кызың турат белен.
Ошол Эр бийлик кылса элиңерге,
Ободон Кут төгүлүп турбайт беле!
А бирок дагы деле өзүңөрдөн,
Арага от жакчулар чыгат четтен.
Түбүнө айкөлдүгү жетип шондо,
Түшүрөт силер казган түпсүз орго
Ошондо Айкөл түшкөн ордон анан
Ойлобо калабыз деп силер аман!
Көк-Теңир дил-назарын бурган жандын,
Кусуру тим койбосун билгин баарың.
Суу нугун буруп кетип ээн калган,
Сайдагы ташка окшоп кагыраган,
Күйүттүн көрүнбөгөн жалынына,
Күйөр кез келет бир күн Тан тукумга.
Күйүттөн урууң тарткан чыкса түтүн,
Көмүлмөк караңгыга дүйнө бүтүн!
А бирок ошончолук оор жүктү,
Адамзат көтөргүдөй бердик күчтү.
Карыйет, келме кезек, Эсенкан-хан!
Кез жетти аткарылар ошол аян.
Керт башың, тукумуңа артта калган,
Кенедей пайда болбойт бул уруштан.
А бирок, калың кытай элиң үчүн,
Артыңа кайтып бачым кам көргүнүң!
Калкымдын кандай камын көрөмүн деп
Сурооңо көөдөнүңдү турган ээлеп,
Кеңешим, берер жообум хан Эсенкан,
Касыңды, достой тоскун, жоолашпастан!
Кырк кызды, теги таза, бек тукумдан,
Кыраан куш, чыгаан күлүк, алгыр тайган,
Түс-түркүн дүнүйө-мүлк жалтыраган
Тартууңду өз кызыңа баштаттырган,
Алдынан утурлатып тосуп алгын!
Артыңа кармалбастан кайткын бачым.
Кокустан сен барганча, Коңурбайдын
Кароолдо аярлары билип баарын,
Ортодо от жагылып калса дагы,
Обонун буйругу деп, токтот аны!
Калтырып эл-жериңди Айкөл Шерге,
Кабар кыл өзүң барып Чоң-Бээжинге.
Эгерде ошол бойдон касташпастан,
Эл болуп калсаңар не, аттиң арман!
А бирок, тагдыр нугун буруп кетер,
Азезил аткарды ишин түпкө жетер.
А демек, селдей агып адам каны,
Айныгыс, эки элдин кырылары.
Шондуктан, артың эмес, журтуң үчүн
Тез жетип душманыңа тизе бүккүң —
Төбөдөн төмөн түшкөн муздак шоола,
Төөнүттү үңкүр ичин караңгыга
Баятан таштай каткан абалынан,
Бошонуп бир аздан соң Эсенкан хан,
Маанисин талдап ойлоп бишараттын,
Мингенче шашты, турган нарыда атын.
Аёосуз камчы салып ошол тейде,
Ашыгып Чет-Бээжинге келгенинде,
Төп чыгып шоола берген бишараты,
Төгүлүп жаткан экен элдин каны..
Анткени, аярлары Коңурбайдын,
Аяндан билишиптир иштин жайын.
Шашылып, чагылгандай тездик менен,
Шум Калча жоокерлерин баштап келген.
Аттанган Жол-Колоттон Айкөл, Чубак,
Алар да ошол кезде келип калат.
Ал эми оруктагы Айкөл колу,
Ал кезде жаңы кабар алган болчу.
Карткүрөң, жылологон Камбар-Ата,
Канчалык Айкөл шерге таарынса да,
А бирок, таза кандуу дулдул буудан,
Аскерге оруктагы кабар кылган.
Алдына айдап келген каңгайлардын,
Арабөк таштап коюп жылкыларын,
Ошончо эл ичинен жаңылбастан,
Отого хан өргөөнү беттеп барган.
Акылдын ээси, Бакай ханды беттеп,
Азынап, жерди чапчып кабар берет.
Кишенеп, өзү келген жагын карап,
Карткүрөң тынчы кеткен добуш салат.
Бакай хан добушунан Карткүрөңдүн,
Баамдайт Чет-Бээжинде жайдын жөнүн.
Акылга өкчөп жайды таразалап,
Ал анан Кыргыл-чалга кеңеш салат:
— Карткүрөң мына минтип келген жерде,
Кармалбай мен жөнөчү турат нерсе.
