Кирүү

Аалы Токомбаев. Бир шилтемдер

Жардамга?!–
Ким болсо да колуңду сун!
Алактап айла кетип турган чакта.
Андан соң, андан ыйык эчтеме жок,
Биринчи милдет ушул адамзатка.

Мен каалап келбегемин.
Эрким жоктон–
Дүйнөгө ыйлап келгем, ыйлап кетем.
Келген соң кең дүйнөгө уктап кетпей
Өмүрдү өлгөнүмчө ырдап кетем.
Гагарин өзү баштап таппай койду
Дозок жок–
бейиши жер,
жыргап кетем.

Биздин жер чиркейлердин жумурткасы,
Ааламга кыял менен салыштырсак.
Бул аалам кайдан бүткөн?
Табылабы?
Акылды чагылгандай кагыштырсак!

Жер, суулар, өсүмдүктөр, макулуктар!
Мен дагы өзүңөрдөй табигатмын.
Баарыңар жандуу, жансыз тулкусуңар
Мен гана мээси болом, табигаттын.

Үмүтү үйдөн эмес, элден эле
Агыткан алда канча соргок алкын.
Параны, уурдаганын тана берсе,
Достору мактаар эле анын салтын.
Ал, анан кете берди күндөн түнгө,
Ээледи эки метр жердин чаркын.
Алганы "а дүйнөгө" табыт кепин,
Тил келсе сурайт эле анын наркын.
Кымбаттар сандыгында кала берди,
Жектелип желип жүрүп тапкан алтын.
Тапканы жердеи эмес, желден эле
Үйрөткөн ушундайча кулкун-алкын.

Ысыгым түшпөй койду, түшпөй койду,
Денемде өчпөй турган жалын барбы?
Башымчы?
Уютулган коргошун го!
О, кокуй!
Козгой турган алым барбы!
Солуймун ит чайнаган балапандай,
Узатам улам тийген кагындарды.
Калтылдап турган сайын жыгыламын,
Полунда чылап койгон самын барбы!
Билбедим, ажал өзү жадаган го,
Сүлдөрүм сөөк болуп, жаным калды.
Болбосо Ажал мендей сүйөт бекен,
Ак халат аруу жигит, ханумдарды.

–Арсыздын күчү кайда?
–Бакырыкта!
Күчүктөй ээрчий берет чакырыкка.
Андайлар албууттардын кол жоолугу,
Кааласа пайдаланат какырып да...
Экөөнүн бири данек, бири сабак,
Экөөнүн бири жыртык, бири жамак.

–Күчсүздүн күчү кдйда?
–Жөлөгүндө.
Күбүрөйт жөлөгүнө күндө, түндө.
Жөлөксүз чегирткедей ыргый берет
Ал бүгүн киши сөрөй,
эртең бүргө!

Кыял–укмуш телескоп,
Көз жетпеген алыстыкты көрсөтөт.
Үмүт–ач көз, тойгон эмес,
Көрбөгөндү, татпаганды көксөтөт.

Кулун эмес, Шыргыйты,
Көк жашыл тоонун салаасы.
Шиберин жиреп ойноктойт,
Эликтин эрке баласы...
Эч кимге кыйбас Мекендин
Мөл булак, жыпар абасы.
Уурданып келип суу ичкен,
Эликтин чыйрын карачы!
Кайберен менен адамга,
Ким болсун эми арачы!!

Оюмда ойлоп коём:
"Тапсам амал...
Болсочу өткөн өмүр–кайтчу шамал".
"Элүүгө эптеп чыксак" дешер элек,
Эми канчадабыз?
Айтчы, Жамал?
Мүлжүгөн кабыргадай кайран, Тыным,
Сен уксаң, мен айтайын сөздүн чынын.
Шелбүрөйт таягыңа кийгизгенсип,
Бутуңду бураңдатып кийгей шымың.
Салмакты, саламатты сактабасаң,
Көтөрүп учуп кетет кашка чымын.
Катар өскөн кайыңдай,
Жашаганбыз жанаша.
Орток болуп келатат,
Кайгы, күлкү, тамаша,
Эсеп эстен чыгыптыр,
Нээтибизге жараша.
Калтылдабай кайыктай,
Калпып алып келатат,
Мезгил деген тараза.

Аштын да тойдун жарчысы,
Алдамчы колдун камчысы.
Жыртылып калган үзүктөн,
Токтобой тамган тамчысы.
Ал–эселек деген киши го,
Эшектик анын иши го.

"Улугуң сокур болсо, дүлөй болсо–
Укпай кал,
Бир көзүңдү кысып сүйлө?!"
Болбосо боконоңду болкулдатып,
Тор жаят саятчысы сиздин үйгө.
"Салыгы" саятчынын табышмактуу...
Ошондой жаратылган "кыйшык дүйнө!"
Деп коюп, сөзүн бүтүп Нурак кары,
Үшкүрүп күлөр эле биздин үйдө...

Ой-пикирлер