Кирүү

Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн

Бүгүн да баягы күз. Баягы бак
Алмалуу, калыӊ шактап, байып алган.
Жөлөнүп жалгыз турам. Ичтен сызат
Алгачкы махабаттан калган арман.
Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн

Көк майдан, жашыл шибер, гүлүн ачкан,
Кучагында бөлөнүп табийгаттын.
Дегдеген көңүлүмдү алып учкан,
Карачы кудуретин махабаттын…

Өзүңө аруу сезим арнап келем,
Ырларымда ашыктык изи терең.
Кошпогон тагдырыма эмне себеп?
Кулпулап же сүйүүмдү койду белең?

Таңда-кечте көтөрүлүп көңүлүм,
Атың атап, "сен" деп согот жүрөгүм,
Бирге көрөөр махабаттын төрүнү,
Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн.

Ой-пикирлер