Берендер туш болгону кандай күнгө
Белгилүү тилсиз тулпар Карткүрөңгө.
Жакшы жок, жаман айтпай, баамымда,
Жамандык түшкөн өңдүү баштарына.
Антпесе, Айбанбозду минген тейде,
Айкөл Шер жоону беттеп кетпейт эле.
Токтоосуз Аккуланы коштоп, демек,
Артынан Айкөлдөрдүн жөнөөм керек.
Ал эми сенин кылар ишиң мында,
Дүрбөтпөй жоокерлерди, тартип чыңда,
Берендер, Чет-Бээжиндин каңгайларын,
Багынтып, билдириптир, дегин дайнын.
Кат байлап Карткүрөңдүн көкүлүнө,
Кабарды жибериптир Алманбет де.
Капсалаң түшүшпөстөн курама кол,
Капарсыз беттеп жоону тартышсын жол.
Болбосо, курама кол арасынан,
Былгытчу чыгабы деп чочуп турам.
Ал эми жеңилиптир душман десек,
Аскерге чен-өлчөмсүз кубат берет.
Аларды кызыл кыргын согуш эмес,
Айкөлдөр тойлоп жатат деген элес,
Чөлдөгү азгырмалуу закымга окшоп,
Чабуулга жетелесин бейкам коштоп.
Капарсыз киргенде кол селдей каптап
Калдастап каңгайлардын мизи кайтат.
Калганын буйругуна Жараткандын
Калтырып "тобокел" деп аттанайын. —
Ушинтип Бакай абам кетип алга
Урушка кол аттанат бейгам гана.
Айкөлдөр Майдан Тоонун талаасында
Айгышкан чабуул коюп каңгайларга
Тең эмес болсо дагы сан жагынан,
Тепсетип жөө аскердин көбүн кырган.
Аларга Алоокенин Коңурбайы,
Алкынтып Алкарасын табындагы,
"Бурутум ажал издеп келиптир" деп
Буркандан турган кези жардам тилеп.
Алтымыш аярына, коштоп жүргөн,
Айкырып добуш салат бар үнүнөн:
— Колума Алманбетти саткын болгон,
Кимиңер тийгизсеңер тирүү бойдон,
Алдыма койбогула кандай талап,
Аткарам буйдалбастан ошол замат.
Алманбет куруп кетсин, буруттардын
Алалык тирүү бойдон аңкоо ханын!
Батасы карт Кошойдун тийип, тууган,
Баладан баатырдыгы аша турган,
Белинде бар экенин Кабылан шер,
Баарыңар менден жакшы билесиңер.
Туула турган болсо ошол бала,
Туулуш керек биздин жерде гана!
А демек бурут ханын, аярларым,
Колдонуп баардык түрүн айла-амалдын,
Тирүүлөй түшүрсөңөр колго эгер,
Уу жатын, катын даяр, тууп берер!
Өзөгү жаккан оттун залакасын
Өлчөөсүз, буруттарга тарттырамын.
А тиги тирүү колго түшөрүнө,
Абыдан турам бекип, ишенгиле!
Анткени кызырлуу Шер шашса керек,
Аккула эмес экен, аты бөлөк.
Алыс жол жеп коюптур, арыган ат
Айыгышкан чабышууда, болбойт канат.
Аяндуу аярларым, анда кана,
Айкөлүн буруттардын камагыла! —
Алдырып сезимине кубангандан,
Атына камчы чапты Коңурбай хан.
Камчынын уусу өткөн Алкарасы,
Калчаны Кара-Тоого ала качты.
Ээсине оозун бербей ызалуу ат,
Ээ бербей ээн тоону беттеп барат.
Шум Калча алдырбаса сезимине,
Шордошу Айкөл Шердин мүмкүн эле.
Анткени, алдындагы Айбонбозу,
Ал кезде алдан тайып калган болчу.
Ээлешип шиш чокусун Майдан Тоонун,
Эрендер төгүшүүдө канын жоонун.
А бирок, аздын иши аз экен да,
Алдары тайып барат, кетип арга.
"Аттигин, алаңгазар жаным ай!" деп
Айкөл Шер өзүн өзү турат тилдеп.
