Лирика
Лирика
Көбүгүн минип дениздин,
Көкүлүн сылап эгиздин.
Канча жанга карматпай,
Кап.лирика дегиздиң.
Түбүн издеп эгиздин,
Ойготуп сырын тегиздин.
Оолукканга опа жок,
Ах, лирика дегиздиң.
Акынга нак келип миң,
Ак эмгегиң эмиздиң.
Айнекти сүйчү аяшты,
Ах, лирика дегиздиң.
Баамчыл зергер акынга.
Балын тоонун жегиздиң.
Баладай жанын балкытып,
Бах, лирика дегиздиң.
Карасын тандап жемиштин,
Сабагынан жегиздиң.
Тандайым катып тамчыңды,
Тамшанып келет мен ичким.
Токуш Чолпонбаев
- Тоголок Молдо. Дыйкандын аялынын кошогу
- Ж. Боконбаев - Периште
- Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
- Аалы Токомбаев. Бир шилтемдер
- Сулуулар деген канча бар
Ой-пикирлер