Калганын Карткүрөңдүн кыйыгына
Кайран Шер туйган чагы жаңы гана.
"Жөө калган каңгайларга болбостон тең,
Жазатты табабызбы ушул жерден?
Кантейин, текебердик кылдыңбы деп,
Карткүрөң кабар салбай койсо керек!
Болбосо кабар жетсе эмдигиче,
Бакай хан чыдап кантип жатмак эле!"
Алдырып сарсанаага, алы кеткен
Астында Айбанбоздон небак түшкөн.
Айкөл Шер жөө чабышып, нары жакта
Ага окшоп, алы кеткен Сыргактарга,
Берсин деп аз да болсо үнүм кубат,
Бел байлап "Берендер!" деп, добуш салат.
"Түгөйүм, мен көргөндү көрдүңбү сен?
Түмөн кол селдей каптап түштү белден.
Душманга сыр алдырбай түтсөк чыдап
Дүңгүрөп боордоштор келип калат!"
Жөн гана дем берүүгө айтылган кеп,
Жараткан, шул айтканым чын болсо деп,
Кудурет Көк Теңирге угулгандай,
Келиптир Аккуланы коштоп Бакай.
Жел менен тең жарышкан Аккуланын,
Дүбүртүн таанып Айкөл, карап артын.
Көзүнө көрүп турган ишене албай,
Көз жашын төгүп ыйлайт жаш баладай:
— Жараткан Алманбеттей сени деле,
Жаныма түгөй кылып берген эле.
Кырааным Алманбеттен тынбай санаа,
Калтырып кетип сени, тарттым жаза.
Акырет доспуз деген абам Бакай,
Аскердин оруктагы алы кандай?
Канчалык таарынбасын бирок анан
Карткүрөң болсо керек кабар салган!
Калышты курама кол кандай күндө,
Каңгайдын жылкылары болуптур не? —
Учугун суроолордун түгөнбөгөн,
Узартып чубайт беле Айкөл берен.
А бирок Аккуласы чапчып жерди,
"Абайла!" деген сымал белги берди.
Арыдан айыгышкан душман колу,
Айланта курчап келип калган болчу.
Көмөктөш болуп жери каңгайларга,
Куйкалап күн төбөдөн, кумдуу талаа,
Кызыган күчтүү отко казанга окшоп,
Куурдактай кууруп, шамал турат токтоп.
Суулары тууган жердин тиш какшаткан,
Салаалап тоо боорунан төмөн аккан,
Тамчысы, миң булактын мөлтүр кашка,
Табылбай көздөн учуп чаңкатууда
Көөкөрдө, семиз жылкы терисинен
Көркөмдөп Каныкейи тигип берген,
Тамчысы тамшандырган мөлтүр сууну,
Теңдешсиз Бакай досу сунуп турду.
Айкөлдүн суроосуна берген жообу
Акылман абасынын, ушул болчу
Суу — өмүр, ажал колу тарбаңдаган,
Сунулуп жакын келип тайды алдан.
Арчанын назик жыты ширидеги 55,
Айкөлгө аскар тоодой кубат берди
Элеси тууган жердин жакын келип,
Ээлеген сарсанаасын койду жеңип
Эскерүү ирмем убак элин-жерин,
Эрк-күчүн кайрап койду Айкөл Шердин.
Ушул күч ошончолук керек кезде
Ууртам суу менен келди Айкөл Шерге.
Айкөл Шер, жолун тосуп Алманбеттин,
Албастан таштап кеткен Бозкисесин
Койнуна катып келип Бакай аны,
Куруна Айкөлүнүн бектеп такты.
Айкөлдүн күчү келип калыбына,
Алкынган Аккулага аттанганда,
Бекиген кырк чилтендин дубасына,
Берендин баардык пири келди ага
Алдында Акжолборсу жоону беттеп,
Артында ажыдаары жалын бүркөт.
Капталда Кабылан Шер каарын төксө,
Үйлөшөт Урунмарлар уусун көктө.
Төбөдө Акшумкары керип канат,
Төгөрөк ызы-чууга төөнүп барат.
Кызырлуу Шердин Пири, кырк түстөгү,
Кыйратып келаткандай сүр бергени,
Жоготуп эс-акылын каңгайлардын
Жоо колу чачырады таппай дайнын.

Ой-пикирлер